Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын Куралдуу күчтөрү Николаевдеги ири ок-дары кампасына сокку урду

Sputnik
БИШКЕК, 17-май – Sputnik. РФтин Куралдуу күчтөрү Украинанын Николаев аймагындагы ок-дары сакталган ири жайларга ракеталардын тобу менен сокку уруп, объект талкаланды. Бул туурасында Россиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бүгүн түнү Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү алыска так тие турган ракеталар тобу менен деңизден Николаев шаарындагы кемелерди ремонттоочу ишкананын аймагында жабдылган ок-дары сакталчу ири кампага сокку урду. Сокку таамай тийди. Мелженген объект талкаланды", — деп билдиришкен РФтин Коргоо министрлигинен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украинанын "контрчабуулун" жылдырууда