ЖИ, контент жайылтуу, согуш талаасындагы иш: Sputnik Pro долбоорунун акыркы модулу
ЖИ, контент жайылтуу, согуш талаасындагы иш: Sputnik Pro долбоорунун акыркы модулу
Sputnik Кыргызстан
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери... 16.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Москва шаарында 12-октябрдан 16-октябрга чейин "Россия сегодня" медиатобунун башкы кеңсесинде "Sputnik Pro на Зубовском" долбоорунун быйылкы жылдагы акыркы модулу өттү. Катышуучулар бир жума бою лекцияларды угуп, заманбап медиадагы тренддерге арналган мастер-класстарга катышты. Алардын катарында ар кандай платформаларда контент түзүү жана жайылтуу, Telegram каналын, медиамониторинг жүргүзүүнүн принциптери тууралуу темалар камтылды. Азыркы учурда жасалма нейрон тармактары менен иштөө темасы камтылбаган модуль жок. Көп учурда дал ушул жасалма интеллект катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратат. 16-модулдун алкагында медиа тармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү. Маселен, катышуучулар аскердик кабарчы менен баарлашып, куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда иштөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле "Диалог" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун жана Фактчекинг боюнча эл аралык ассоциациянын чакырылган баяндамачылары туура эмес маалымат жайылтуунун учурдагы тенденциялары жөнүндө айтып беришти. Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина болду. Ал камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди. Белгилей кетсек, "Sputnik Pro на Зубовском" лекциялардын курсу гана эмес, тажрыйба алмашуу жана жаңы кесиптик байланыштарды түзүү үчүн да аянтча болуп саналат. "Азыр биз баарлашууну улантуу, тажрыйба алмашуу жана бири-бирибизге жардам берүү үчүн атайын чат да түздүк", — деди Түштүк Осетиядан келген катышуучу Олег Плиев. Анын кесиптеши Донна Дудаева да бул пикирди колдойт. "Мындан ары да байланышта болуп, жумуш маселелери боюнча да пикир алышып турабыз деп үмүттөнөм", — деди ал. Модуль учурунда катышуучуларга маданий программага да убакыт бөлүндү. Айрымдар дал шулу долбоордун арты менен Москваны биринчи жолу көрүп отурат. "Sputnik Pro на Зубовском" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн жакынкы чет өлкөлөрдөгү жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору. Программа 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 16 модуль уюштурулуп, аларга жакынкы чет өлкөлөрдөгү 11 мамлекеттен 192 адам катышты.
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Москва шаарында 12-октябрдан 16-октябрга чейин "Россия сегодня" медиатобунун башкы кеңсесинде "Sputnik Pro на Зубовском" долбоорунун быйылкы жылдагы акыркы модулу өттү.
Катышуучулар бир жума бою лекцияларды угуп, заманбап медиадагы тренддерге арналган мастер-класстарга катышты. Алардын катарында ар кандай платформаларда контент түзүү жана жайылтуу, Telegram каналын, медиамониторинг жүргүзүүнүн принциптери тууралуу темалар камтылды.
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты
Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди
Октябрь айындагы программага Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Осетиядан журналисттер, блогерлер, SMM жана PR адистери катышты
Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди
16-модулдун алкагында медиа тармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү
Азыркы учурда жасалма нейрон тармактары менен иштөө темасы камтылбаган модуль жок. Көп учурда дал ушул жасалма интеллект катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратат.
"Фактчекинг жана жасалма интеллект тууралуу лекциялар мага абдан жакты. Лекторлордун бардык кеңештерин, айрыкча жаңылыктарды даярдоодо колдонууга аракет кылам. Мисалы, жасалма интеллектинин жардамы менен окурмандын көңүлүн бура турган кызыктуу темаларды ойлоп табууга болот", — деди Sputnik агенттигине Казакстандан келген катышуучу Аида Ыскакова.
16-модулдун алкагында медиа тармагынын ар кандай адистери менен бир катар жолугушуулар өттү. Маселен, катышуучулар аскердик кабарчы менен баарлашып, куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарда иштөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле "Диалог" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун жана Фактчекинг боюнча эл аралык ассоциациянын чакырылган баяндамачылары туура эмес маалымат жайылтуунун учурдагы тенденциялары жөнүндө айтып беришти.
Программанын коногу россиялык саясатчы жана коомдук ишмер Мария Бутина болду. Ал камакка алынышы жана АКШнын түрмөсү, ошондой эле улуттар аралык диалогдогу азыркы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди.
Белгилей кетсек, "Sputnik Pro на Зубовском" лекциялардын курсу гана эмес, тажрыйба алмашуу жана жаңы кесиптик байланыштарды түзүү үчүн да аянтча болуп саналат.
"Азыр биз баарлашууну улантуу, тажрыйба алмашуу жана бири-бирибизге жардам берүү үчүн атайын чат да түздүк", — деди Түштүк Осетиядан келген катышуучу Олег Плиев.
Анын кесиптеши Донна Дудаева да бул пикирди колдойт.
"Мындан ары да байланышта болуп, жумуш маселелери боюнча да пикир алышып турабыз деп үмүттөнөм", — деди ал.
Модуль учурунда катышуучуларга маданий программага да убакыт бөлүндү. Айрымдар дал шулу долбоордун арты менен Москваны биринчи жолу көрүп отурат.
"Иш-чаранын кандай уюштурулганын өзгөчө белгилегим келет. Бизге кам көрүлүп жатканы сезилип турат. Мисалы, Москвадагы негизги маданий жайларга кантип жетүү керектиги көрсөтүлгөн карта даярдап беришти. Бул абдан жардам берет. Мен Москвага биринчи жолу келдим. Кызыл аянтты, Эски Арбатты көрүп жетиштим", — деди Өзбекстандан келген катышуучу Ситора Примова.
"Sputnik Pro на Зубовском" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн жакынкы чет өлкөлөрдөгү жана Балтика мамлекеттериндеги мультимедиалык борборлор дирекциясынын долбоору. Программа 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 16 модуль уюштурулуп, аларга жакынкы чет өлкөлөрдөгү 11 мамлекеттен 192 адам катышты.