https://sputnik.kg/20261127/tramp-ryuttege-syurpriz-zhasady--1105157361.html
ЖМК: Трамп Рютте күтпөй турган кадамды таштады
ЖМК: Трамп Рютте күтпөй турган кадамды таштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолуккандан кийин Украина тууралуу биргелешкен билдирүүгө... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T10:39+0600
2026-11-27T10:39+0600
2026-11-27T10:40+0600
дүйнөдө
акш
нато
украина
россия
дональд трамп
марк рютте
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/14/1105016829_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_606078f58d743a8f06df510fd3fb8eff.jpg.webp
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолуккандан кийин Украина тууралуу биргелешкен билдирүүгө өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул туурасында Politico басылмасына таянып РИА Новости жазды. Басылманын маалыматына караганда, баштапкы документте Россияга жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан баш тартуу сунушталган. Бирок кийинчерээк Трамп текстти өзгөртүп, бул Москвага да, Киевге да тиешелүү экенин жазган. НАТОнун атын атабаган өкүлүнүн айтымында, алгачкы вариант эки тарап менен тең макулдашылган. Бул АКШнын президенти түзөтүүлөрдү бир тараптуу киргизгенин көрсөтөт. Мындай кырдаал Трамп менен Владимир Зеленскийдин ортосундагы чыңалуунун дагы деле чыйралган тейде турганын айгинелейт. Анткени Зеленский Россиянын маанилүү инфраструктурасына, мунай иштетүүчү заводдоруна (МЭЗ) сокку урууну токтотуудан баш тартууда. Трамп менен Рютте кечээ АКШ лидеринин Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында жолуккан. Тараптар биргелешкен билдирүүсүндө Украина боюнча тынчтык келишимин мүмкүн болушунча тез арада түзүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле Россияны жаңжалдын жайылышына алып келген кадамдардан баш тартууга чакырышкан. Бул боюнча пикирин билдирген Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков "америкалык лидер, кыязы, Украина бийлиги согуштун аймагын кеңейтүүгө аракет кылып жатканын айткысы келген окшойт" деди.
https://sputnik.kg/20261103/aksh-natodon-kiyevge-ketken-2-mlrd-dollardy-talap-kylat-1104675519.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/14/1105016829_211:0:2942:2048_1920x0_80_0_0_2475063ac1fabe7fa741587faa504b5c.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, нато, украина, россия, дональд трамп, марк рютте, жолугушуу
дүйнөдө, акш, нато, украина, россия, дональд трамп, марк рютте, жолугушуу
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолуккандан кийин Украина тууралуу биргелешкен билдирүүгө өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул туурасында Politico басылмасына таянып
РИА Новости жазды. "Украина менен Россиянын ортосундагы согушту токтотуу боюнча кезектеги аракеттердин алкагында АКШ президенти Дональд Трамп Флоридада өткөн жолугушуудан кийин НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте күтпөгөн нерсени жасады", — деп макалада айтылат.
Басылманын маалыматына караганда, баштапкы документте Россияга жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан баш тартуу сунушталган. Бирок кийинчерээк Трамп текстти өзгөртүп, бул Москвага да, Киевге да тиешелүү экенин жазган.
НАТОнун атын атабаган өкүлүнүн айтымында, алгачкы вариант эки тарап менен тең макулдашылган. Бул АКШнын президенти түзөтүүлөрдү бир тараптуу киргизгенин көрсөтөт. Мындай кырдаал Трамп менен Владимир Зеленскийдин ортосундагы чыңалуунун дагы деле чыйралган тейде турганын айгинелейт. Анткени Зеленский Россиянын маанилүү инфраструктурасына, мунай иштетүүчү заводдоруна (МЭЗ) сокку урууну токтотуудан баш тартууда.
Трамп менен Рютте кечээ АКШ лидеринин Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында жолуккан. Тараптар биргелешкен билдирүүсүндө Украина боюнча тынчтык келишимин мүмкүн болушунча тез арада түзүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле Россияны жаңжалдын жайылышына алып келген кадамдардан баш тартууга чакырышкан.
Бул боюнча пикирин билдирген Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков "америкалык лидер, кыязы, Украина бийлиги согуштун аймагын кеңейтүүгө аракет кылып жатканын айткысы келген окшойт" деди.