Жапаров: кредит алып үй салып, ремонт кылганды токтоткула
10:44 08.11.2026 (Жаңыртылды: 10:51 08.11.2026)

© Фото / Пресс-служба Президента КР
Жазылуу
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Насыя алып үй салуу, ремонт кылуу финансылык көз караш менен караганда, сабатсыздык. Бул тууралуу президент Садыр Садыр Жапаров Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.
Өлкө башчыга кайрылган жаран үйүн бүтүрүп алуу үчүн 10 пайыздык чен менен кредит ала албай жатканын айтып даттанган.
“Кредит алып үй салганды, ремонт кылганды токтоткулачы, карызга алган акча тегеренип иштеш керек. Мисалы, 10 пайыз менен алсаң, 30 пайыз киреше алып келиши керек. Үйдү ремонт кылууга ашык акча жок болуп жатса, жылуулап алып эле жашап туруш керек. Кредит аласыңар да, кийин күрөөгө койгон ошол үйдү банкка алдырып ийип, кайра мага даттанасыңар”, - деди Жапаров.
Ошондой эле президент финансылык сабатсыздыктын айынан үйүн банкка алдырган жарандар бар экенин кошумчалады.