Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүИИМдин кызматкери Бишкете операция учурунда. Архив
ИИМдин кызматкери Бишкете операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аты жаман вирустан этияттанып өзгөчө абал киргизгенден баштап, шаар эрте уйкуга кирчү болду. Бул өтө жакшы көрүнүш дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Буюрса, жагдай жакшы жагына бурулуп, өзгөчө абал аягына чыккан соң да ушул сапатты сактап калууга тырышуубуз керек. Анткени канган уйку жана анын натыйжасында жанган ички энергия бекем ден соолуктун, адамдык бакыттын, иштеги ийгиликтин, жакшы мамиленин жана убакыт берекесинин, керек болсо өлкөнүн өнүгүүсүнүн башкы себептеринен.

Экономикалык өсүштө бизден ат чабым алдыга озгон Германия менен Австрияда эч кандай өзгөчө абал режими жок эле ушундай жашоо. Кечки саат 7-8де супермаркеттер жабылат. Ошол убакта шам-шум эткени ачык кафе-ресторан таппай суй жыгылгам. Иңир менен кошо көчөлөрдө эл деле калбайт. Бир аздан соң терезелердеги жарыктар өчүп, калаа уйкуга чөмүлөт. Бирок күн чыга элек жатып жашоо толук жанданып, тиричилик кадимки нугуна түшүп калат.

Көрсө алар күндүздү күндүздөй, таңды таңдай, түндү түндөй туура колдонушат экен. Күн жарыкта берилип иштеп, караңгы киргенде көшүлүп эс алышат, үй-бүлөсүнө убактыларын арнашат. Ошон үчүн алардын ишинде, экономикасында, илиминде ийгилик, өсүп-өнүү бар.

Бейпил түн — берекелүү күн

Бизде болсо күндүн да, түндүн да кунары качып, берекеси учуп бараткансыйт. Анткени биз экөөнү алмаштырып алдык. Уктачу учурда шадыраңдап, шатпыз да, окуп, иштеп, ойлончу убакта магдырап уйкуга маспыз.

Мечитти дезинфекциялап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе
Бишкекте уктоонун эң берекелүү кези кирген кечки ондордо эшикке чыксаң жашоо эми гана башталган болот. Кафелерде толгон элди, супермаркеттердеги кассаларда, тез татымдардын теребелинде узун кезектерди, бака-шакасы басыла элек балдар аянтчаларын, футбол талааларында топ кубалаган уландарды, аллеяларда, парктарда сейилдегендерди, көчөлөрдө жаагы тынбай зуулдаган көлүктөрдү, скамейкаларда баарлашып, чылым чегип же телефон чукулап отургандарды, ресторандарда топурап тойлогондорду көрөсүң. "Ала-Тоо" аянтынын тегерегин кеч күүгүмдөн тартып караокеде ырдагандар, ижарага алып велосипед тепкендер, бөбөктөрүнө оюнчук унаа айдаткандар каптайт.

Түн ортосунда сыртка чыксаң деле шаар күүлдөп жандуу. Үйдөн чыкпагандардын көбү деле укташ оюна келбей бир оокумга чейин телеге тигилип, смартфонго үңүлүп, чайдан шорулдата ууртап коюп өткөн-кеткенден, саясаттан кеп куруп отурушат. Кыскасы, эрте жатуу элибиз үчүн бизнес баштагандай, тил үйрөнгөндөй, таарынышкан адам менен табышкандай кыйын иштердин бирине айланды. Бул ойлончу жана оңдочу бир көрүнүш. Анткени ар иштин өз убактысы мерчемделген. Уйкунун учуру — түн, болгондо да анын биринчи бөлүгү, ал эми жумуштуку, тиричиликти — күндүз. Ошон үчүн "Түнүң бейпил, күнүң берекелүү болсун" деп тилек айтабыз.

Канбаган уйку — бүтпөгөн жумуш

Уйку — Жараткандын адамга берген улуу белектеринин бири.  Уйку аркылуу чарчооң жазылат, денең дем алып, кубаттанат, эртеден кечке чейин сага кызмат кылган он эки мүчөңдүн, акыл-оюңдун акысы берилет. Ошондуктан убагында уктоо соода кылгандай, китеп жазгандай, илим үйрөнгөндөй, бала ойноткондой, ибадат кылгандай, спорт менен шугулдангандай эле маанилүү. Дүйнөдөгү өз тармагында ири ийгиликке жетишкен ар кандай миллиардерден, спортчудан, саясатчыдан, актердон, кечил менен аалымдан сурасаң деле, менимче, ушул ойду тастыктайт.

Ситуация в Японии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы. Япониядан жазылган дубай салам
Кеч жатып, шашпай ойгонсоң, болбосо ишке барыш үчүн аргасыз эрте турсаң, ойду омкоруп, тоону томкорчу учурларды көзүңө жумшак мамык менен жылуу төшөк элестеп ныксырап өткөрөсүң. Бул социалдык жашоого, экономикага, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүгө, ден соолукка, бала тарбиясына, дегеле ар бир тармакка терс таасирин тийгизчү чындык. Өнүгүү бул тек гана адам санын көбөйтүп, агым ичинде элдир-селдир жашоо менен эмес, Жараткан ыроологон ичтеги улуу дараметти, көрөңгөнү адамзаттын жакшылыгы үчүн жемиштүү пайдалана билүү менен болот. Уйкуң түзүктөп бышпай, эргип эмгектенчү сааттарда улам оозуңду ачып эстеп коюп, эт менен челдин ортосунда эндиреп жүрсөң, кайдагы өнүп-өсүү?

Түндүн миссиясы

Ошон үчүн уйкунун канты, балы дал ошол түндүн башталышында. Түн оогондо жатып он саат уктагандан, түн жаңы киргенде жатып төрт-беш саат эс алган пайдалуураак экенин айтышат билермандар. Анын үстүнө, түндө уктабаганда не кылмак элек? "Караңгыда кылган иштин касиети болбойт" дегендей, түн бир оокумда жумушуң же арбып, же бүтүп жарытпайт. Окуунун майын чыгарайын десең, кечке иштеп чарчаган акыл жаңы илимди, маалыматты кабылдаганга алсызданып, мокой түшкөн болот.

Алманы терүү убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таш ыргыткандар аш алып кетсин. Алмадан алган сабагым
Сыналгыны жандырсаң "16+" деген жазуу менен ыйманыңды уурдачу уятсыз эпизоддор көзүңдүн нурун бозортот. Конокко барсаң бирөөлөрдүн тынчын аласың. Эшикке чыксаң "Азбаймын деген жигитти караңгы түн азгырат" болуп, күнөө-күлпөттүн аңына аңтарылып кулашың мүмкүн. Бекеринен казино, түнкү клуб, сойкукана сыяктуу адамды ак жолдон азгырчу жайлардын иши кеч менен кошо башталбайт да. Уурулук, зордуктоо, карактоо, тоноо сыяктуу жүзү кургур кылмыштардын көбү түн жамынып жасалат. Түндүн миссиясы — биздин эс алуубузда, эртеңки сооптуу иштерге күч топтообузда.

Кыскасы, эрте жатып, эрте турган адамдын өмүрүн береке коштойт. Өлкөдөгү өзгөчө абалдын эң чоң пайдаларынын бири — адамдардын ушул акыйкатка көзүн ачып, жашоосун жалгаштырууга себеп болот деп ишенем.

Жаңылыктар түрмөгү
0