Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Үйгө аман кайтасыңар! ЛЭР украиналык аскерлер тарапка агитснаряд аткан видео

Баракчада куралын тапшырып, өз ыктыяры менен колго түшүп берген каршы тараптын аскерлеринин коопсуздугу сакталары кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Россия менен Луганск Элдик Республикасынын ортосунда, Золотое шаарында калган украиналык аскерлерге тирүү чыкканга мүмкүнчүлүк берилип, агитациялык снаряддар атылды. Бул тууралуу tvzvezda.ru басылмасы кабарлады.
Маалыматта снаряддар абадан жарылгандай кылып орнотулуп, ичиндеги миңдеген баракча бир жерге чейин чачылары айтылган. Анда куралын тапшырып, өз ыктыяры менен колго түшүп берген каршы тараптын аскерлеринин коопсуздугу сакталары кабарланган.
Луганскилик Куралдуу күчтөрдүн курамына кирген Вадим агитснаряддарды бир нече ирет аткандыгын, муну зарылдыгына жараша уланта берерин айтты.
"Украиналык нацисттерге акыркы ирет колго түшүп бергиле деп эскертип жатабыз. Эгерде снаряддарды согуштук түрүнө алмаштырсак, алар үйүнө коштошуу катын жазганга жетишпей калат", — деген Луганск Элдик Республикасынын милициясынын артиллеристи.
Маалыматта ал аймакта аскердик тик учактар да жүргөнү айтылат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасста Светлодарск шаары бошотулуп, эл эмоциясын билдирген видео