Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Үйгө аман кайтасыңар! ЛЭР украиналык аскерлер тарапка агитснаряд аткан видео

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАгитснаряд менен атуу
Агитснаряд менен атуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
Баракчада куралын тапшырып, өз ыктыяры менен колго түшүп берген каршы тараптын аскерлеринин коопсуздугу сакталары кабарланган.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Россия менен Луганск Элдик Республикасынын ортосунда, Золотое шаарында калган украиналык аскерлерге тирүү чыкканга мүмкүнчүлүк берилип, агитациялык снаряддар атылды. Бул тууралуу tvzvezda.ru басылмасы кабарлады.
Маалыматта снаряддар абадан жарылгандай кылып орнотулуп, ичиндеги миңдеген баракча бир жерге чейин чачылары айтылган. Анда куралын тапшырып, өз ыктыяры менен колго түшүп берген каршы тараптын аскерлеринин коопсуздугу сакталары кабарланган.
Луганскилик Куралдуу күчтөрдүн курамына кирген Вадим агитснаряддарды бир нече ирет аткандыгын, муну зарылдыгына жараша уланта берерин айтты.
"Украиналык нацисттерге акыркы ирет колго түшүп бергиле деп эскертип жатабыз. Эгерде снаряддарды согуштук түрүнө алмаштырсак, алар үйүнө коштошуу катын жазганга жетишпей калат", — деген Луганск Элдик Республикасынын милициясынын артиллеристи.
Маалыматта ал аймакта аскердик тик учактар да жүргөнү айтылат.
Луганск Эл Республикасынын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасста Светлодарск шаары бошотулуп, эл эмоциясын билдирген видео
Жаңылыктар түрмөгү
0