Жаш кезинен диний мектептен сабаты жоюлуп, ырларын кагаз бетине түшүргөн. 1910-жылы өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл кыдырып, аш-тойлордо ырдаган эмес. Молдо Кылыч 1917-жылы дүйнө салат.
***
Дөөлөтү бар адамдар
Дөбөдөгү чатырдай.
Кайырлуу болсо журтуна
Кала салган чарбактай
***
Абайласаң, жигиттер,
Ата-энең Меккедей.
Куштап жакшы бага көр
Колуңдагы кеседей.
Сыйлашпаган бир тууган
Он да болсо, жекедей.
***
Бу дүйнөнүн белгиси,
Ай менен Күн жылдызы.
Жети асман, кара Жер,
Жаркыраган күндүзү.
Адам ата, Оводон,
Ошондон карай белгиси.
Өлүп келет канчалык,
Нечен түмөн миң киши.
Пайгамбарлар баары өлдү,
Нечен азиз пенделер
Бул дүйнөдөн жөнөлдү.
Тобо кылсаң өткөрөр
Тоодой болгон күнөөңдү
***
Азаматтын жакшысы
Жүк көтөргөн атандай.
Жүзү жарык эр болсо,
Кайнап турган казандай.
***
Молдо болсоң көңүлүн,
Оорутпагын адамдын.
Динге залал келтирбе,
Текебердүү жаманды.
Карап жакшы окугун,
Калет кылбай куранды.
Чакырбас жерге барбагын,
Сооп иштен калбагын.
Доорон болсо талашып,
Адиясын билбей албагын.
Минтпей турган болсоң соң,
Башыңа селде салбагын.
Баарысын бирдей кор кылып,
Колуңа теспе албагын.
Селденин билсең маанисин,
Пайгамдардын таажысы.
Жакшылап тутсаң башыңа,
Ыйманыңдын дарысы.