Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия Украинанын "контрчабуулун" жылдырууда

© AP Photo / LIBKOSЗамбиректен атып жаткан украин аскерлери. Архив
Замбиректен атып жаткан украин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
Киев жарым жылдан ашуун убакыттан бери эле кайра-кайра жар салып, бирок "контрчабуулун" улам жылдырып келет. Украина Куралдуу күчтөрүнүн даярдыгы тийиштүү деңгээлде эмес, натолук аскердик техника жана ок-дары тартыш...
Украиналык президент Владимир Зеленскийдин Батыш Европа өлкөлөрүн кыдырып, курал сураганы деле түзүлгөн кырдаалды өзгөртүп жибере албастыгын айтат аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автордун кезектеги макаласы да атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн кеп козгойт.
Украиналык диверсиялык-чалгындоочу же бирин-эки танк сүйрөткөн роталык тактикалык топтордун дайымкы активдүүлүгү чыныгы контрчабуул уюштура албайт. Ал ортодо Россиянын Куралдуу күчтөрү май айынын башында украиналык тарапка топтоштурулган таамай сокку уруу менен контрчабуул жасоо дараметин дагы басаңдатты. Буга Украина Куралдуу күчтөрүнүн Павлоград, Хмельницкий, Тернополь жана Днепропетровск облустарындагы резерв, аскер техникасы жана арсеналы топтолгон жергиликтүү Армагеддон айкын далил. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Хмельницкийге жакын жердеги россиялык соккудан улам талкаланган арсеналдарынын арасында натолук зениттик ок-дары, Storm Shadow канаттуу ракеталары, ошондой эле акталган уран кошулган дүрмөттөрү болгону маалым.
АКШ президенттигине аттанууга ниеттенген кенже Роберт Кеннединин айтымында, көз карандысыз үч америкалык булактар бир жыл ичинде украиналык күчтөр 300 миң аскеринен ажырап калган. Мындай маалымат россиялык атайын операциянын аскердик динамикасын таасын тастыктап, киевдик режимдин акыбалын даана мүнөздөйт.
"Вагнер" жеке аскер ишканасынын чабуулдук отряддары Артемовскиден украиналык бөлүктөрдүн калдыктарын четинен сүрүп чыгарууда. Бүгүнкү күндө Украина Куралдуу күчтөрү калаанын батышындагы эки пайыз территория менен көзөмөлдү кайра колуна алууга тырышууда. Кабаттуу үйлөрдүн отуз чактысын өздөрүнүн таяныч түйүндөрүнө айландырышкан. Украина тарап: "Бахмуттун көчөлөрүндө кан күйүп, оор салгылаш жүрүп" жатканын маалымдоодо.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, Артемовскинин түндүк жана түштүгүндө украиналык бөлүктөр россиялык күчтөрдүн тобун жиреп кирүүгө аракет кылышкан. Украина жак бурмалап кабарлаганы менен Москва касташкан тараптын мизи кайтарылганын билдирди. Мындан тышкары, аба чабуулдарынан коргонуучу россиялык каражаттар Британия тарабынан берилген, 250 чакырымдык аралыкка ылайык Storm Shadow канаттуу ракеталарын талкалоого киришти. Эске салсак, Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес аталган үндөн жай бул ракеталардын Украинага берилерин 11-майда эле кабарлаган. Бирок Storm Shadow варшавалык келишим менен мураска калган МиГ-29 жана Су-27 истребителдерине айкалыштырылары мурда эле айтылган.
Украина Куралдуу күчтөрү натолук F-16, Tornado же Eurofighter сокку уруучу учактарын алары да ажеп эмес. Анткени жүздөгөн ракеталарын аткыча эле МиГ-29 истребителинин жыйырма-отуз чактысы россиялык тараптын соккусу менен жок кылынышы толук ыктымал.
Долларовые купюры. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
АКШнын айласын кетире турган көйгөй дефолт эмес, башка. Экономисттин пикири
Окуялар мындан ары кандай өнүгөрүн Батыштагылар болжой албай турат. The American Conservative басылмасы согушту узартуу анын кеңейишине, АКШнын катышуусундагы эскалацияга кептеп коёрун эскертет.
Киевдик режимдин лидеринин Берлинге жасаган мурдагы күнкү сапарынын жүрүшүндө Германия бийлиги Украина Куралдуу күчтөрүнө аскердик жардамды эки эсе көбөйтүүгө убада кылды. Эске салсак, ушул убакка дейре алар тарабынан 2,75 млрд. еврого көмөк көрсөтүлгөн. Жардамдын жаңы топтомунда 20 аскердик Marder пехота машинасы, 30 заманбапташтырылган Leopard 1 A5 танкы, 18 дөңгөлөктүү гаубица, 100 ок өткөрбөс унаа, 200дөн ашуун учкучсуз чалгындоочу аппарат, артиллериялык дүрмөт, залптык октун реактивдүү тутуму, IRIS-T SLM аба чабуулдарынын коргонуучу төрт тутум үчүн ракеталар камтылмакчы. ФРГ өкмөтү өндүрө турган заводго жалпы жонунан Leopard 1 А5 танкынан 178 даанасын заманга бапташтырып жана Киевди камсыздоого тастыктама берди.
Аларга катар эле Франция да Украина Куралдуу күчтөрүнүн механизациялаштырылган бригадаларын ондогон AMX-10RC ок өткөрбөс чалгындоочу унаалар менен камсыздоону, франциялык аскер техникасын пайдалануу боюнча украиналык адистерди даярдоону улантууну чечти. Батыш Европанын мындай милитаризациясы Европа биримдигинин, дегеле европалык коопсуздук тутумунун бузулганын айгинелейт.
Андан мурун эле АКШ Украинага дагы 1,2 млрд. долларга аскердик жардам берери кабарланган. Анткен менен, Пентагондун мурдагы башчысынын кеңешчиси Дуглас Макгрегордун баамында мындай көлөм да Украина Куралдуу күчтөрүнүн оор ок өткөрбөс техникадагы жоготууларынын ордун толуктай албайт.
Буга чейин украиналык күчтөр 9169 танк жана башка ок өткөрбөс унаасынан кол жууду. НАТОнун "чечкиндүү колдоосу" өнүктүргөндүн ордуна украиналык мамлекеттүүлүктүн талкаланып, аскер кызматын аркалай турган бөлүгүнүн жок болушуна кептеп отурат. Ошол эле учурда НАТОдогулар Украинанын альянска кирүү жолун кыскартып же тездетүүгө ашыгышпайт. Вильнюста июль айында өтө турган саммитте да бул маселе талкууланбай турганы анык.
The American Conservative басылмасы: "Альянстын алдын-артын карабай туруп, Украинаны НАТОго кабылдоого 2008-жылы берген убадасына карабастан, америкалык да, европалык мүчөлөрү да Киевди коргоп калууга өз жарандарын курмандыкка чалууга даяр эмес эле. Ошентсе да украиналык аскерлерге жамынып алып, россиялык жоокерлерди кантип өлтүрүүгө болорун өз ара талкуулоо акыры толук масштабдуу согуштук аракеттерге алып келиши толук ыктымал".
19FortyFive басылмасы "эмне үчүн Путинди утууга мүмкүн эмес?" деген суроо салып, окурмандарына: "Жеке АКШнын жана жалпы Батыштын курал-жарак, ок-дарысы жетиштүү эмес. Ошондон улам 2023-жылдын аягына дейре Украинаны куралдуу жаңжалдын алгачкы он төрт айындагыдай камсыздай албай калат", — деп ачык эле түшүндүрөт. Ал эми курал жагынан камсыздоо болбосо, Европа биримдигинин тышкы саясий башчысы Жозеп Боррелдин пикиринде, Киев "саналуу күндөр ичинде" өзүн-өзү коргой албай калат.
Америкалык The National Interest басылмасы: "АКШ Украинада Россия менен тирешке кирип, жаңылыштык кетирди", — деп кошумчалады. Жамааттык Батыш россиялык атайын аскердик операциянын узактыгы жана географиясына карабастан эбак утулду. Украинанын Россия менен күрөшүүгө жетишерлик күчү жоктугу башынан эле айкын болчу.
Украиналык согуштук аракеттер театрында АКШ менен НАТО өзүнүн аскерий алсыздыгын өздөрү таң калуу менен даана көрө алышты. Түндүк атлантикалык альянсты кезектеги жеңилүүдөн кийин дүйнөлүк масштабдагы кырсык гана "сактап калчудай"...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
НАТОнун Норвегиядагы машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
НАТО менен байланышкан акыркы келишим. Россия "алакага" биротоло чекит койду
Жаңылыктар түрмөгү
0