Бишкекте уран маселеси боюнча эки митинг өтүп жатат. Сүрөт

Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте уранга каршы эки митинг өтүүдө.

Биринчисин жашылдар партиясынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтында уюштурду. Алар соттун борбордук аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечимине карашкан жок.

Экинчи митингди Ысык-Көл облусунун тургундары Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө.

Равшан Жээнбековду жулкулдатып, микрофонун жулуп алышты. Митингдеги видео
Алардын талаптары — Ысык-Көл облусунда жана бүтүндөй Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салуу.

Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өттү. 29-апрелде Балыкчыда уранга каршы жүрүш болгон. 22-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги ишти убактылуу токтотуу боюнча буйрук берген. Кенди чалгындоо үчүн лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2010-жылы алган. Ишкана кенди иштетүүгө дагы уруксат алууну пландап жаткан болчу. Бирок, 25-апрелде, Кубатбек Боронов жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда лицензия артка чакыртылганын билдирген. Анткен менен кийинчерээк лицензия 27-апрелде артка кайтарылганы белгилүү болду.