https://sputnik.kg/20261125/evrobirimdik-byudzhet-tartyshtygy-mamlekettik-karyz-1105104116.html
Еврокомиссия каржылык абал кооптуу чекке жеткенин моюндады
Еврокомиссия каржылык абал кооптуу чекке жеткенин моюндады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Евробиримдик мамлекеттик каржы тармагында кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу экономика боюнча еврокомиссар Валдис Домбровскис... 25.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-25T10:39+0600
2026-11-25T10:39+0600
2026-11-25T10:39+0600
дүйнөдө
европа
бюджет
тартыштык
кризис
мамлекеттик карыз
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/05/1089984483_0:0:3357:1888_1920x0_80_0_0_83805e441cdda2c0ac20aa3f6c1981e4.jpg
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Евробиримдик мамлекеттик каржы тармагында кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу экономика боюнча еврокомиссар Валдис Домбровскис билдиргенин РИА Новости жазды. Күзгү экономикалык божомолго караганда, Евробиримдиктеги орточо бюджет тартыштыгы 2025-жылы ИДПнын 3,1 пайызын түзсө, 2028-жылга барып 3,8 пайызга чейин өсөт. Муну менен катар бюджет тартыштыгы уруксат берилген үч пайыздык чектен ашкан өлкөлөрдүн саны 2026-жылы 12 болсо, 2028-жылы 16га чейин жетет. Натыйжада үч жылдан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү белгиленген чекти бузушу ыктымал. Ошол эле учурда ЕБ өлкөлөрүнүн жалпы мамлекеттик карызы 2025-жылдагы ИДПнын 82,6 пайызынан 2028-жылы 85,6 пайызга чейин жогорулай турганы күтүлүүдө. "Карызды төлөө чыгымдары улам өсүп баратат. Дүйнөлүк каржы рыногундагы пайыздык чендер менен мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча тобокелдик үстөктөрүнүн кымбатташы Европаны да кыйгап өткөн жок", — деди еврокомиссар. Ал бюджеттеги жетишсиздикти толуктоо жана эски карыздарды кайтаруу зарылдыгы мамлекеттердин чыгымын көбөйтүп жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261125/vengriya-ukraina-45-milliard-evro-berbejt-1105101726.html
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/05/1089984483_419:0:3150:2048_1920x0_80_0_0_509b9ca1887c5dbf1966edc6b6bae97d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, европа, бюджет, тартыштык, кризис, мамлекеттик карыз
дүйнөдө, европа, бюджет, тартыштык, кризис, мамлекеттик карыз
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Евробиримдик мамлекеттик каржы тармагында кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу экономика боюнча еврокомиссар Валдис Домбровскис билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Жалпысынан алганда биздин мамлекеттик каржыбыз туура эмес багытта баратат. Биз кооптуу чекке жеттик. Мүчө мамлекеттер бюджетти кылдат карап, акчаны сарамжалдуу жумшашы керек", — деди ал.
Күзгү экономикалык божомолго караганда, Евробиримдиктеги орточо бюджет тартыштыгы 2025-жылы ИДПнын 3,1 пайызын түзсө, 2028-жылга барып 3,8 пайызга чейин өсөт.
Муну менен катар бюджет тартыштыгы уруксат берилген үч пайыздык чектен ашкан өлкөлөрдүн саны 2026-жылы 12 болсо, 2028-жылы 16га чейин жетет. Натыйжада үч жылдан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү белгиленген чекти бузушу ыктымал. Ошол эле учурда ЕБ өлкөлөрүнүн жалпы мамлекеттик карызы 2025-жылдагы ИДПнын 82,6 пайызынан 2028-жылы 85,6 пайызга чейин жогорулай турганы күтүлүүдө.
"Карызды төлөө чыгымдары улам өсүп баратат. Дүйнөлүк каржы рыногундагы пайыздык чендер менен мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча тобокелдик үстөктөрүнүн кымбатташы Европаны да кыйгап өткөн жок", — деди еврокомиссар.
Ал бюджеттеги жетишсиздикти толуктоо жана эски карыздарды кайтаруу зарылдыгы мамлекеттердин чыгымын көбөйтүп жатканын кошумчалады.