Кыргызстандык жоокерлер Беларустагы ЖККУ машыгууларына катышып жатат
Кыргызстандык жоокерлер Беларустагы ЖККУ машыгууларына катышып жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Беларустун Витебск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Бузулгус боордоштук-2026" жана "Барьер-2026" аталышындагы... 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Беларустун Витебск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Бузулгус боордоштук-2026" жана "Барьер-2026" аталышындагы аскердик окуулары башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Жеңиш аянтында, Витебскини бошоткон советтик жоокерлерге арналган мемориалдык комплекстин алдында уюштурулду. Ошондой эле кыргыз жоокерлери машыгуунун алкагында улуттук маданият күнүн өткөрдү. "Бузулгус боордоштук-2026" — ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү катышкан командалык-штабдык окуу. Ал эми "Барьер-2026" машыгуусу уюмдун биргелешкен радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу (РХБ) күчтөрүнүн, ошондой эле медициналык камсыздоо түзүмдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Белгилей кетсек, Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун "Бузулбас боордоштук - 2026" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барышкан. Машыгуу 12-16-октябрь күндөрү өтөт.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Беларустун Витебск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Бузулгус боордоштук-2026" жана "Барьер-2026" аталышындагы аскердик окуулары башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.
"Барьер-2026" машыгуусу уюмдун биргелешкен радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу (РХБ) күчтөрүнүн, ошондой эле медициналык камсыздоо түзүмдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт
"Барьер-2026" машыгуусу уюмдун биргелешкен радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу (РХБ) күчтөрүнүн, ошондой эле медициналык камсыздоо түзүмдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт
Маалымдалгандай, салтанат Жеңиш аянтында, Витебскини бошоткон советтик жоокерлерге арналган мемориалдык комплекстин алдында уюштурулду.
Ошондой эле кыргыз жоокерлери машыгуунун алкагында улуттук маданият күнүн өткөрдү.
"Бузулгус боордоштук-2026" — ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү катышкан командалык-штабдык окуу. Ал эми "Барьер-2026" машыгуусу уюмдун биргелешкен радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу (РХБ) күчтөрүнүн, ошондой эле медициналык камсыздоо түзүмдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун "Бузулбас боордоштук - 2026" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барышкан. Машыгуу 12-16-октябрь күндөрү өтөт.