БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Голос" долбоорунун финалында атаандаштарын артка калтырып, жеңүүчү аталды.
Шарт боюнча финалга чыккандар насаатчылары менен бирден ыр ырдап, андан соң өзүнчө бирден чыгарма тартуулашты. Өнөрпоздордун мыктысын Россиянын жашоочулары добуш берүү менен аныктап жатышты.
Сахнага биринчи болуп Сардор Милано менен Полина Гагарина чыгып, россиялык ырчынын “Навек” аттуу ырын аткарып беришти.
Андан кийин эл алдына чыккан Примбердиев бу жолу насаатчысы Дима Билан менен анын “Trouble” аттуу ырын аткарып берди. Чыгарма “Грэмми” сыйлыгынын үч жолку ээси Шейфер Чимер Смитке таандык.
Кыргызстандык ырчынын артынан Григорий Лепс менен Александр Панайотов чыгып, “Я слушал дождь” ырын ырдашты. Андан кийин Леонид Агутин менен Дарья Антонюк насаатчынын калеминен чыккан “Твой голос” ырын ырдап өнөрүн тартуулашты.
Экинчи айлампада Кайрат Примбердиев Александра Пахмутова менен Николай Добронравовго таандык ”Как молоды мы были” чыгармасын аткарды.
Соло сынагынан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сардор Милано конкурстан четтетилип, Примбердиев эки атаандашы менен кийиинки этапка өттү. Андан соң акырында калган үч ырчы бирден ыр аткарып беришти. Үчүнчү бөлүктө Примбердиев “Unchain My Heart” ырын аткарып, тилекке каршы, сынактан четтеп калды.
Натыйжада Леонид Агутиндин командасындагы Дарья Антонюк биринчи орунду ээлеп, бир миллион сом менен сыйланды. Ал эми экинчиге Лепстин командасындагы Александр Панайотов чыкты.
Кыргызстандык ырчы сентябрь айынан бери Биринчи каналдын "Голос" аттуу музыкалык долбоорго катышууда. 24-декабрда ал Дженнифер Хадсондун версиясындагы белгилүү "And I am telling you" ырын аткарып финалга өткөн.