Күн жылуу болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБотанический сад имени Энвера Гареева в Бишкеке
Ботанический сад имени Энвера Гареева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 10-14-декабрь күндөрүнө карата алынган аба ырайынын божомолун жарыялады.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Последствия сильного ветра в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти. Сүрөт
11-декабрда Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан жаабайт. 12-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаай турганы айтылды.

Ал эми 13-14-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Бишкек менен Ош шаарларында 10-12-декабрь күндөрү күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0