Анталиядан алданып арызданган мигранттарга айлык төлөнө баштады

Буга чейин социалдык тармактарда Түркияда 46 мекендеш көчөдө калды деген таризде маалымат тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Анталияга иштегени барып 2,5 айдан бери эмгек акысын ала албай жаткан Кыргызстандын жарандарына маяна төлөнө баштады. Бул туурасында жабырлануучулардын бири кабарлады.

Бармак тиштеп каларың бат эле. Миграция азабын тарткан Түркиядагы кыргыз кыздары
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Түркияда 46 мекендеш көчөдө калды деген таризде маалымат тараган. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын чоо-жайын териштирип тараптардын пикирин уккан. Натыйжада улан-кыздарды Бишкектен "Фиеста сервис" компаниясы жөнөтүп, бирок келишимди так аткарбаганы, маяна 2,5 айдан бери төлөнбөй, имгранттардын кайтуусу үчүн билет алып бербей жатканы белгилүү болгон.

"Биринчи этап менен кете турган 17 адамга айлык төлөп беришти. Бүгүн кечке чейин билет алып берери күтүлүүдө. Алар кеткенден кийин калганынын акчасын берүүнү убадалашты. Мен да экинчи этап менен кетем", — деди ал.

Арызданып чыккан мекендештер Анталиянын Кемер шаарындагы "Авангард" деп аталган мейманканасында иштеген.