https://sputnik.kg/20261014/kyrgyzstan-ashykcha-salmak-ooru-1104279393.html
Кыргызстанда ашыкча салмактуулардын саны дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөн ашты
Кыргызстанда ашыкча салмактуулардын саны дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөн ашты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир төртүнчү адам ашыкча салмактан жабыркайт. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун бөлүм башчысы... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-14T11:35+0600
2026-10-14T11:35+0600
2026-10-14T11:35+0600
кыргызстан
ден соолук
медицина
ашыкча салмак
оору
https://sputnik.kg/img/103828/95/1038289530_0:326:4056:2608_1920x0_80_0_0_cbb41c028551a261d4be9e43d7c57062.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир төртүнчү адам ашыкча салмактан жабыркайт. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун бөлүм башчысы Мамираим Жумабаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө калктын 27 пайызга жакыны семирип кеткен, ал эми 56 пайызында ашыкча салмак бар. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Дүйнө жүзүндө калктын 37 пайызы толук болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч 50 пайыздан ашат. Дарыгердин пикиринде, буга жашоо образынын өзгөрүшү, кыймылдын аздыгы, фастфуд жана кант кошулган суусундуктар себеп болууда. Бул көйгөй балдарга да тиешелүү. Эндокринология диспансеринин дарыгери Айсулуу Стамкулованын айтымында, ар бир төртүнчү баланын салмагы чоң болсо, алардын 30 пайызына семирүү диагнозу коюлган. Азыркы тапта 17-18 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында экинчи типтеги кант диабети да кездеше баштады.
https://sputnik.kg/20260923/deputat-energetikterdin-taasiri-tuuraluu-aytty-1103850083.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103828/95/1038289530_0:0:3780:2835_1920x0_80_0_0_92f89e58fe91035b55bae11757286324.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ден соолук, медицина, ашыкча салмак, оору
кыргызстан, ден соолук, медицина, ашыкча салмак, оору
Кыргызстанда ашыкча салмактуулардын саны дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөн ашты
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир төртүнчү адам ашыкча салмактан жабыркайт. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун бөлүм башчысы Мамираим Жумабаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө калктын 27 пайызга жакыны семирип кеткен, ал эми 56 пайызында ашыкча салмак бар. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Дүйнө жүзүндө калктын 37 пайызы толук болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч 50 пайыздан ашат.
Дарыгердин пикиринде, буга жашоо образынын өзгөрүшү, кыймылдын аздыгы, фастфуд жана кант кошулган суусундуктар себеп болууда.
"Ашыкча салмак кант диабетине жана жүрөк-кан тамыр ооруларына жол ачат, ал эми Кыргызстандагы өлүм-житимдин 52 пайызга жакыны дал ушул жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет", — деди ак халатчан.
Бул көйгөй балдарга да тиешелүү. Эндокринология диспансеринин дарыгери Айсулуу Стамкулованын айтымында, ар бир төртүнчү баланын салмагы чоң болсо, алардын 30 пайызына семирүү диагнозу коюлган. Азыркы тапта 17-18 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында экинчи типтеги кант диабети да кездеше баштады.