Диетолог адамдын тынч уйкусун шарттаган азыктар менен суусундуктарды атады

Дарыгер баарынан да алкоголь адамдын эс алуусуна терс таасир берерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Түнү жакшы укташ үчүн эмне жеш керек экенин Sputnik радиосуна курган маегинде диетолог Людмила Денисенко түшүндүрүп берди.
Адис жатканга чейин үч саат мурун тамактануу туура деп белгилеген.
"Дээрлик бардык сүт азыктары, йогурт, сүт, өзгөчө сыр адамды уктатуучу элементтер бар триптофан аминокислотасын жана кальцийди камтыйт. Ошондуктан уктаар алдында бир стакан йогурт ичип алган адамдын ашказанына ал ашыктык кылбайт, тескерисинче, тынчтандыруучу дары ичкендей болуп калат. Үндүктүн этинде да триптофан көп, андыктан кечки тамакка үндүктүн этин кошуу менен тынч уйкуну камсыздаса болот. Банан, курманын жана башка мөмөлөрдүн кагы, көп эмес жаңгак да уйкуну жакшырта турган азыктарга кирет", — деген Денисенко.
Диетолог чай жана өсүмдүк майы да жакшы уктоого жардам берерин белгилеген. Бардык чайлар, өзгөчө ромашка, вербена кошулган чөп чайлар адамдын мээсин сергитип, тынчтандырат.
"Чайды түнү, өзгөчө уктаар алдында ичкен оң. Өсүмдүк майлары да ошондой таасир бере алат, мисалы, күнжүт майынын жыты эле адамдын нервин эс алдырып, жакшы укташын шарттайт", — деген эксперт.
Дарыгер уйкуну буза турган азыктарды да атаган. Айтымында, куурулган, майлуу, ышталган тамак-аштар ашказанга оор келгендиктен адам уктаганда кыйналат. Мындан тышкары, кофе, шоколад, ачуу азыктар да ашказанды дүүлүктүрүп, уйкуну бузушу мүмкүн экенин кошумчалаган. Диетолог баарынан да алкоголь адамдын эс алуусуна терс таасир берерин, анын аз дозасы уйкуну келтириши мүмкүн экенин, бирок баары бир организм жакшы эс ала албай турганын белгилеген.
Сомнолог уйкунун бузулушу семирүүнү шарттай турганын эскертти