Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кочкорка в Нарыне
Село Кочкорка в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-окт.— Sputnik. 5-октябрда Кыргызстандын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +22…+27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +25…+27 градуска жетсе, Ош шаарында +26…+28 градус ысык болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0