Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKOПразднование Нооруза в Бишкеке
Празднование Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул өмүрдүн таттуулугун, бирок күнүң бүтүп ичер сууң түгөнсө, ажалга эч ким арача боло албай турганын жазып, баарыбызды иргеген улуу күчтүн сыноосуна чалынбоого чакырык таштаган.

Ааламды апаат каптап киши жаны төрт чарчы болуп, жашоо айласы кылып турган чакта өмүр-өлүм ортосуна баам салып көрдүк.

Тизгин жаяр

Өмүр деген кандай барктуу... "Күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин" деп өмүрдү баалап-барктап жашаганга үндөгөн ата-бабам. Кайыптардын жөлөмөсү, чоң кудайдын колдоосу, ай-жылдыздын тогошуусу, он сегиз миң ааламдагы убакыттын дал келиши менен адам жан жарык дүйнөгө келип, өз өмүр жолун баштайт. Өмүр өтөлгөсүнө чыгуу балким көптөргө буюрбайт чыгар. Антсе да ар ким өз аң-сезимине, өз акыл-эсине жараша өмүр кечирет.

Калган көңүл менен чыккан жан табылбайт

Байыркы кыргыз коомунда адам адам катары кадыр-баркка ээ болуп, тирүүлүктө адам көңүлү менен өмүрү абдан бааланган. Эч тааныбаган жолоочу түн бир оокумда келсе деле "кудайы конок" деп сыйлоо милдет эле. Тирүүлүктүн сыйы көңүл менен өлчөнүп, "көңүл алуу", "көңүл калуу" маселеси абдан кылдат мамилени талап кылган. Жаза тайып көңүл калса абалкыдай жылуулук болбос, калган көңүл кайра табылбас дешкен. "Көзү барында" деп кадырман кишилерге учурашып калууга, сый көрсөтүп батасын алып калууга дилгир болушкан. Көзү өткөн соң ыйлаганың курусун деп тирүүлүктө сыйлап, көңүлүнө кароого аракет кылышкан. Көзү өтүп кеткен соң чыккан жан кайра табылбас дешип, аттиң кылышкан.

Кырк жыл кыргын болсо да, ажалы жок өлбөйт

Күн артынан түн келерин, түндөн кийин күн келерин жаман-жакшы жанаш жүрөрүн, ак-кара айкаш болорун билген кыргыз өмүр соңу өлүм экенин да кадыресе кабылдап, айрыкча эр жигиттер баш канжыгада деп, калпыстыктардан сак болушкан. Бүгүн барсың, эртең жоксуң деп ар-намысына аруу турушкан. Өлүмгө тике кароо да байыртан уланган кыргыз жолу болгон.

Азиз кан бир жолу Асанкайгыны чакыртып алып "өлүмгө аянбай качырып кирген адам болобу" деп сурайт. Анда Асанкайгы "биздин Төлөнмырза өлүмгө түз качырып кирет" дептир. Эртеси кан жигиттерин чогултуп, "миң жоокерди жоо кейпинде баштап, Төлөнмырзанын жолунан тосуп чыккыла" деп буюрат. Төлөнмырза аңчылыктан жалгыз келе жатса, жоо кыйкырып алдынан тосот. Колундагы кушун көккө ыргытып, белиндеги кылычын сууруп алган Төлөнмырза көп колго түз жалгыз качырып кирип беш-алтоосун жаралап жибергенде кол артка тартат да канга барып болгонун айтып беришет.

Табияттын мыйзамы бузулса, табият менен жазалайт. Кайберендин каргышына калба

Кан Төлөнмырзаны чакыртып алып "өзүңдөн миң эсе көп кол сенин ажалың эле, өлүмгө аянбай качырып киргениң кандай" деп сурайт. Анда Төлөнмырза: "Бир жолу көп жоокер жортуулга аттандык. Алардын ичинен миң жоокер көзгө атар мергендер эле. Миң башчысы мен элем. Кетип баратсак алдыбыздагы талаадан бир коён булак эте чыга качты. Миң мергендин баары атты, коёнго тийген жок. Миң биринчи болуп мен аттым. Аткан огум жаза кетчү эмес, жонундагы терисин илип кетти, коён болсо аман кутулду. Кырк жыл кыргын болсо да ажалы жок жан өлбөсүн ошондон билем. Өлүмгө түз качырып киргеним ошол", - деп жооп берген экен.

Ал эми кара тумоо калкты каптап, калың эл карайлап турган учурда баарыбыздын жаныбыз таттуу болуп, жан аргасы кылып, алгач тамак-ашты камдап жан талашсак, эми дары-дармек деп турган чагыбыз. Адамдын күнү качан бүтүп, качан коерун бир Жараткан билер. Анын сыңарындай, ичер суусу бар адам миң тумоого туруштук берип, өмүрүн өктөм улай берет.

Ажалдан арачалап калуу

Ажал улук, өлүм ак. Анткен менен киши жашка, өмүргө тойбойт. Өлүмдөн коркпогон жан жоктур. "Кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу" деп ошон үчүн айтылган чыгар. Бирок ажалга арачы болуп адам жанын алып калган тээ Нылды атадан, Улукман акимден бери не деген керемет табыптар киши өмүрүн сактап келген. Күнүбүздө болсо илдет каптап, жандын баары көрүнгөн жоодон эмес, көрүнбөгөн жоодон жеңилип, ажал менен арбашып турат. Ажалга арачы болгон ак жоокерлер — дарыгерлер өлүмгө баш сайып, ажалга баш байлап адамзат үчүн күрөшүп жаткан чагы, амандык жеңсин деп тилейбиз.

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

Кадимки сан жылкылуу Сарыбайдын уулу каргышка калат. Каргыш боюнча "тукумуң жалгыз болсун, жалгызың жыйырмадан ашпасын" делет. Айласы кеткен Сарыбай Мойт акеге келип, "ажалга арачы түшүп, жалгызыма жаш сурап бер" деп жалынат. Ошондо тогуз күнү тынбай тиленип, Мойт аке "тукумуңа 99 жаш сурап бердим" деген экен. Ошондон кийин Сарыбайдан тарагандар жүз ашып жашай турган болгон экен. Тирүүлүктө өмүрдү сактап калуу ак жол менен пайда болгон кошумча жан деп коерун окугам. Бирөөнүн өмүрүн сактаганың өз жаныңды боло турган кырсыктан, келе турган ажалдан арачалаганга тете.

Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат

Каптап келген улуу тумоодон улам адамдык абийир, кишилик сапатыбыз, оройлугубуз, адепсиздигибиз, өзүм болсом болду деген тардыгыбыз, өмүрдү да, өлүмдү да баалабастыгыбыз ачык билинип калды. Өлбөйүн деп жутунуп, тамак-ашты аянбай алдык. Оору чындаганда жаныбыз көзүбүзгө көрүндү.

Тээ байыртан уланган жашоонун улуу чындыгы ажал келсе өлмөк бар, келбесе тирүүлүктүн тоюн көрмөк бар. "Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат" дегени — эгер чындап кырсык тооруса, бүдүргө чалынып деле бүт өмүрүң ойрон болуп калышы мүмкүн деген сөз тура. Көрөр күн, ичер суу бүтсө, ажалга айла барбы.

Тизгин жыяр

Ошондуктан кишилик кадыр-баркты күтүнүп, адамдык асыл сапаттарды тутунуп, аалам чындыгын аңдаганга, жашоо чындыгын түшүнгөнгө, ар бир күндөн сабак алганга умтулсак экен.

Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе

"Казы, карта, жал чайнап, сен да өтөрсүң дүйнөдөн, кара жарма жалмалап, мен да өтөрмүн дүйнөдөн" деп илгери бир акылман текеберсинген байга айткан экен. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Ажал жетсе баарыбыз оо дүйнө көчөбүз.

Өмүрдүн өзөгү — өзүн-өзү таануу. Өзүн тааныган адам ордун табат, ордун тапкан оңолгон, ордун таппас жоголгон. Өзүн тапкан ачууга алдырбайт. Карбаластап шашпайт. Күн артынан түн келерин, кайра күн тиерин билет. Алтын ортолукту кармап туура жашайт. Ал азыркы сыноо баарыбызды иргеген улуу күч, сыноодон чалынбайлы, замандаштар!

Жаңылыктар түрмөгү
0