Өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине 73 тез жардам унаасын берди
Өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине 73 тез жардам унаасын берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Машиналарда чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө болот. Унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасынын алкагында сатып алынган. Жалпы баасы 313 миллион сомдон ашат. Касымалиевдин айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 миллиард сомго жеткен. Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине 100 кызматтык Chevrolet Tracker унаасы да берилген.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган
В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган
Ага ылайык, В классындагы унаалар жасалма дем алдыруучу аппарат, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүүчү тутумдар жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Машиналарда чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө болот.
Унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасынын алкагында сатып алынган. Жалпы баасы 313 миллион сомдон ашат.
Касымалиевдин айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоо тармагын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 миллиард сомго жеткен.
Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине 100 кызматтык Chevrolet Tracker унаасы да берилген.