Сулайманова: төрөттүн аралыгы кеминде 2 жыл болушу шарт
Төрөттүн аралыгы кеминде 2 жыл болушу керек. Бул тууралуу Минагүл Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул аралыкта организм эс алып, кийинки төрөткө даяр болуп калат.
"Аял улам биринин аракасынан бирин төрөй берсе өзүнө да, баласына да зыянын тийгизет. Төрөттүн аралыгы жок эле дегенде 2 жыл болушу шарт. Бул учурда организм эс алып, кийинки төрөткө даяр болуп калат", — деди дарыгер.
Ал эне баласын бир гана эмчек сүтү менен багышы керектигин кошумчалады.