Кыргызстандык IT адистер Евразия өнүктүрүү банкынын гранттарын ала алышат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жазылуу
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкынын гранттарына кыргызстандык IT адистер да талапкер боло алышат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалык төрагасынын орун басары Тигран Саркисян Sputnik агенттигинде өткөн видео көпүрөдө билдирди.
Маалым болгондой, банк Санариптик демилгелер фондунун жылдык сынагына 2027-жылдын 31-январына чейин арыздарды кабыл алат.
Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян сынакка IT компаниялар жана мамлекеттик органдар катыша аларын билдирди. Негизги талап — долбоор ЕАЭБдин бир нече өлкөсүнө пайда алып келиши керек.
Жеңүүчүлөргө гранттар, ал эми ийгиликтүү долбоорлорго насыялар да берилиши мүмкүн. Быйыл фонд Бишкектеги жол тыгынын азайтуу жана абанын тазалыгын көзөмөлдөө боюнча долбоорлорду жактырган.
Сынактын шарттары жана арыз берүү тартиби бул жерде жарыяланган.