https://sputnik.kg/20240916/den-sooluk-dietolog-ujku-tamaktanuu-1088724708.html
Диетолог адамдын тынч уйкусун шарттаган азыктар менен суусундуктарды атады
Диетолог адамдын тынч уйкусун шарттаган азыктар менен суусундуктарды атады
Sputnik Кыргызстан
Дарыгер баарынан да алкоголь адамдын эс алуусуна терс таасир берерин белгилеген. 16.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-16T09:11+0600
2024-09-16T09:11+0600
2024-09-16T09:29+0600
кыргызстан
ден соолук
диетолог
уйку
тамактануу
https://sputnik.kg/img/07e8/06/12/1086197273_0:161:3068:1887_1920x0_80_0_0_b3c91b48a57fe3f2bc60ec4529c0565f.jpg
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Түнү жакшы укташ үчүн эмне жеш керек экенин Sputnik радиосуна курган маегинде диетолог Людмила Денисенко түшүндүрүп берди. Адис жатканга чейин үч саат мурун тамактануу туура деп белгилеген.Диетолог чай жана өсүмдүк майы да жакшы уктоого жардам берерин белгилеген. Бардык чайлар, өзгөчө ромашка, вербена кошулган чөп чайлар адамдын мээсин сергитип, тынчтандырат."Чайды түнү, өзгөчө уктаар алдында ичкен оң. Өсүмдүк майлары да ошондой таасир бере алат, мисалы, күнжүт майынын жыты эле адамдын нервин эс алдырып, жакшы укташын шарттайт", — деген эксперт.Дарыгер уйкуну буза турган азыктарды да атаган. Айтымында, куурулган, майлуу, ышталган тамак-аштар ашказанга оор келгендиктен адам уктаганда кыйналат. Мындан тышкары, кофе, шоколад, ачуу азыктар да ашказанды дүүлүктүрүп, уйкуну бузушу мүмкүн экенин кошумчалаган. Диетолог баарынан да алкоголь адамдын эс алуусуна терс таасир берерин, анын аз дозасы уйкуну келтириши мүмкүн экенин, бирок баары бир организм жакшы эс ала албай турганын белгилеген.
https://sputnik.kg/20240619/somnolog-uyku-semiruu-1086193214.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/12/1086197273_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_2d248dd62fc5daef15d93095c86e4abf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ден соолук, диетолог, уйку, тамактануу
кыргызстан, ден соолук, диетолог, уйку, тамактануу
Диетолог адамдын тынч уйкусун шарттаган азыктар менен суусундуктарды атады
09:11 16.09.2024 (Жаңыртылды: 09:29 16.09.2024) Дарыгер баарынан да алкоголь адамдын эс алуусуна терс таасир берерин белгилеген.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Түнү жакшы укташ үчүн эмне жеш керек экенин
Sputnik радиосуна курган маегинде диетолог Людмила Денисенко түшүндүрүп берди.
Адис жатканга чейин үч саат мурун тамактануу туура деп белгилеген.
"Дээрлик бардык сүт азыктары, йогурт, сүт, өзгөчө сыр адамды уктатуучу элементтер бар триптофан аминокислотасын жана кальцийди камтыйт. Ошондуктан уктаар алдында бир стакан йогурт ичип алган адамдын ашказанына ал ашыктык кылбайт, тескерисинче, тынчтандыруучу дары ичкендей болуп калат. Үндүктүн этинде да триптофан көп, андыктан кечки тамакка үндүктүн этин кошуу менен тынч уйкуну камсыздаса болот. Банан, курманын жана башка мөмөлөрдүн кагы, көп эмес жаңгак да уйкуну жакшырта турган азыктарга кирет", — деген Денисенко.
Диетолог чай жана өсүмдүк майы да жакшы уктоого жардам берерин белгилеген. Бардык чайлар, өзгөчө ромашка, вербена кошулган чөп чайлар адамдын мээсин сергитип, тынчтандырат.
"Чайды түнү, өзгөчө уктаар алдында ичкен оң. Өсүмдүк майлары да ошондой таасир бере алат, мисалы, күнжүт майынын жыты эле адамдын нервин эс алдырып, жакшы укташын шарттайт", — деген эксперт.
Дарыгер уйкуну буза турган азыктарды да атаган. Айтымында, куурулган, майлуу, ышталган тамак-аштар ашказанга оор келгендиктен адам уктаганда кыйналат. Мындан тышкары, кофе, шоколад, ачуу азыктар да ашказанды дүүлүктүрүп, уйкуну бузушу мүмкүн экенин кошумчалаган. Диетолог баарынан да алкоголь адамдын эс алуусуна терс таасир берерин, анын аз дозасы уйкуну келтириши мүмкүн экенин, бирок баары бир организм жакшы эс ала албай турганын белгилеген.