Кыргыздын чыгаан төкмө акыны, ойчул, комузчу жана композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык-Жийде айылында туулган.
Бала кезинен ыр-күүгө шыгы бар экени байкалып, 13 жашынан тарта ырлары айылга тарай баштаган. Айтууга караганда атасы Сатылган, апасы Бурма да жандуу сөз өнөрүнө ышкылуу болушкан экен.
Акындын белгилүү күүлөрү болуп "Ботой", "Кыз кербез", "Чоң кербез", "Мырза кербез", "Миң кыял" ж.б.
Токтогул Сатылгановдун чыгармалары чыныгы турмуштан алынып, карапайым калктын жашоосун таасын сүрөттөп, таалим-тарбиялык мааниси зор. Буга анын төмөндөгү ыр саптары мисал боло алат.
Кайраттуу болор жигиттин
Оту болот көзүндө.
Айткан кебин орундап,
Туругу болот сөзүндө.
***
Көптүк кылба жалгызга,
Көп тийбегин байкушка.
Чоңдук кылба жалгызга,
Чоң сүйлөбө байкушка.
***
Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.
Кызыл оңбос болсочу,
Кыз бурулбас болсочу,
Көгөргөнү чын болсо,
Гүлдөр соолбос болсочу.
***
Жаш кезиңде жаркылдап,
Эмгегиңден талбагын.
Карыганда калп айтып,
Көрүнгөн жерге барбагын.
Баркың кетип карганда,
Шүмшүк болуп калбагын.
***
Канды кудай ураарда,
Калкына жаман кас болот.
Байды кудай ураарда,
Дөөлөтүнө мас болот.
Кышты кудай ураарда,
Күн жылымдап, жаз болот.
Эрди кудай ураарда,
Элүүсүндө жаш болот.
***
Түрүнүп иштеп эр жигит,
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең, аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап
Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!
***
Келериңде, дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.
Ала кар жаткан бийиксиң.
Кетериңде, дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.
Келериңде, дүнүйө.