00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстанда да өзгөчө абал режими алынды. Коңшу өлкөлөрдөгү кырдаал

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКоронавирустун жайылышына байланыштуу Алма-Ата шаарына кире бериштеги өткөрмө бекетте полиция унаасы шаарга кирүүгө жана чыгууга чектөө киргизген.
Коронавирустун жайылышына байланыштуу Алма-Ата шаарына кире бериштеги өткөрмө бекетте полиция унаасы шаарга кирүүгө жана чыгууга чектөө киргизген. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу мамлекеттерде коронавирус дагы эле тизгинин тарта элек. Анткен менен Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын 78 пайызы сакайса, Казакстанда өзгөчө абал режими алынды.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Коронавирустан улам коңшу жана айрым өнөктөш мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалга Sputnik Кыргызстан агенттиги назар салды.

Казакстан

Коңшу Казакстанда 11-майдан баштап өзгөчө абал режими алынды. Бирок чектөө чараларына чекит дароо коюлган жок. Ири шаар жана аймактардагы блокпостторду алуу акырындык менен чечиле турганын Sputnik Казакстан кабарлады. Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5090го жетти. Анын ичинен 1941и айыгып, 31 бейтап каза болду.

Өзбекстан

Дезинфекциялоо бригаданын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: эпидемиолог коргонуу боюнча негизги төрт кеңешти айтты
Өзбекстанда коронавирус аныкталгандардын 78 пайызы айыгып чыкты. Бул өлкөдө коронавирус 2418 кишиден табылса, анын ичинен 1881и сакайган. COVID-19 жуктурган 10 бейтап каза болгон. Коронавирус жуктургандардын ичинде 30 кош бойлуу аял бар болсо, азыр алардын 22си толугу менен оорудан сакайып чыккан.

Өзбекстанда дагы чектөө чаралары акырындык менен жумшартылып, кээ бир мекеме, ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилди.

Тажикстан

Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны тез өстү. Акыркы маалыматтарга таянсак, коңшу өлкөдө 612 адамдан коронавирус аныкталган. Азырынча айыккандар каттала элек. Вирус 20 адамдын өмүрүн алган. Бийлик элди карантин эрежелерин сактоого чакырып, бет кап кийбегендерди текшерген атайын рейддер жүрүүдө. COVID-19 менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Тажикстанга Өзбекстандын вирусологдору тартылганы айтылды.

Россия

Россияда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 көп аныкталып жаткан өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыгып кетти. Россияда коронавирус табылгандардын саны 209 688 миңге жетти. Илдетти илештиргендердин 34 миңи айыкса, тилекке каршы, 1915 адам каза тапты. Москвада карантиндик чектөөлөр 31-майга чейин узартылды.

Кытай

Медициналык кызматкерлер ооруканада жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирус жуктуруп алган медиктерди министрлик жаап-жашырып жатабы? Расмий жооп
Кытайда коронавирус боюнча эпидемиологиялык өтө кооптуу аймактар калбай, ооруп жаткандардын саны кескин азайганын ЖМКлар жазып чыгышкан. Бирок оорунун очогу болгон Ухань шаарында акыркы суткада коронавирус беш кишиден табылганын РИА Новости жазды.
Азыркы тапта Кытайда коронавирус аныкталгандардын саны 84 миңди көрсөтүүдө.

Кыргызстан

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды. Өлкөдө өзгөчө абал режими алынганы менен өзгөчө кырдаал режими уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0