Кандуу тиреш. Памирди бөлүү. Афганистандын эгемендүүлүгү

© AP Photo / Max DesforПамир. Архив
Памир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Афганистан өзүнүн эгемендүүлүк күнүн белгилейт. Кандаштар байырлаган Памирдин кандайча Афганистанга карап калганы жана афган элинин колониалдык саясаттан кантип кутулганы тууралуу колумнист Алмаз Батилов баяндамакчы.

99 жыл мурун 19-августта расмий Кабул Улуу Британиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Афган эли өзүнүн азаттыгы үчүн Англия менен үч ирет согушуп, анын натыйжасында эгемендүүлүккө жетет.

Борбор Азия дарбазасынын ачкычы талашка түшкөндө же "Чоң оюн"

Афганистан Евразиянын чок ортосунда жайгашкан. Өлкөнү "Борбордук Азия дарбазысынын ачкычы" деп Владимир Ленин айткан.

XIX кылымдан баштап Афганистанды көзөмөлдөө үчүн Улуу Британия менен Россия империясынын ортосунда айыгышкан күрөш жүрөт. Бул күрөш геосаясатта "Чоң оюн" деп аталды. Белгилей кетсек, жогоруда айтылган терминди геосаясатта биринчи ирет белгилүү англиялык чалгынчы, саякатчы жана жазуучу Артур Конноли колдонгон. "Чоң оюн" деп аталган геосаясий күрөштө эки империянын бир далай чалгынчылары менен тыңчылары курман болгон. Азыркы күндө да алардын көпчүлүгүнүн ысымдары белгисиз бойдон калууда. 1820-жылдан баштап Англия Афганистанды акырындык менен баш ийдиргенге киришет. Улуу Британиянын мындай баскынчы саясатынан чочулаган Афганистандын падышасы Дост-Мухаммед Россияга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылууга мажбур болот. Лондон Кабулдун мындай аракетин шылтоо кылып өлкөгө каршы согуш жарыялайт.

Согуштун кээри

Тажикстандагы жарандык согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна Кыргызстандын салымы. Эскерүү
Афганистанды багындыруу үчүн Англиянын армиясы биринчи жолу 1838-жылы кирет. Бул согуш төрт жылга созулат. Улуу Британия Афганистандын падышасы Дост-Мухаммедди туткундап, Индияга алып кетет. Англиялык баскынчылар Дост-Мухаммеддин ордуна анын жакын тууганы Шуджа-аль-Мулькту тактыга отургузушат. Ал элине болуп көрбөгөндөй запкы көрсөтөт. Өкүмдарынын мындай чыккынчылыгына кыжыры кайнаган афган калкы мурдагы ич ара келишпестигин унутуп, ынтымакка келип, душманга каршы айыгышкан согуш жүргүзгөн. Натыйжада калк Шуджа-аль-Мулькту тактыдан түшүрүп, чет элдик баскынчыларды сүрүп чыгып жеңишке жетет. Бирок афган эли көп жоготууга дуушар болот. Анын үстүнө британиялык баскынчылар өлкөнүн ири шаарларын талкалап, айыл чарбасын бүлдүрүп кеткен. Согуштун кесепетинен Афганистанда бир нече жыл ачкачылык болот. Британиялыктар Дост Мухаммедди кайра тактыга отургузганга мажбур болот да ал өлкөнү кайрадан бириктире баштайт.

Кайра талашка түшкөн Афганистан

XIX кылымдын ортосунда Россия менен Англиянын ортосунда кайрадан Афганистан үчүн күрөш күчөйт. Себеби 1850-жылдан баштап 1876-жылга чейин Россия Кокон, Бухара жана Хива хандыктарын багындырат. Эске сала кетсек, ошол мезгилде Кокон хандыгынын курамына кирген Кыргызстандын аймагы орус империясынын букаралыгына өтөт. Англия Россия жогоруда айтылган хандыктарды баш ийдиргенден кийин өзүнүн таажысында эң кымбат асыл таш деп атаган колониясы Индияны басып алат деп сестенет. Анын үстүнө 1878-жылы жайында Кабулга Санкт-Петербургдан дипломатиялык миссия келет. Ал эми англиялык маалымат каражаттары Россия мындай кадамы менен Лондондун кызыкчылыгына сокку уруп жатат деген айыпты тагат. Ошол эле жылы күзүндө Улуу Британия бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, экинчи ирет Афганистанга согуш ачат.

Рейхстагга орнотулган СССРдин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
1879-жылы Англиянын аскери өлкөнүн көпчүлүк ири шаарларын басып алат. Бириккен падышалык Кабулдун жанында жайгашкан Гандамак аттуу айылда афган өкүмдары Якуб-ханды багынып берүү жөнүндө келишимге мажбур кылып кол койдурат. Муну менен Афганистан Улуу Британиянын жарым колониясына айланат. Бирок афган эли бул келишимге баш ийип берүүдөн баш тартып көтөрүлүш чыгарат. Алар бир нече ирет англиялык баскынчыларга сокку уруп жеңишке жетишет. 1881-жылы Британия Афганистанды күч менен баш ийдирүү мүмкүн эместигине көзү жетип, өлкөнүн жаңы падышасы Абдур-Рахманхан менен тил табышканга аракет кылат. Абдур-Рахманхан Гандамак келишиминин бардык шартынан баш тартып, болгону Афганистан тышкы саясатын Улуу Британия аркылуу гана жүргүзөт деген эрежеге баш ийип берет. Абдур-Рахманхан өзүнүн акылмандуулугу менен Афганистанды кайрадан бириктирет. Мындан сырткары, ал өзүнүн өлкөсүнө жаңы жерлерди басып алып кошот. Ал эми Англия мурда басып алган чыгыш афгандар жердеген аймакты Кабулга өткөрүп берүүдөн баш тартат.

Карттуу жара. Памирди бөлүү

1895-жылы Англия менен Россия Памирди бөлүү боюнча бир пикирге келишет. Анын натыйжасында кыргыздар жашаган стратегиялык жактан абдан маанилүү Вахан коридору  Улуу Британия менен Россиянын ортосундагы буфердик тилке болуп калган. Памирди мындай бөлүштүрүү менен жергиликтүү элдин кызыкчылыгын такыр эске алган эмес. Натыйжада эки дөөнүн кармашынан кыргыздар жабыр тарткан. Мисалы, памирлик кандаштар жердеген Оксуу өрөөнүнүн жарымы Афганистандын карамагына өткөндөн кийин алардын жайыты тарыган. Орус тарыхчысы Леонид Харюков өзүнүн "Англо–русское соперничество и исмаилизм" деген китебинде "Бүгүнкү күндө жогоруда айтылган Памирди ушундай бөлүү жергиликтүү элдин тарыхый өнүүгүсүнө терс залакасын тийгизүүдө " деп жазган.

Бойцы-моджахеды в Афганистане. - Sputnik Кыргызстан
Тозоктогу белгисиз көтөрүлүш. Бадабер чебинде дайынсыз калган жоокерлердин сөөгү
Ал эми орус окумуштуусу Виктор Бобров "Южный рубеж; мифы и реальность" аттуу китебинде Вахан коридору бүгүнкү күндө да геосаясатта стратегиялык жактан аябай маанилүү чөлкөм экенин жазып, буга 1978-жылы Афганистандан Кытайдын таасири астында кыргыз ханы Рахманкул эки миң кандашы менен качканын далил келтирет. Ошентип XIX кылымдын аягында Афганистан Борбордук Азияда эки ири державанын таасирин тең салмактаган мамлекет катары калыптанат.

Афган патриотторунун эрдиги

Ошол эле убакта Ата Мекени Улуу Британияга көз каранды болгонуна нааразы болгон афган патриоттору тымызын күрөшкө даярдана баштайт. Көксөгөн максатка жетүүгө Биринчи дүйнөлүк согуш жардам берди деген пикирди айтууга болот.

1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталардын алдында Афганистандын падышасы Абдур-Рахман хандын уулу Хабибулла хан Германиядан замбирек сатып алган. Согуш башталганда ал Афганистан бейтарап саясат карманарын жар салган. Бирок Афганистанга ар түрдүү жолдор менен түрк менен немис чалгынчылары өтүп, Хабибулла хан менен тил табышат. Чалгынчылар Улуу Британиянын колониясы Индияга каршы афган тайпаларынын көтөрүлүшүн уюштурууга жетишет. Жогоруда айтылган чалгынчылардын мындай иш аракетине Англия жана Россия бөгөт коёт. Түрк менен немис чалгынчылары кетээр алдында Хабибулла ханды Англиядан баш ийбеген саясат жүргүзүүгө ынандырып кетишет. Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Афганистан менен Улуу Британиянын ортосунда мамиле кескин бузулат. Анткени Хабибулла хан Англиядан Афганистанга толук эгемендүүлүк берүүнү жана чыгыш афгандар жашаган аймактарды кайтарып берүүнү талап кылат. Тилекке каршы, бир аз убакыттан кийин Хабибулла хан белгисиз себептен каза болот. Анын мураскери Аманулла хан Афганистанды Улуу Британиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялап, 1919-жылы 3-майда Англияга каршы согуш жарыялайт. Бул кармашта Хабибулла хан Германиядан сатып алган артиллеррия чоң роль ойнойт. Белгилей кетсек, ал замбиректерден Уулу Британияга каршы немис жана австриялык офицерлер ок атышкан. Эң кызыгы, 1-июлда чет элдик офицерлер Афганистандан чыгып кетип жатканда советтик элчиликтин өкүлдөрү менен жолугат.

ДВИЖЕНИЕ СОПРОТИВЛЕНИЯ ВОЙНА ИТАЛИЯ - Sputnik Кыргызстан
"Француз каршылыгындагы" кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар
Үчүнчү согуштун натыйжасында ошол жылдын 8-августунда Улуу Британия Афганистандын эгемендүүлүгүн тааныганга аргасыз болгон. Ошол эле маалда расмий Кабул дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп Совет мамлекетинин көз карандысыздыгын таанып жана дипломатиялык мамиле түзгөн. Анткени Англия Биринчи дуйнөлүк согуштун жыйынтыгында алсырап кеткен. Анын үстүнө Индияда баскынчыларга каршы нааразылык күч алган болчу. Ал эми 19-августта расмий түрдө Афганистан өзүн толук көз карандысыз мамлекет катары жарыялаган.

Афган эли дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү державаны жеңип жана көз карандысыз мамлекетин түзгөнү кыргыз патриотторуна өлкөбүздүн пайдубалын түптөгөнгө үлгү болгонун айтып кетүү керек..

Жаңылыктар түрмөгү
0