https://sputnik.kg/20261128/kyrgyz-darygerleri-tazhryjba-almashat-1105177747.html
Кыргызстандык дарыгерлер энелердин өлүмүн азайтуу боюнча Беларустан тажрыйба топтойт
Кыргызстандык дарыгерлер энелердин өлүмүн азайтуу боюнча Беларустан тажрыйба топтойт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык дарыгерлер эне менен баланын саламаттыгын сактоо боюнча Беларустан тажрыйба топтоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 28.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-28T15:00+0600
2026-11-28T15:00+0600
2026-11-28T15:00+0600
кыргызстан
беларусь
дамир осмонов
эне
бала
саламаттык
тажрыйба
энелер өлүмү
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1c/1105176883_0:165:1280:885_1920x0_80_0_0_d88322f0c6a4c290052d67f475b113cf.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык дарыгерлер эне менен баланын саламаттыгын сактоо боюнча Беларустан тажрыйба топтоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Ташкентте өткөн жолугушууда макулдашты. Ал Беларустун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Борис Андрасюк менен бул маселени талкуулаган. Эми кыргызстандык медиктер квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба топтоо үчүн Минскидеги ооруканаларга жөнөтүлөт. Беларустан алынган билим жана тажрыйба Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иш жүзүндө колдонулат. Бул кызматташтык энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган "Үмүт" мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат.
https://sputnik.kg/20261022/kyrgyzstan-enelerdin-olumu-34-pajyzga-azajdy-1104448762.html
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1c/1105176883_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_f0a75b841b57557a64c496dbd7c903a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, беларусь, дамир осмонов, эне, бала, саламаттык, тажрыйба, энелер өлүмү
кыргызстан, беларусь, дамир осмонов, эне, бала, саламаттык, тажрыйба, энелер өлүмү
Кыргызстандык дарыгерлер энелердин өлүмүн азайтуу боюнча Беларустан тажрыйба топтойт
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык дарыгерлер эне менен баланын саламаттыгын сактоо боюнча Беларустан тажрыйба топтоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Ташкентте өткөн жолугушууда макулдашты. Ал Беларустун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Борис Андрасюк менен бул маселени талкуулаган.
Эми кыргызстандык медиктер квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба топтоо үчүн Минскидеги ооруканаларга жөнөтүлөт.
"Алар кош бойлуулукту көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмаларын, төрөт учурундагы татаалдашуулардын алдын алууну, түйүлдүктөгү тубаса жана хромосомалык ооруларды эрте аныктоону үйрөнүшөт. Ошондой эле ультраүндүк жана пренаталдык диагностика боюнча кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүшөт", – деп айтылат маалыматта.
Беларустан алынган билим жана тажрыйба Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иш жүзүндө колдонулат. Бул кызматташтык энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган "Үмүт" мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат.