17:37 18 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1047)
67810

Колумнист Нуржигит Кадырбеков азыркы кырдаал баркы билинбеген бакыт-таалайдын кадырын сездиртип турган учур экенине токтолду.

Пандемия биз үчүн бир жагынан оор сыноо болсо, бир жагынан жөн-жайда таназар албас бактыбызды жана байлыгыбызды түшүндүргөн даанышман мугалим болду.

Баркы билинбеген бакыт-таалай

Адам менен кол алышып же кучакташып көрүшүүнүн өзү чексиз береке экенин түшүнгөнсүдүк. Азыр эми бөлөк-бөтөндөр мындай турсун, жандай көргөн жакындарыңдан боюңду жаа бою ала качып, жолукса буйтап өтчү заман болуп турат. Анткени аты жаман илдеттин жайылышына ким себеп болорун эч ким билбейт. Ар бир адам шектүү, ар бир адам коркунуч булагы.

Өзүбүз төрөлгөн, чоңойгон, сүйгөн калаабызда же айылыбызда жалаң жырткычтар менен жапайы жандыктар мекендеген чытырман токойдо адашып, коркконунан эки жакты элеңдей караган карыптай алаңдап, көңүлдөр уйгу-туйгу. Аалам гүлистан болсо да, жүрөгүңдү кандайдыр кысылуу, кооптонуу эзгилеп турса, кайдагы бакыт, кайдагы кубаныч, кайдагы эргүү? Тапканың көзгө көрүнбөй, татканыңдын даамы сезилбей, ичиңден кыжалатчылык кемирет. Ташынган дүнүйөң, ашынган бийлигиң болбосо да күнүмдүк оокатыңа шүгүр айтып, тек гана жан дүйнөңдө санаа жок жашаган кандай зор бакыт экенин эми аңдадык окшойт.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Үйүбүзгө коноктун келип турганы да чексиз таалай экен. Азыр оорунун тарашынан кооптонуп башкалар баш бакпай калган канча үйлөр берекеси качып, суз тарта сурданган мазарды элестетип калды. Көрсө, үй да адам менен үй экен. "Бут менен кошо кут кирет" деп кыргыз бекер айтпаптыр.

Атаң айтпас, энең эскертпес тарбия

Аяштар, классташтар, курсташтар, кесиптештер ж.б. менен өбүшүп учурашпаса деле болорун үйрөттү бул акыбал. Кийинки мезгилде элибизде аял-эркектин бири-бирин өөп саламдашуусу кадыресе көрүнүштөй жайылып бараткан. Жакынсып өбүшүү адепке сыйбайт десең, акыл үйрөтпөй ары турчулап аңырая карагандардын канчасы азыркы күндө өз неберелерин же кыздарын беттен сүйүүдөн айбыгып отурушат. Ар бир элдин өз салты, маданияты жана адеби бар. Кыргызда беттен өбүү бул ата-эне баштаган жакын туугандарга жана Кудай кошкон өмүрлүк жарга гана уруксат берилген өзгөчө укук болуп келген. Ошол үчүн кыргыз акындары "Апаңдан башка өппөгөн, анда сен он беш жашта элең" деген сыяктуу ыр саптарын кошушкан. Каныкей энени өбүү анын жакын аяштары Алмамбет, Чубак, Сыргак баатырлардын үч уктаса түшүнө кирбеген. Анткени Каныкей энебиздин ыйбаа-ыйманы жана Манас атабыздын ар-намысы, ошол эле мезгилде баатыр аталарыбыздын такыбалыгы жана уяты мындайга эч качан жол бермек эмес. Ошондой асыл адат-баалуулуктарыбызды батыштын сериалдары менен Голливуд фильмдеринен үйрөнгөн табиятыбызга жат кылыктарга көөлөп, ашмалтайын чыгарып баратканда пандемия бизге атаң айтпас, энең эстетпес акылды үйрөттү.

Пандемия бизге тарыхтагы кыйын-кезеңдерде бабаларыбыз баштан кечирген ачуу сезимдердин даамын таттырды. Элестетсеңиз, али канчага созулуп, качан бүтөрү белгисиз Улуу Ата Мекендик согуштан күн сайын шойкомдуу кабар күтүп, жүрөк-жүлүнү жыйрылып, сар-санаада отурган апалардын жана кары-картаңдардын абалын. Биз да ошентип, эртең менен ойгонуп эле канча адам ылаңга кабылып, канчасы ошондон кайтыш болгонун билгени интернетке үңүлүүдөбүз. Жакындарыбызды, айтылуу адамдарыбызды жоготкондо колуна кара кагаз тийип, кан какшаган шордуулардын армандуу акыбалын аңдап жатабыз. Жаман кабар болбогой эле, көзгө тикендей сайылган суук көрсөткүчтөр кескин азайса экен деп жүрөк безилдейт.

Адамдан эс алган табият. Карантин кыялды чындыкка айландырганда

Пандемия себеп болуп чыныгы баатырларыбызды таптык жана тааныдык. Жай күндөрү кыйкым таап, сындап турчу дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларыбыздын, аскерлерибиздин жана журналисттерибиздин эрдигин билип, кадырын түшүндүк. Кол куушуруп, тагдырга наалып коюп жата бербестен, белди бекем бууп, башына каран түн түшкөн Мекенибизге жан аябай кызмат кылган ыктыярчылык дух жанданды. Кайрымдуулуктардын саны өстү. Жарандар жок эле дегенде өз айылындагы эзели каралбай жүдөө абалга келген бейтапканалар менен медпункттарды оңдоп-түзөп, керектүү жабдыктарды алып берүү үчүн уюшуп каражат топтой баштады.

Эмки маанилүү кадам

Эми ушул апааттан мүмкүн болушунча аз жоготуу менен чыгуубуз керек. Кантип? Элди дары жана дарыланчу жай менен камсыздап, дарыгерлерге мыкты шарттарды түзүп, алардын маяналарын эселеп төлөп, жаңы ооруканаларды тургузуп, керектүү жабдыктарды алып келип, ыктыярчыларды уюштуруп, зарыл болсо кээ бир аймактарга карантиндик тартип киргизип, элдин баарына бет кап кийгизип, аламан иш-чараларга жол бербей көйгөйдү чечүү аракеттери ансыз деле болуп жатат. Бирок булардан да зарылыраак, мыкты түшүмүн берчү бир усул, ыкма бар. Ал — жарык маанайда болуу.

Албетте, азыркыдай ылаң ырбап, жаман кабар тумандай тумчуктуруп турган күндөрү шаттанып жүрүү кыйын. Бирок ошого умтулуубуз керек. Анткени азыркы күндө аты жаман вируска чалдыккандар отуз миңден ашыгыраак болсо, анын кайгысына ууланып, кыжалатчылык менен ооругандар алты миллионго чукул. Акыл токтото элек бөбөктөрдөн башка ар бир жан ушул санаага уугуп, кабатыр, капа.

Жаман маанай да — чыныгы дарт. Анткени ал жаңы ооруларга астана-эшик ачып, андан башка ичте бугуп, тынч жаткан миңдеген дарттарды козгойт. Эгерде көп маселени көңүлгө албай, шатыра-шатман жүргөнүбүздө, иммунитет баралына келип, анча-мынча вирустарды капка салып сабаган кургак жүгөрүдөй таш-талканын чыгармак. Кыжалатчылык деген ошол денени зыяндан коргоочу табигый иммунитетти чүнчүтүп, мокотуп, ар кандай ооруларга ыңгайлуу бута кылып берип жатат. Ошондуктан төмөндөгү шарттарды аткарып, көңүл көтөрүүнүн аракетин кылалы.

Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы

1. Күндү күлүп баштайлы. Эртең менен көздү ачып эле интернеттен жаңылыктарды издеп, соцтармактагы пикирлерди окуп кирбеңиз. Антсеңиз, ар кандай жаман кабарлар кыжалатчылыктын сазына салып, акылыңызга, жан дүйнөңүзгө таажы вирусунан кем эмес зыянын тийгизет. Азыр интернеттен позитивдүү жаңылык табуу өтө кыйын. Ошондуктан туруп эле жуунуп-тазаланып келип, алакан жайып жакшы тилектерди айтыңыз. Жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасап, денеге кан жүгүртүңүз. Жакындарыңыздын ден соолугун сурап, жылмайып жылуу сөз багыштаңыз. Жакшылап тамактаныңыз.

2. Жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Эриндин эки учун бир эли көтөрүп коюу анча деле кыйын иш эмес. Бирок түрүңдөгү бул өзгөрүү дилиңе да оң таасирин тийгизет. Ошондой эле жылмаюу аркылуу башкалардын да ичтеги кыжалатчылыгын шамал үйлөгөн булуттай таркатууга себеп болушуңуз ажеп эмес. Бактылуу адам гана бакыт шооласын тарката алат. Каражат жагынан кайрымдуулук кылуу байлар менен жоомарттардын шыбагасы болсо, жылмаюу аркылуу жагымдуу маанай тартуулоо ар кимдин колунан келет.

3. Азыркы оор жагдай үчүн ар кимди айыптоодон алыс бололу. Айыптоонун артынан ызырынуу, ачуулануу, алда кимге тиш кайроо сыяктуу ыйманды ыдыратып, ден соолукту талкалачу жагымсыз сезимдер коштой келет. Ачуудан улам тилиңден чыккан сөз далай адамдын жүрөгүн жаралайт, көөнүн суутат.

4. Комедия көрүңүз, кызыктуу анекдотторду айтып маектешиңизди күлдүрүңүз. Жашоодогу күлкүлүү окуяларды эстеңиз. Айтор, "күлкү — ден соолуктун мүлкү" деген айныксыз чындык экенин далилдей турган учур мына азыр. Бирок чектен ашпаңыз. Ашыкча күлүү адамдан абройду, жүздөн нурду кетирет дейт.

5. Кандай гана жагдай болбосун жакшылыкка жоруйлу. Адамга үмүт тартуулаңыз. Азыр аты жаман илдеттен күнүнө миңдеген адамдар куландан соо болуп айыгып чыгып жатканын эстетиңиз. Эгер шагын сындырып, ындынын өчүрүп, күмөнсүй берсеңиз соону да оору кыласыз. Өлүмдү күтүү өлүмдөн да оор деген сөз бекер айтылбаса керек. Күйүт күйгүзүп күл кылат. Үмүт болсо деңизде чөгүп бараткан адамга ыргытылган куткаруучу кемсел сыяктуу.

Таш ыргыткандар аш алып кетсин. Алмадан алган сабагым

6. Оорунун да пайдалуу пазилеттерин биле жүрөлү. Оору аркылуу адамдын күнөөлөрү кечирилет, жан дүйнөсү тазаланып, жүрөгү жумшарат дейт. Оорунун кадырын ооруган билип, кайрымдуулук, мээримдүүлүк сезимдери күчөйт. Адам такыр оорубаса башка түгүл Жаратканды да унутуп, мүнөзү таш боор, мерез тартып, жүрөгү карайып-катып, ар кандай күнөөлөрдү жасоодон артка кайтпай калмак.

7. Тилди жаман, пайдасыз сөздөн тыйып, жакшы жана жагымдуу гана нерселерди сүйлөйлү. Анткени адамдын тили менен жүрөгү түздөн-түз байланыш. Эч ким жок жерде сөгүнүп алсаң деле жүрөгүңдүн бушайман болгону ошондон. Тескерисинче, маанайды асмандатчу сонун сөздөрдү айтсаң, маектешиңден мурда да өзүңдүн жүрөгүң кубанат. Анткени өз жүрөгүң өз тилиңе алда канча жакыныраак. Сөзү болот, анан өзү болот дегендей, жакшы сөз жакшылыкты, жаман сөз жамандыкты чакырганга тете.

8. Интернеттен көрүп, окуп, кызык деп ойлогондун баарын эле бөлүшө бербейли. Азыр интернетте ачуу сөз, агрессия, зордук-зомбулук, адепсиздик, жалган-жашык аябай көп. Вирустан бет кап тагынып, аралыкты сактап, көпчүлүккө аралашпай аман калуу мүмкүн, бирок интернеттеги "негатив" аттуу вирустан антип кутула албайсың. Негативдүү маалымат жаткан, баскан, отурган жериңе телефонуң аркылуу заматта жетип, убактыңды уурдап, маанайыңды бузуп, кыжырыңды кайнатып, духуңду түшүрүп, стресске чейин алып барууда. Адал менен арамды, чындык менен жалганды айырып, аныктап отурбай, укканына уккандай ынанган биздей баёо, ишенчээк элди ушундай сезимтал абалынан пайдаланып, удургуган ушак, карандай калпты таркатуу менен кандайдыр капсалаңга кабылтып, алааматка түртүп аласалтышпаса экен деп тилейм. Ошондуктан жаман, жагымсыз кабарларды, пикирлерди жок дегенде таркатпайлы. Жаманды айтпай жоёлу.

Эшекти дос тутсаң, арстан болсоң да кадырың түшөт. Чөйрөнүн мааниси тууралуу

Айтор, "өсөр эл бири-бирин колдойт, кесир эл бири-бирин кордойт" дегендей, азыр бири-бирибизди кордоп, бири-бирибизге орой сөз айтып, кылдан кыйкым таап кыжалат кылчу учур эмес. Колдон келишинче бири-бирибизге дем берели! Улуттук духту көтөрөлү! Дух көтөрүлмөйүн иммунитет көтөрүлбөйт. Дух бийиктемейин, пандемия аттуу жалпы жоонун мизин майтарып, чабуулун кайтаруу оңойго турбайт. Апаатты алдын алуунун да, аны жеңип чыгуунун да жолу — жакшы маанайды сары майдай сактоодо. Жакшы сөз болот, андан соң, буюрса, жакшы кез болот!

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1047)

Тема боюнча

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу
Белгилер:
сөз, оору, маанай, интернет, коронавирус, пандемия

ЭҢ МААНИЛҮҮ