00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Create4 Design в Бишкеке: креативный бизнес КР обсудит ИИ, этику и новые профессии
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эшекти дос тутсаң, арстан болсоң да кадырың түшөт. Чөйрөнүн мааниси тууралуу

Жазылуу
Бул ирет колумнист Нуржигит Кадырбеков адамды курчаган чөйрө тууралуу кеп кылды. Өзгөчө баланын кимдер менен басып-турганын, баарлашканын ата-эне билиши керек дейт.

Чөйрө адамдан "сага таасирим тийсинби же жокпу?" деп сурабайт. Аңдатпай арбап, байкатпай тартып кетет. Кычыроон кышта эшикке чыксаң бетиң, колуң бат эле муздайт. Анткени ызгаар суук. Нөшөрлөгөн жаанда ылай көчөдө бассаң бут кийимиң үйдөн тазалап, жылтылдата майлап чыккан бойдон жүрө бербейт. Чокоюң мындай турсун, шымыңдын багелегине чейин балчык болуп булганат. Ал эми алоолонгон от үстүндө асылган казанга же кумганга муз салсаң адегенде мелтилдеп эрип, анан ысып, анан бороктоп кайнап чыгат. Ага карабай отту ичкерте берсең бууга айланып учуп, абага аралашып, сиңип кетет. Же ысык сууну муздаткычка салып көр. Бат эле табы кайтып, сууп, бир карасаң муз болуп тоңуп калганын көрөсүң.

Чөйрөңө маани бер

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим мектеп менен китептен эле алынбайт. Өзүңдү таануунун 9 багыты
Сууга чөмүлүп купкургак, дааратканага кирип кийимине жыпар жыт сиңип чыккан жан болбойт. Чөйрө деген ошондой. Көңүлүңө, көзүңө карап, акылдашып, кеңешип отурбай өз өкүмүн жүргүзөт. Бузукулук арасында жүрүп такыба бойдон калуу, зулумдук ичинде болуп боорукерликти сактоо, же жалкоолор менен жалгашып үлкөн иштерди жасоо кыйын. Ошон үчүн чөйрөңө өзгөчө маани бер. Наадандардын караңгылыгы жүрөгүңдү карайтып, рухуңду өлтүрбөсүн. Акылыңдын шам чырагын албуут шамалдай үйлөп өчүрүп салбасын. Жалкоолордун ыкшоолугу эпкиниңди бөксөртүп, эргүүңдү соолутуп, демиңди мокотпосун. Мактанчаактын мардайганы жугуп, купуя асыл амалдарыңды ар кимге шарданалап, жылдап-жылдап тамчыдан куралган сооп көлдөрүн Арал деңизиндей чөлгө айлантып албагын.

Бекерчиден безе кач

Аалымдарды жанда, даанышмандан калба, акмактарга барба. Акылман элибиз айткандай, "жакшыга жанаш, жамандан адаш", "бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач", "жакшы менен бир жүрсөң жетесиң муратка, жаман менен бир жүрсөң каласың уятка". Эшектерди дос тутсаң, арстан болсоң да аброюң тебеленет. Анткени арстандык айбатыңдан мурда эшекке жолдош болгон энөөлүгүң көзгө көрүнөт.

Жакшы чөйрө кайда? Илим, акыл жана рух азыгы таркатылган жайда. Ыйман, адеп сөзү сүйлөнгөн, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан токтотуу бар жерде. Жүрөктө жакшы күмөн жашап, тилден пайдалуу сөз айтылып, денеден берекелүү амал чыккан айдыңда. Чөккөн көңүлдөрдү көкөлөткөн, аласалган абройду аздектеген, эңшерилген ишенимди тикелеген, адашып бараткан кадамдарды туура багытка бурган, жылмаюу, жумшак жана акыйкат кеби менен жүрөктү жылыткан шериктер, достор, кошуналар жана сапарлаштар коштогон өмүр жолунда. Оройлукту оор басырыктуулуктун, ачууну сабырдын, кекти кечиримдүүлүктүн, текебердикти кичипейилдиктин, сараңдыкты жоомарттыктын, караңгылыкты билимдин, бөлүнүп-жарылууну ынтымактын, ыкшоолукту жигердин, ысырапты сарамжалдыктын тараза ташы баскан коомдо.

Бүлөңө чөйрө тандап бер

Жаанын октору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эчкини издейм деп төөнү кароосуз калтырба. Максатты кантип туура коюу керек
Ошондуктан ата-эне баласынын чөйрөсүн көзөмөлгө алсын. Бул ага саркеч кийим кийгизип, чүйгүн тамак берип, даңазалуу мектепте окутуп, миң бир өнөрдү үйрөтүүдөн да маанилүү. Чөйрөсү жакшы болбосо балаң үчүн кылган асыл аракеттериңдин баары капилет от алып күлгө айланган саман сыяктуу бошко кетет. Анткени адам сөздү угат, бирок үлгүнү ээрчийт. Сени тек гана тыңдаганы менен досунун жолун жолдойт. Достор, дегеле алтындан артык, жакуттан кымбат убактыңды арначу ар бир адам, ар бир чөйрө атыр сыяктуу болсун. Өзүн көрбөсөң да жагымдуу жыты каңылжаар аркылуу көңүлгө кубаныч, сезимге ыракат тартуулайт. Жакшы адамдын жанында бир саат отуруу 100 жыл ибадат кылуудан да пайдалуураак деген насаат жөн эле айтылып калбаган да. Катташчу, мамиле түзчү адамдарды да аярлап танда. Кексенин кесепети, жамандын зыяны тийбей койбойт.

Жамандан адаш

Кээ бир адамдар чөйрөнү өзгөртөт. Алар аралашкан адамдар арасында жаман адат азаят, урушкандар жарашат, таарынышкандар табышат, жалкоолор жанданып, караңгылар окуй баштайт. Эгер сен ошондой жакшылыктын жарчысы, таркатуучусу катары таасириң таасын, турумуң бекем болсо, анда жаман-жакшы экени талаштуу чөйрөлөргө барсаң болот. Эгер чөйрөгө жакшы таасир бере албасаң, анда жаман таасир аласың. Демек, жакшы адамдар бар чөйрөнү тандайлы. Алардын асыл сыпаттары, кымбат касиеттери жана ооматы жугуп, шарапаты тийсин. Жакшы адамдар жаман чөйрөгө кошулса, жаман чөйрө чоңоёт. Жараткан ошондон сактасын.

Жаңылыктар түрмөгү
0