https://sputnik.kg/20261104/ichi-buzuktar-rossiya-elin-bolup-zharyshy-mumkun-1104708838.html
Москалькова: ичи бузуктар Россия элин бөлүп-жарууга ниеттенет
Москалькова: ичи бузуктар Россия элин бөлүп-жарууга ниеттенет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россияга кастарын тиккендер канчалык далалат кылбасын, элдин биримдигин эч качан ыдырата албайт. Мындай оюн Мамлекеттик Думанын... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T13:51+0600
2026-11-04T13:51+0600
2026-11-04T13:57+0600
дүйнөдө
россия
биримдик
владимир путин
ынтымак
татьяна москалькова
мамлекет
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1c/1068380067_0:238:3218:2048_1920x0_80_0_0_b88ad4787df29e9257d6d970d39a8dfb.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россияга кастарын тиккендер канчалык далалат кылбасын, элдин биримдигин эч качан ыдырата албайт. Мындай оюн Мамлекеттик Думанын депутаты Татьяна Москалькова РИА Новости агенттигине билдирген. Буга чейин шейшемби күнкү улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин отурумунда президент Владимир Путин да дал ушул маселеге басым жасаган. Анын айтымында, сырткы күчтөр дүйнөлүк аренада өзүнө атаандаш калтырбоо үчүн кылымдар бою орус коомунун арасына чок таштап, өлкөнү бөлүп-жарууну көздөп келишкен. РФ лидери бирок калктын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымагы мамлекеттин эгемендигин бекемдеп, бүтүндүгүн сактап калууга эң башкы тирек болгонун баса белгилеген. Ал Россия бүгүнкү күндө өзгөчө бир тарыхый кезеңди баштан өткөрүп жатканын, көз карандысыздыгын, эгемендигин, чындыкты жана адилеттикти коргоп жатканын белгиледи. Анын айтымында, азыркы шартта адамдардын башкы адеп-ахлактык баалуулуктар болгон өмүр, үй-бүлө жана тарыхый тамырлардын айланасында башын бириктириши баарынан маанилүү.
https://sputnik.kg/20251104/rossiyada-ehldik-birimdik-kunu-belgilenip-zhatat-putin-1097633442.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1c/1068380067_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_e2d71a214c53d975a263550b11cc8344.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, биримдик, владимир путин, ынтымак, татьяна москалькова, мамлекет
дүйнөдө, россия, биримдик, владимир путин, ынтымак, татьяна москалькова, мамлекет
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россияга кастарын тиккендер канчалык далалат кылбасын, элдин биримдигин эч качан ыдырата албайт. Мындай оюн Мамлекеттик Думанын депутаты Татьяна Москалькова
РИА Новости агенттигине билдирген.
Буга чейин шейшемби күнкү улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин отурумунда президент Владимир Путин да дал ушул маселеге басым жасаган. Анын айтымында, сырткы күчтөр дүйнөлүк аренада өзүнө атаандаш калтырбоо үчүн кылымдар бою орус коомунун арасына чок таштап, өлкөнү бөлүп-жарууну көздөп келишкен.
РФ лидери бирок калктын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымагы мамлекеттин эгемендигин бекемдеп, бүтүндүгүн сактап калууга эң башкы тирек болгонун баса белгилеген.
"Батыш өлкөлөрү жана Россиянын мамлекеттүүлүгүн чыңдоону каалабагандар коомубузду ичтен иритүүгө тынымсыз аракет кылып келишет. Бирок биздин улуттук саясат боюнча мамлекеттик стратегиябыз — ынтымагыбыздын жана бүтүндөй элдерге болгон сый-урматтын бекем калканы. Андыктан жамандык каалагандар менен кастарын тиккендер ачык душмандардын өз арам оюн ишке ашырып, элдерибиздин арасына жик салуусуна эч кандай мүмкүнчүлүгү жок", — деди Москалькова.
Ал Россия бүгүнкү күндө өзгөчө бир тарыхый кезеңди баштан өткөрүп жатканын, көз карандысыздыгын, эгемендигин, чындыкты жана адилеттикти коргоп жатканын белгиледи. Анын айтымында, азыркы шартта адамдардын башкы адеп-ахлактык баалуулуктар болгон өмүр, үй-бүлө жана тарыхый тамырлардын айланасында башын бириктириши баарынан маанилүү.

4 Жетинин айы 2025, 23:11