00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
45 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Все, что нас окружает — незримое действие Конституции — разговор о главном законе страны
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согушта ага лейтенант наамына жеткен Султан Сарыбаев
19:06
29 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уран кенин иштетүүгө тыюу салынганы айтылды. Компания кандай пикирде

© © SputnikЫсык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кени. Архив
Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиясы боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районунун тургундары менен жолугуу маалында билдирди.

Маалыматка караганда, кенди иштетүү боюнча UrAsia in Kyrgyzstan компаниясына берилген лицензия кайтарып алынды.

"Лецезияны кайтарып алдык. Эми аталган компаниянын кенди иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө акысы жок. Лицензия жок болгондон кийин иш жүргүзүү мыйзамсыз", — деди Боронов.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары компаниянын жетекчиси Светлана Менг менен байланышты.

"Ведомстволор аралык комиссия бул маселени карап жатат. Бирок эгер вице-премьер ушундай деп айткан болсо, демек ошондойдур. Чынында кандай комментарий берүүнү да билбей турам, себеби бизге бул боюнча расмий маалымат бериле элек", — деди Менг.

Ал эми "Лицензияны кайтарып алууга укуктук негиздер барбы?" - деген суроого: "Албетте бар, мыйзам буга жол берет",- деди ал.

Кыргызстандагы радиоактивдүү металлдар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы жеринде уран чыгат. Радиоактивдүү карта
Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жыйынында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков жана Алтынбек Сулайманов Кыргызстандын аймагында уран кенин иштетүүгө жана чалгындоого 50 жылдык мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдиришти. Кесиптештеринин бул демилгесин бир катар эл өкүлдөрү колдоого алды.

Эске салсак, буга чейин UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун жана Нарындын Кочкор районунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиясы боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон. Социалдык тармактарда элди уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн бир нече аудио, видео билдирүүлөр тараган. Ошондой эле аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Кийин премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кызыл-Омполдогу уранды чалгындап жаткан UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын таржымалы тууралуу кенен маалымат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0