https://sputnik.kg/20261121/amirdin-olumu-okm-kyzmatkeri-karmaldy-1105045133.html
Амирдин өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин мурдагы кызматкери кармалды
Амирдин өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин мурдагы кызматкери кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Аскер прокуратурасы "Ала-Арчада" каза болгон 15 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды... 21.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-21T16:13+0600
2026-11-21T16:13+0600
2026-11-21T18:27+0600
кыргызстан
өкм
"ала-арча" улуттук паркы
амир кунакунов
өлүм
кылмыш
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093017032_0:203:2919:1845_1920x0_80_0_0_e117f1b89d1b82339ee8a572b0e71a1b.jpg
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Аскер прокуратурасы "Ала-Арчада" каза болгон 15 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы Азиз Эгембердиевди кармады.Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2027-жылдын 13-январына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасын тандады.Эске салсак, 7-ноябрда "Ала-Арча" жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир Кунакунов дайынсыз жоголгон. Ал "Адыгене" капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Саат 19:02де өспүрүм ӨКМге чалып, адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү "Электро" чокусунун аймагынан табылган.Бул окуядан кийин Кыргызстандын Аскер прокуратурасы "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыяланып, анын орун басары Алмазбек Асанов жана министрликтин дагы эки кызматкери иштен алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, куткаруу бөлүктөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук көзөмөлдө олуттуу кемчиликтер аныкталган.
https://sputnik.kg/20261117/kanatbek-chynybaev-amirdin-olumu-tuuraluu-1104944291.html
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093017032_95:0:2824:2047_1920x0_80_0_0_0e9c69bb3edf237737450201b95b36f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өкм, "ала-арча" улуттук паркы, амир кунакунов, өлүм, кылмыш
кыргызстан, өкм, "ала-арча" улуттук паркы, амир кунакунов, өлүм, кылмыш
Амирдин өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин мурдагы кызматкери кармалды
16:13 21.11.2026 (Жаңыртылды: 18:27 21.11.2026) БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Аскер прокуратурасы "Ала-Арчада" каза болгон 15 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнөн кийин иштен алынган ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы Азиз Эгембердиевди кармады.
Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2027-жылдын 13-январына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасын тандады.
Эске салсак, 7-ноябрда "Ала-Арча" жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир Кунакунов дайынсыз жоголгон. Ал "Адыгене" капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Саат 19:02де өспүрүм ӨКМге чалып, адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү "Электро" чокусунун аймагынан табылган.
Бул окуядан кийин Кыргызстандын Аскер прокуратурасы "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыяланып, анын орун басары Алмазбек Асанов жана министрликтин дагы эки кызматкери иштен алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, куткаруу бөлүктөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук көзөмөлдө олуттуу кемчиликтер аныкталган.