https://sputnik.kg/20261022/kyrgyzstan-enelerdin-olumu-34-pajyzga-azajdy-1104448762.html
Өлкөдө энелердин өлүмү 34 пайызга азайды. Мамлекет кандай жардам көрсөтүүдө?
Өлкөдө энелердин өлүмү 34 пайызга азайды. Мамлекет кандай жардам көрсөтүүдө?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлды. 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T15:55+0600
2026-10-22T15:55+0600
2026-10-22T15:56+0600
кыргызстан
ден соолук
медицина
эне
жардам
https://sputnik.kg/img/103377/59/1033775971_0:145:5200:3070_1920x0_80_0_0_375798cc405d616c5ed52f41583ab82b.jpg
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлды. Энелердин өлүмүн алдын алуу жана үй-бүлөнү туура пландоо максатында мамлекет заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу катмардагы аялдарга дагы толук жеткиликтүү болот.Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга жана төрөттөн кийинки мезгилдеги жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз берилет.Бул жеңилдиктер аялдарга квалификациялуу медициналык кызматтардан толук кандуу пайдаланууга жана дары-дармекти жеңилдетилген баада же акысыз алууга шарт түзөт.
https://sputnik.kg/20261014/uura-emes-tamaktanuu-ooru-bala-1104279904.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103377/59/1033775971_512:0:5140:3471_1920x0_80_0_0_de6c50511da8e44241258b101c7a995d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ден соолук, медицина, эне, жардам
кыргызстан, ден соолук, медицина, эне, жардам
Өлкөдө энелердин өлүмү 34 пайызга азайды. Мамлекет кандай жардам көрсөтүүдө?
15:55 22.10.2026 (Жаңыртылды: 15:56 22.10.2026) БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлды.
“Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде жалпысынан 23 аял каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кыйла азайганын тастыктайт”, — деп айтылат маалыматта.
Энелердин өлүмүн алдын алуу жана үй-бүлөнү туура пландоо максатында мамлекет заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу катмардагы аялдарга дагы толук жеткиликтүү болот.
Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга жана төрөттөн кийинки мезгилдеги жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз берилет.
Бул жеңилдиктер аялдарга квалификациялуу медициналык кызматтардан толук кандуу пайдаланууга жана дары-дармекти жеңилдетилген баада же акысыз алууга шарт түзөт.