https://sputnik.kg/20261120/nato-rossiya-kuralduu-zhazhal-dayardyk-1105031988.html
РФ ТИМи: НАТО ачык эле Россия менен куралдуу жаңжалга даярданып жатат
РФ ТИМи: НАТО ачык эле Россия менен куралдуу жаңжалга даярданып жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. НАТО альянсы Россия менен согушка ачык даярданып жатат, блоктун жетекчилери мындай жаңжал үч-беш жылдан кийин болушу мүмкүн деп... 20.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-20T16:39+0600
2026-11-20T16:39+0600
2026-11-20T16:39+0600
дүйнөдө
россия
нато
мария захарова
жаңжал
план
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102334672_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_29d1d837bb2e5132c7c809599e3d5b70.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. НАТО альянсы Россия менен согушка ачык даярданып жатат, блоктун жетекчилери мындай жаңжал үч-беш жылдан кийин болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди. Дипломат НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттенин Россиядан түз коркунуч жок дегенине карабай биримдиктин "душмандык пландары барган сайын ачыкка чыгып" жатканын белгиледи. "Маселен, октябрь айында НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алексис Гринкевич сунуштаган "Жеңиш теориясы" концепциясын алалы. Бул план Россиянын ичиндеги аскердик объектилерге гана эмес, башка жерлерине дагы алыста туруп сокку урууну карайт. Азыр НАТО аскердик компанияларды алыска учуучу жаңы куралдарды жасоо боюнча биргелешип иштөөгө үндөп жатат", — деди дипломат.
https://sputnik.kg/20261028/aksh-borbor-aziyaga-resurstardan-ulam-kyzyguuda-1104574268.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102334672_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_b35cbbb0fbc3f4a8b92371b1bb900826.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, нато, мария захарова, жаңжал, план
дүйнөдө, россия, нато, мария захарова, жаңжал, план
РФ ТИМи: НАТО ачык эле Россия менен куралдуу жаңжалга даярданып жатат
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. НАТО альянсы Россия менен согушка ачык даярданып жатат, блоктун жетекчилери мындай жаңжал үч-беш жылдан кийин болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.
"Түндүк Атлантика альянсы биздин өлкө менен куралдуу жаңжалга ачык даярданып жатат, кагылышуу эң агрессивдүү блоктун жетекчилиги тарабынан үч-беш жылдан кийин болот деп болжолдонууда", — деди ал.
Дипломат НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттенин Россиядан түз коркунуч жок дегенине карабай биримдиктин "душмандык пландары барган сайын ачыкка чыгып" жатканын белгиледи.
"Маселен, октябрь айында НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алексис Гринкевич сунуштаган "Жеңиш теориясы" концепциясын алалы. Бул план Россиянын ичиндеги аскердик объектилерге гана эмес, башка жерлерине дагы алыста туруп сокку урууну карайт. Азыр НАТО аскердик компанияларды алыска учуучу жаңы куралдарды жасоо боюнча биргелешип иштөөгө үндөп жатат", — деди дипломат.