Ооруп жүргөн. Он эки күн ооруканынан жандандыруу бөлүмүндө жаткан...
Улут тагдыры аны оорутту...
Маңкурт адамдарга жаны кыйналып жүрүп оо дүйнөгө кете берди...
Акын сүйгөн, ырга салган Ала-Тоо менен Ысык-Көлдүн азалуу ыйы асман мелжиген тоолорду ашып, казак кыйырларына ый болуп, көз жаш болуп агып жөнөдү...
Улуу дастанда айтылгандай:
Карагай ыйлап, тал ыйлап,
Канча жандын баары ыйлап,
Бешиктеги бала ыйлап,
Токсондогу кары ыйлап,
Кайберен дүргүп төр ыйлап,
Кара дайра сел ыйлап,
Асман ыйлап, Жер ыйлап,
Алгысы келбей көр ыйлап…
Манасты жоктогондой, кийин Чыңгызды жоктогондой бүгүн кыргыз эли, казактын эле эмес кыргыздын да уулу Мухтар аганы жоктоп туру...
Казак жаштарынын улуттук аң-сезимин ойготуп, алардын эне тилин сүйүүсүн, салт-санаасын кадырлоосун дүрбөлөңгө салып ойготкон ушул киши эмес беле?
Башка бир маселе менен, тагыраагы, Арал деңизинин экологиялык абалы тууралуу үч гана мүнөт сүйлөймүн деп КПСС БКнын баш катчысы Михаил Горбачевду алдап, сенектик доордун чынжырын үзүп, тушоосун чечип казак жаштары күнөөлөнүп, камалып, атылып жатка "Желтоксон" окуясы тууралуу Москва партиясынын курултайынын бийик трибунасынан үн катып, "бомба жарып" чыккан ушул Мухтар ага эмес беле?
Көөдөнү таза, көкүрөгү кең адам эле, хандан-бектен тартынбай оюн чоң-чоң жыйындарда эч бир коомайланып калбай, тартынып койбой бийик доошу менен күпүлдөп айтып турчу. Улуттун анык автопортрети эле. Бир дагы мамлекет башчысына, мейли, Москвасы болсун, мейли Алматы-Астанасы болсун "саламчы" болуп, алардын сөзүн коштоп, агым менен кошо агып турбады. Ар дайым бийликти сындап, эл үнүн бийликке жеткирип турду. Казак-кыргыздын кийинки абалын карап туруп, "биз цивилизациянын канализациясына түшүп калдык" деп батыл айтты.
Өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында эле "12-3=?" деген поэма жазат, анда ошол кездеги союздук республикаларды башкарып жаткан "чалдарды" сындап чыгат, чыгарманы орус тилине Евгений Евтушенко келиштирип которуп, Чыңгыз Айтматов баш сөз жазып, чыгарып жиберишет. Кабар КПСС БКнын идеология боюнча катчысы Михаил Сусловго жетет. Бул карыя да абдан капаланат, атүгүл, мыкты баш сөз жазган жазуучуну да акараттайт, Мухтар Шахановду болсо Москвадагы үлкөн партиялык жетекчиликтин "кара тизмесине" каттап салат.
Ошондон ушул күн ал "кара тизмеден" чыгуу жөнүндө ойлонбой, чындыкты, калыстыкты, адилеттикти туу тутуп келди.
Жазуучу Чыңгыз Айтматов, акындар Евгений Евтушенко жана Мухтар Шаханов
© Фото / Александр Федоров
Ошол эле кезде ал ар дайым абройлуу сыйлыктарды да алып келди, СССРдин, Казакстандын эл депутаты болду, Казакстандын эл жазуучу, Казакстандын Эл Баатыры аталды, көп жыл адабий-көркөм "Жалын" журналынын баш редактору болуп жүрдү.
Мындан он алты жыл мурда журналист Тенти Орокчиевге берген маектеринин биринде: "Казакстандагы бийлик башындагылардын бир да бири уулун, кызын, ал гана турсун, небересин казак тилиндеги бала бакчаларга беришпейт. Ошондой эле казак тилдүү мектепке да беришпейт", "...айталык, казак калкынын алтымыш пайызга жакыны космополитке айланып кетти. Алар өз тилинде окуп да, жаза да алышпайт. Ар кимдин ата-бабасы бар. Дал ошол ата-жотодон келе жаткан, көзгө көрүнбөгөн өзүнчө байланыш болот. Кимде-ким эне тилинде ойлогонду, сүйлөгөндү токтоткон кезинде бабадан келе жаткан байланыш чорт үзүлөт. Натыйжада ошол адамдын тагдырына доо кетет экен...", - деген эле. Казактардын мына ушундай "доо кеткен" абалынан аз да болсо чыгуусуна Мухтар Шахановдун эмгеги ат көтөргүс болгон.
Ал 1959-жылы чыккан "Сырдарыя" деген биринчи ырынан тартып эле ырларында, өзгөчө, "Бүркүттөр чокуларга конбойт", "Отрар", "Жаза" поэмаларында, "Цивилизациянын адашуусу", "Чыңгыз хандын пенделик купиясы" романдарында адамзат көйгөйүн тээ бийиктен көрүп, жогорку көркөмдүк деңгээлде айтып келди.
Чыңгыз Айтматов менен өнөктөшө жазган "Аскада калган аңчынын ыйы" диалог-публицистикасы, "Сократты эскерүү түнү" драмасы көптөгөн тилдерге которулду. Жалпы чыгармалары элүүдөн ашык тилге которулуп, эң окумдуу советтик жана постсоветтик авторлордун катарына кошулган.
1993-2003-жылдары Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп иштөө менен эки элдин достук байланышын бийик деңгээлге көтөрүп, кыргыз акын-жазуучуларына колдоосун ар тараптуу көрсөтүп келди. Мухтар Шахановго Кыргызстанда Кыргыз эл акыны наамы жана Данакер ордени ыйгарылган.
Акындын артында эмгектери калды. Анын элеси кыргыз элинде да өз уулу катары түбөлүк калат!
Кошуңуз, Мухтар ага!