https://sputnik.kg/20261015/rossiyanyn-korgoo-ministri-ysyk-kol-1104300270.html
Россиянын коргоо министри Ысык-Көлдөгү сыноолор өтчү базаны көрдү
Россиянын коргоо министри Ысык-Көлдөгү сыноолор өтчү базаны көрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көлдө жайгашкан сыноолор өтчү базага... 15.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-15T10:00+0600
2026-10-15T10:00+0600
2026-10-15T10:00+0600
кыргызстан
россия
коргоо министрлиги
ысык-көл
сыноо
база
андрей белоусов
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104297513_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_4e9d41ea7dca967810cb0702cd7ee53e.jpg
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көлдө жайгашкан сыноолор өтчү базага барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди. Белоусов курамына катерлер, ар кандай кемелер кирген базанын жабдылышын көргөн. Жетекчисинин айтымында, объектинин негизги милдети Россиянын Аскер-деңиз флотунун кайыкка каршы курал-техникасынын, ошондой эле суу үстүндөгү жана суу астындагы кайыктарды торпедалардан коргоочу комплекстеринин үлгүлөрүн сыноо болуп саналат. Аларга байкоо жана көзөмөл заманбап дрондор менен ишке ашырылары айтылды. База деңиз деңгээлинен 1 609 метер бийиктикте жайгашкан. РФ Коргоо министрлиги Ысык-Көл кышында тоңбой турганын, суусу деңиз суусуна жакын экенин, бул деңиз аскердик техникасы менен суучулдардын шайман-жарагын сыноого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Иш сапарынын соңунда Белоусов база командачылыгы менен жыйын курду. Министрге жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.
https://sputnik.kg/20261012/zhkku-askerlerinin-mashyguulary-bashtaldy-1104236023.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104297513_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_9f0a344bedc8321cea9557aaed71ee4b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, коргоо министрлиги, ысык-көл, сыноо, база, андрей белоусов
кыргызстан, россия, коргоо министрлиги, ысык-көл, сыноо, база, андрей белоусов
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көлдө жайгашкан сыноолор өтчү базага барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Белоусов курамына катерлер, ар кандай кемелер кирген базанын жабдылышын көргөн.
Жетекчисинин айтымында, объектинин негизги милдети Россиянын Аскер-деңиз флотунун кайыкка каршы курал-техникасынын, ошондой эле суу үстүндөгү жана суу астындагы кайыктарды торпедалардан коргоочу комплекстеринин үлгүлөрүн сыноо болуп саналат. Аларга байкоо жана көзөмөл заманбап дрондор менен ишке ашырылары айтылды.
База деңиз деңгээлинен 1 609 метер бийиктикте жайгашкан. РФ Коргоо министрлиги Ысык-Көл кышында тоңбой турганын, суусу деңиз суусуна жакын экенин, бул деңиз аскердик техникасы менен суучулдардын шайман-жарагын сыноого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Иш сапарынын соңунда Белоусов база командачылыгы менен жыйын курду. Министрге жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.