Төрага Шакиев эл аралык олимпиаданы уткан 12 окуучуну куттуктап, планшет тапшырды

Коңшу өлкөдө уюштурулган сынакка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды

2 / 4

Казакстан тарабынан уюштурулган сынакка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 бала жеңишке жетишкен

3 / 4

Шакиев алдыңкы орундарды багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап, окуткан мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирген

4 / 4

Муну менен катар ал мындан ары да илим жана билим берүү жаатындагы ар кандай эл аралык мелдештерде ийгилик жараткандарга да татыктуу көңүл буруу керектигин кошумчалаган.

Казакстан тарабынан уюштурулган сынакка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 бала жеңишке жетишкен.
Шакиев алдыңкы орундарды багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап, окуткан мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирген.
"Бул жеңиш талыкпай окуп, күнү-түнү изденгениңердин үзүрү деп билебиз. Андыктан силердей билимдүү жаштарыбыздын бар экени өлкөбүздүн келечегинин кең экенинен кабар берет", – деди спикер.
Муну менен катар ал мындан ары да илим жана билим берүү жаатындагы ар кандай эл аралык мелдештерде ийгилик жараткандарга да татыктуу көңүл буруу керектигин кошумчалаган.
Жолугушуунун алкагында төрага жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан заманбап планшеттерди тапшырды.
Кыргызстандык 26 балбан күрөш боюнча Астанадагы Азия чемпионатына катышат