https://sputnik.kg/20261014/tuura-tamaktanuu-kojgoju-1104284383.html
Бешбармак, манты, лагман менен да туура тамактанууга болот, бирок бир шарты бар
Бешбармак, манты, лагман менен да туура тамактанууга болот, бирок бир шарты бар
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Сугалактанбай, өлчөмүн байкап жесе кыргыздын улуттук тамак-ашы да туура тамактануунун бир бөлүгү боло алат. Бул тууралуу Sputnik... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-14T14:48+0600
2026-10-14T14:48+0600
2026-10-14T14:48+0600
кыргызстан
туура тамактануу
ашыкча салмак
дарыгер
https://sputnik.kg/img/07ea/02/14/1099851487_0:447:2172:1669_1920x0_80_0_0_a6c6355d4a7ea37750b082202a7d5ef2.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Сугалактанбай, өлчөмүн байкап жесе кыргыздын улуттук тамак-ашы да туура тамактануунун бир бөлүгү боло алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде дарыгерлер айтышты. Эндокринологиялык диспансердин дарыгери Айсулуу Стамкулова салттуу ашкананы ар бир адамдын суроо-талабына ыңгайлаштыруу мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, эт белок бергендиктен андан биротоло баш тартуу зарыл эмес. Ошол эле учурда сууга же бууга бышкан тамактарга ыктоо туура болот. Ундан жасалган азыктарды да чен-өлчөмү менен жеген жакшы. Адистин айтымында, анын көлөмү жалпы порциянын төрттөн бир бөлүгүн түзүшү керек. Ал рационго микроэлементтери көп, калий, магний жана кальцийи бар кургатылган мөмө-жемиштерди кошуу керектигин белгиледи. Ошондой эле жашылча-жемиш, сүт азыктарын аралаштыруу дагы пайдалуу экени айтылды. Кардиология жана терапия улуттук борборунун бөлүм башчысы Мамираим Жумабаев маселе улуттук тамак-аштын өзүндө эмес, анын ашыкча желгенинде экенине токтолду. "Ошол эле бешбармак, эгер өлчөмү менен желсе, пайдалуу тамак. Негизи эле көчмөндөрдүн азыгы андай оор эмес, анткени көп учурда сууга же бууга бышырылат. Бизде майга куурулган тамак дээрлик жок", — деди дарыгер. Жумабаевдин айтымында, меймандостугун көрсөтүү үчүн тамакты үйүп-жыйып берүү көп учурда организмди кыйнап коет. "Конок келе турган болсо дасторконду жайнатып салабыз, муну меймандостук деп билебиз. Балдарды да көп учурда катуу тойгузуп коебуз, жегим келген жок десе да кыйнап жедиребиз. Анан семирүү көйгөйү чыгат. Тийиштүү калорияны сактап, чен-өлчөмү менен жесе азыктын баары пайдалуу. Туура делген азык деле ашыгы менен пайдаланылса организмге зыянын тийгизет", — деди дарыгер.
https://sputnik.kg/20261014/kyrgyzstan-ashykcha-salmak-ooru-1104279393.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/14/1099851487_0:244:2172:1873_1920x0_80_0_0_55f414eb364893f3c56c1f6731293b9b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, туура тамактануу, ашыкча салмак, дарыгер
кыргызстан, туура тамактануу, ашыкча салмак, дарыгер
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Сугалактанбай, өлчөмүн байкап жесе кыргыздын улуттук тамак-ашы да туура тамактануунун бир бөлүгү боло алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде дарыгерлер айтышты.
Эндокринологиялык диспансердин дарыгери Айсулуу Стамкулова салттуу ашкананы ар бир адамдын суроо-талабына ыңгайлаштыруу мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, эт белок бергендиктен андан биротоло баш тартуу зарыл эмес. Ошол эле учурда сууга же бууга бышкан тамактарга ыктоо туура болот.
Ундан жасалган азыктарды да чен-өлчөмү менен жеген жакшы. Адистин айтымында, анын көлөмү жалпы порциянын төрттөн бир бөлүгүн түзүшү керек.
"Камыр — углевод, аны да жеш керек, бирок тамактанган сайын порциянын 20 пайызын гана түзүшү кажет", — деди Стамкулова.
Ал рационго микроэлементтери көп, калий, магний жана кальцийи бар кургатылган мөмө-жемиштерди кошуу керектигин белгиледи. Ошондой эле жашылча-жемиш, сүт азыктарын аралаштыруу дагы пайдалуу экени айтылды.
Кардиология жана терапия улуттук борборунун бөлүм башчысы Мамираим Жумабаев маселе улуттук тамак-аштын өзүндө эмес, анын ашыкча желгенинде экенине токтолду.
"Ошол эле бешбармак, эгер өлчөмү менен желсе, пайдалуу тамак. Негизи эле көчмөндөрдүн азыгы андай оор эмес, анткени көп учурда сууга же бууга бышырылат. Бизде майга куурулган тамак дээрлик жок", — деди дарыгер.
Жумабаевдин айтымында, меймандостугун көрсөтүү үчүн тамакты үйүп-жыйып берүү көп учурда организмди кыйнап коет.
"Конок келе турган болсо дасторконду жайнатып салабыз, муну меймандостук деп билебиз. Балдарды да көп учурда катуу тойгузуп коебуз, жегим келген жок десе да кыйнап жедиребиз. Анан семирүү көйгөйү чыгат. Тийиштүү калорияны сактап, чен-өлчөмү менен жесе азыктын баары пайдалуу. Туура делген азык деле ашыгы менен пайдаланылса организмге зыянын тийгизет", — деди дарыгер.