Кыргызстан туризм боюнча рейтингде Казакстан менен Тажикстандан артта калды

© Sputnik / Роман Кручинин / Медиабанкка өтүүВсесезонный туристско-рекреационный комплекс "Эльбрус" в Кабардино-Балкарии
Всесезонный туристско-рекреационный комплекс Эльбрус в Кабардино-Балкарии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм рейтинги эки жылда бир жолу жарыяланат. Мурдагысында Кыргызстан 116-орунда болчу.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк экономикалык форумда сунушталган Туризм тармагындагы атаандаштык боюнча The Travel and Tourism Competitiveness Report аттуу дүйнөлүк индексте Кыргызстан 115-орунду ээледи.

Ал эми буга чейинки тизмеде Кыргызстан 116-орунда болчу. Андан бери Кыргызстан өз көрсөткүчүн бир гана баскычка жогорулата алган. Аналитиктер жалпысынан 136 өлкөдөгү абалды иликтеп чыгышты.

Рейтингдин көч башында Испания турат. Экинчи орунду Франция ээлесе, үчүнчү орунга Германия татыган. Ал эми биринчи ондукка Япония, Улуу Британия, АКШ, Австралия, Италия, Канада жана Швейцария кирди.

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Каракол лыжачылар үчүн арзан шаардын катарына кирди
Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Эстониянын көрсөткүчү (37-орун) эң мыкты. Андан кийин Россия (43-орун), Латвия (54-орун), Литва (56-орун), Грузия (70-орун) Азербайжан (71-орун) турат.

Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан 81-орунга чыгып, көч башында. Андан кийин Украина 88-орунга татыса, Тажикстан 107-орунду ээлеп, Кыргызстанды артта калтырды. 2015-жылдын жыйынтыгы менен Тажикстан 119-орунда болчу. Ал эми эң начар көрсөткүчкө Кыргызстан (115-орун) татыды.

Аталган рейтинг 2007-жылдан бери эки жыл сайын өткөрүлүп келет. Аны түзүүдө мамлекеттеги абал, коопсуздук, ишкердикке түзүлгөн шарт, өлкөнүн дүйнөгө ачыктыгы жана баалардын атаандаштыгы эске алынат. Ошондой эле экологиянын корголушу, туристтик жана транспорттук инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой элемамлекеттин маданий мурастарга болгон мамилеси да каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0