https://sputnik.kg/20260420/zhaparov-shakhanovdun-kaza-tapkanyna-baylanyshtuu-konul-aytty-1100885379.html
"Бүтүндөй бир доор кетти". Жапаров Шахановдун дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты
"Бүтүндөй бир доор кетти". Жапаров Шахановдун дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер Мухтар Шахановдун дүйнө салгандыгына байланыштуу казак калкына... 20.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-20T13:23+0600
2026-04-20T13:23+0600
2026-04-20T13:29+0600
кыргызстан
казакстан
садыр жапаров
касым-жомарт токаев
мухтар шаханов
көңүл айтуу
https://sputnik.kg/img/07e9/08/16/1096041483_0:216:2874:1833_1920x0_80_0_0_0c5f48b9f276caf7eecfcbb313437901.jpg
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер Мухтар Шахановдун дүйнө салгандыгына байланыштуу казак калкына жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты. Бул туурасында анын маалымат кызматы кабарлады. Төмөндө телеграмманы толук беребиз: "Мухтар ага боордош казактын эле эмес, калдайган кыргыз элинин дагы калк агасы, таянар тоосу эле. Демек, кыргыз журтчулугу дагы бир аскар тоосунан, дагы бир рухий таянычынан ажырап, бир капталы эңшерилип, жүрөгү канап турган учуру. Мындай залкар инсандардын келбес жайга кетишин элибизде "билгенге бүтүндөй бир доор кетти" деп коюшат. Чындыгында эле Мухтар аганын акка моюн сунушу менен бүтүндөй түрк ааламынан бир доор кетти, аттиң дүйнө... Казак бабаларыбыздын адилеттик үчүн кандан, бектен кайра тартпаган көк жал мүнөзүн боюна сиңирген Муктар ага тээ совет доорунда эле, андан кийин деле Ата Мекенинин тагдыры үчүн кара жанын канжыгага байлап, чындыкты чыркырата бетке айтып келгени алыс-жакынга жакшы маалым. Учурунда куугунтукка кабылса да моюн бербей, Желтоксан окуясы боюнча ачык пикирин жалтанбастан айтып турганы эсибизде. Төөнүн эки өркөчүндөй бир тууган казак-кыргызга бирдей күйгөн анын акындык жана атуулдук үнү тоолор менен талаалардын жаңырыгындай туюлчу эле. Айрыкча, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен ага-инилик мамилеси эки элдин бир тууганчылыгын арттырууда өчпөс из калтыргандыгын өзгөчө канагаттануу менен белгилейт элем. Кадырлуу казак боордоштор! Бүгүн мына ушундай таланты таш жарган мекенчил уулунан ажырап, кан жутуп турган бир тууган казак агайындарга, акындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белди бекем бууп, кайрат кылыңыздар!" — деп айтылган телеграммада. Эске салсак, кечээ, 19-апрелде, кыргызстандыктардын сүйүктүү инсаны, үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун досу Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн өттү.
https://sputnik.kg/20260207/zhaparov-konul-ajtuu-pakistan-terakt-1099590927.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/16/1096041483_72:0:2803:2048_1920x0_80_0_0_d40898d07ae8faeb2d1255186b93198b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, садыр жапаров, касым-жомарт токаев, мухтар шаханов, көңүл айтуу
кыргызстан, казакстан, садыр жапаров, касым-жомарт токаев, мухтар шаханов, көңүл айтуу
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер Мухтар Шахановдун дүйнө салгандыгына байланыштуу казак калкына жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты. Бул туурасында анын маалымат кызматы кабарлады.
"Ардактуу Касым-Жоомарт Кемел уулу! Кадырлуу казак агайындар! Казактын улуу уулу, Кыргыз эл акыны, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстандын Кыргызстандагы туңгуч элчиси, Чыңгыз Айтматовдун жана мүлдө кыргыз элинин досу Мухтар Шаханов дүйнө салды деген суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдым", — деген Жапаров.
Төмөндө телеграмманы толук беребиз:
"Мухтар ага боордош казактын эле эмес, калдайган кыргыз элинин дагы калк агасы, таянар тоосу эле. Демек, кыргыз журтчулугу дагы бир аскар тоосунан, дагы бир рухий таянычынан ажырап, бир капталы эңшерилип, жүрөгү канап турган учуру. Мындай залкар инсандардын келбес жайга кетишин элибизде "билгенге бүтүндөй бир доор кетти" деп коюшат. Чындыгында эле Мухтар аганын акка моюн сунушу менен бүтүндөй түрк ааламынан бир доор кетти, аттиң дүйнө...
Казак бабаларыбыздын адилеттик үчүн кандан, бектен кайра тартпаган көк жал мүнөзүн боюна сиңирген Муктар ага тээ совет доорунда эле, андан кийин деле Ата Мекенинин тагдыры үчүн кара жанын канжыгага байлап, чындыкты чыркырата бетке айтып келгени алыс-жакынга жакшы маалым. Учурунда куугунтукка кабылса да моюн бербей, Желтоксан окуясы боюнча ачык пикирин жалтанбастан айтып турганы эсибизде.
Төөнүн эки өркөчүндөй бир тууган казак-кыргызга бирдей күйгөн анын акындык жана атуулдук үнү тоолор менен талаалардын жаңырыгындай туюлчу эле. Айрыкча, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен ага-инилик мамилеси эки элдин бир тууганчылыгын арттырууда өчпөс из калтыргандыгын өзгөчө канагаттануу менен белгилейт элем.
Кадырлуу казак боордоштор!
Бүгүн мына ушундай таланты таш жарган мекенчил уулунан ажырап, кан жутуп турган бир тууган казак агайындарга, акындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Белди бекем бууп, кайрат кылыңыздар!" — деп айтылган телеграммада.
Эске салсак, кечээ, 19-апрелде, кыргызстандыктардын сүйүктүү инсаны, үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун досу
Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн өттү.