https://sputnik.kg/20261117/kanatbek-chynybaev-amirdin-olumu-tuuraluu-1104944291.html
"Адамдык фактор таасир эткен". Министр Амирдин өлүмү боюнча үн катты
"Адамдык фактор таасир эткен". Министр Амирдин өлүмү боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ала-Арча паркындагы өспүрүмдүн өлүмүнө адамдык фактор таасир эткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T12:42+0600
2026-11-17T12:42+0600
2026-11-17T12:47+0600
кыргызстан
"ала-арча" улуттук паркы
амир кунакунов
куткаруу
өлүм
өкм
канатбек чыныбаев
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104793283_0:298:810:754_1920x0_80_0_0_509f59c466cb96a895abc7771841f2e4.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ала-Арча паркындагы өспүрүмдүн өлүмүнө адамдык фактор таасир эткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.Ал каргашадан кийин министрликтин маалымат алмашуу тартиби жана ички алгоритмдери кайра караларын, мындан ары окутуу жана даярдык маселелери дагы күчөтүлөрүн белгиледи.Ошондой эле учурда Ала-Арча жаратылыш паркына баргандардын баарын каттоо, ар бирине GPS-трекерлерди берүү жана аларды онлайн-көзөмөлдөө системаларын иштеп чыгуу маселелери каралып жатканын кошумчалады.Эске салсак, 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча капчыгайындагы Электро чокусуна жакын жерде дайынсыз жоголгон. Ошол кечте бала өзү ӨКМге телефон чалып, адашып калганын билдирген. Бирок эки күндөн кийин анын сөөгү табылган. Бул окуядан кийин коомчулукта ӨКМдин ишине нааразычылыктар пайда болуп, тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартууну өтүнгөн пикирлер айтыла баштаган.
https://sputnik.kg/20261112/ala-archada-kutkaruu-borboru-kurulat-1104853567.html
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/09/1104793283_0:82:810:690_1920x0_80_0_0_2cdfe93e141826f8ce7b9b944125c0e2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, амир кунакунов, куткаруу, өлүм, өкм, канатбек чыныбаев
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, амир кунакунов, куткаруу, өлүм, өкм, канатбек чыныбаев
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ала-Арча паркындагы өспүрүмдүн өлүмүнө адамдык фактор таасир эткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Министр катары өзүмө тиешелүү жоопкерчиликтен качпайм. Адам өмүрү кыйылган жерде эч ким жоопкерчиликтен четте калбашы керек. Окуянын бардык жагдайлары объективдүү иликтенип, күнөөсү аныкталган адамдар ээлеген кызматына жана даражасына карабастан мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш", — деди ӨКМ жетекчиси Канатбек Чыныбаев.
Ал каргашадан кийин министрликтин маалымат алмашуу тартиби жана ички алгоритмдери кайра караларын, мындан ары окутуу жана даярдык маселелери дагы күчөтүлөрүн белгиледи.
Ошондой эле учурда Ала-Арча жаратылыш паркына баргандардын баарын каттоо, ар бирине GPS-трекерлерди берүү жана аларды онлайн-көзөмөлдөө системаларын иштеп чыгуу маселелери каралып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча капчыгайындагы Электро чокусуна жакын жерде дайынсыз жоголгон. Ошол кечте бала өзү ӨКМге телефон чалып, адашып калганын билдирген. Бирок эки күндөн кийин анын сөөгү табылган. Бул окуядан кийин коомчулукта ӨКМдин ишине нааразычылыктар пайда болуп, тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартууну өтүнгөн пикирлер айтыла баштаган.