Түркияда Кыргызстандын 46 жараны көчөдө калдыбы? Окуянын чоо-жайы

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуТүркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж
Түркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдөн жумуш берүүчү компаниялардын "тузагына" түшкөн кыргызстандыктар байма-бай арызданып келишет. Бул ирет мындай маселе Анталияда болду.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Түркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж. Аларга иш берүүчүлөр үч айдан бери айлык төлөбөй, кайтканына билет алып бербей жатат, ал эми элчилик кайдыгер болууда. Мындай билдирүүнү Батма Казакбаева аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жазып чыкты.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуТүркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж
Түркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж - Sputnik Кыргызстан
1/4
Түркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуАларга иш берүүчүлөр үч айдан бери айлык төлөбөй, кайтканына билет алып бербей жатат, ал эми элчилик кайдыгер болууда
Аларга иш берүүчүлөр үч айдан бери айлык төлөбөй, кайтканына билет алып бербей жатат, ал эми элчилик кайдыгер болууда - Sputnik Кыргызстан
2/4
Аларга иш берүүчүлөр үч айдан бери айлык төлөбөй, кайтканына билет алып бербей жатат, ал эми элчилик кайдыгер болууда
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуАрызданып жаткан мекендештер Анталия провинциясынын Кемер шаарындагы "Авангард" деген мейманканада иштеген.
Арызданып жаткан мекендештер Анталия провинциясынын Кемер шаарындагы Авангард деген мейманканада иштеген. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Арызданып жаткан мекендештер Анталия провинциясынын Кемер шаарындагы "Авангард" деген мейманканада иштеген.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуУшул жылдын май айында Бишкектен "Фиеста Сервис" компаниясы аркылуу кетишкен.
Ушул жылдын май айында Бишкектен Фиеста Сервис компаниясы аркылуу кетишкен. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ушул жылдын май айында Бишкектен "Фиеста Сервис" компаниясы аркылуу кетишкен.
1/4
Түркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж
2/4
Аларга иш берүүчүлөр үч айдан бери айлык төлөбөй, кайтканына билет алып бербей жатат, ал эми элчилик кайдыгер болууда
3/4
Арызданып жаткан мекендештер Анталия провинциясынын Кемер шаарындагы "Авангард" деген мейманканада иштеген.
4/4
Ушул жылдын май айында Бишкектен "Фиеста Сервис" компаниясы аркылуу кетишкен.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылды.

Арызданып жаткан мекендештер Анталия провинциясынын Кемер шаарындагы "Авангард" деген мейманканада иштеген. Ушул жылдын май айында Бишкектен "Фиеста Сервис" компаниясы аркылуу кетишкен. Алардын бири атын атабоо өтүнүчү менен окуя тууралуу баяндап берди.

"Эки айдан бери 46 киши айлыгыбызды ала албай жатабыз. Айлабыз кеткенде Кыргызстандан "Фиеста Сервис" аркылуу өндүрөбүз деп кетүүнү чечтик. 13-октябрда саат 8.30га билет алганын айткан. 17 киши аэропортко барсак жалган болуп чыкты. Анан компаниянын өкүлү кайра Анталияга алып барып жатаканага жайгаштырды. Ошол бойдон маселе чечилбей жатат. Жөнөткөн компанияга 280 доллар төлөгөнбүз. Айлыкты 400 доллардан кем болбой деген, бирок 270ке араң жетүүдө. Жатакана, тамак-ашы начар, келгенден бери эле күрүч жеп атабыз", — деди мекендеш.

Ал эми 24 жаштагы Улан 13-октябрда ызы-чуу болуп жатканда эжесине билет алдырып Бишкекке келе бергенин айтат. Компаниянын бул жактан айткан шарттары барганда такыр башкача болуп таң калганын белгиледи.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда акча агып жаткан жок! Элчи Ибрагим Жунусов КР мигранттары тууралуу
"Мейманкана "азыр акча жок болууда, артыңардан салабыз" дегенде аргасыз макул болуп кетүүгө камындык. Электрондук билет алынды дегенинен барып тизмеден таппай калдык. Авиакомпаниядан сурасак билеттерди алгач брондоп, бир сааттан кийин кайра баш тартып койгон деди. Бизди бул жактан "Фиеста Сервис" компаниясы жөнөткөн. Эски контейнердин ичинде жашадык. Интернет жок, кондиционер иштебейт, бир бөлмөдө алтыдан жаттык. Биринчи айлыкты ызылдап отуруп 2,5 айда араң алдык. Ушундай шартта бирөө үч жашар баласы менен жашап жүрдү", — деди ал.

"Фиеста Сервис" компаниясынын жетекчиси Канат Чынботоев 46 кыргызстандык көчөдө калды деген билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтат. Учурда алар маселени чечүү иштери менен чуркап жүргөнүн билдирди.

"Бир аз күткүлө дегенибизди укпай, алдын ала брондолгон билет менен аэропортко барып алышкан. Анткени 15-октябрда айлык алышмак. Ооба, августтун жарымына, сентябрга маяна бериле элек. Мейманкана карыз болуп маселе жаралган экен. Муну чечип берүүнү убадалаганбыз. Анан башында эки жарым ай кечигип айлык алдык дегени туура эмес. Анда бизди тытып-жеп коймок да", — деди Чынботоев.

Ал эми жашоо-шарты боюнча эч кандай жомокту убада кылбаганын, тескерисинче ачык-айкын көрсөткөнүн айтууда. Ошондой эле алар эс алууга эмес, иштегени барганын эске алышын белгилеп өттү.

"Ар бир жаран жөнөткөн компаниянын кызмат акысына 230 доллар төлөмөк. "Акчабыз жок, кредит алабыз" дешкенде жардам болсун деп жаныбыздан төлөп, кийин айлыктан бересиңер деп макулдашканбыз. Ошол акчаны алиге чейин берише элек. Баргандан кийин үчөө телефон уурдап иштен айдалган. Экөө келе берди. 13-окятбрда бирөө өз жанынан билет алып келген, ага акчасын беребиз. Калгандарынын маселесин чечилип, айдын аягына чейин Кыргызстанга алып келинет", — деди компаниянын директору.

Тышкы иштер министрилигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев бул окуяны Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Ситуация на курортах Турции в связи со спадом туристического потока из России - Sputnik Кыргызстан
Бармак тиштеп каларың бат эле. Миграция азабын тарткан Түркиядагы кыргыз кыздары
"Чынында "Фиасто сервис" компаниясы тиешелүү милдеттерин аткарган эмес. Вице-консул барып биздин жарандар соңку 2,5 айдан бери айлык албаганын тастыктады. Мейманкананын жетекчилери менен да сүйлөшүүдө. Жарандар Түркиядан чыгып кеткенче ошол мейманкада болушат. Буга чейин алар консулдукка кайрылган эмес, вице-консул маалыматты социалдык тармактын угуп барды", — деди Азимбакиев.

Ошондой эле ал кийин маселе жаралбашы үчүн ар бир жаран чет өлкөгө иш келишимин түзүп жатканда өз укугун жана милдетин так билип алышы керектигин эскертти.

Эскерте кетсек, бБуга чейин да мекендештер "Езекия" компаниясынын ушул эле Анталияга жумушка жиберип, бирок убадасынан тайып, алдап кеткенин айтып арызданышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0