https://sputnik.kg/20261124/prokuraturanyn-sistemasy-synaluuda-1105089087.html
Алдамчылык тууралуу кабар келер замат банктык эсепти тоңдуруучу система сыналууда
Алдамчылык тууралуу кабар келер замат банктык эсепти тоңдуруучу система сыналууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өлкөдө алдамчылык тууралуу 102ге кабар түшөрү менен банктык эсептерди тоңдуруучу система сыналып жатат. Бул тууралуу Жогорку... 24.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-24T15:52+0600
2026-11-24T15:52+0600
2026-11-24T15:52+0600
кыргызстан
башкы прокуратура
алдамчылык
жогорку кеңеш
эсеп
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096535294_0:370:960:910_1920x0_80_0_0_66351774cb18ec9600cef8d8266fc3e2.jpg
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өлкөдө алдамчылык тууралуу 102ге кабар түшөрү менен банктык эсептерди тоңдуруучу система сыналып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Анын айтымында, "антифрод" системасына 26 коммерциялык банк туташтырылган. Жабырлануучу 102ге кайрылып тиешелүү эсептердин реквизитин туура берсе, кызматкер маалыматты системага киргизет. Банктар аны алып, көрсөтүлгөн эсептерди дароо 30 күнгө бөгөттөйт. Учурда 102 кызматынын адистери системаны колдонууну үйрөнүп жатышат. Жакын арада пилоттук режимге өткөрүү пландалууда. Коңкубаева системаны толук ишке киргизүү үчүн Улуттук банк менен ИИМ маалымат алмашуу тартибин жана жоопкерчиликти аныктаган актыларды кабыл алышы керектигин белгиледи. Мында жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо маселелери да каралат.
https://sputnik.kg/20261030/aldamchylykka-karshy-sistema-synaluuda--1104612899.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096535294_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_dbbf1f83e93e8723e5d9e7283c3ad4bf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, башкы прокуратура, алдамчылык, жогорку кеңеш, эсеп
кыргызстан, башкы прокуратура, алдамчылык, жогорку кеңеш, эсеп
Алдамчылык тууралуу кабар келер замат банктык эсепти тоңдуруучу система сыналууда
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өлкөдө алдамчылык тууралуу 102ге кабар түшөрү менен банктык эсептерди тоңдуруучу система сыналып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Анын айтымында, "антифрод" системасына 26 коммерциялык банк туташтырылган. Жабырлануучу 102ге кайрылып тиешелүү эсептердин реквизитин туура берсе, кызматкер маалыматты системага киргизет. Банктар аны алып, көрсөтүлгөн эсептерди дароо 30 күнгө бөгөттөйт.
Учурда 102 кызматынын адистери системаны колдонууну үйрөнүп жатышат. Жакын арада пилоттук режимге өткөрүү пландалууда.
Коңкубаева системаны толук ишке киргизүү үчүн Улуттук банк менен ИИМ маалымат алмашуу тартибин жана жоопкерчиликти аныктаган актыларды кабыл алышы керектигин белгиледи. Мында жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо маселелери да каралат.