https://sputnik.kg/20260923/deputat-energetikterdin-taasiri-tuuraluu-aytty-1103850083.html
Депутат аскерге чакырылгандардын көбүнүн ден соолугунда мандем бар экенин айтты
Депутат аскерге чакырылгандардын көбүнүн ден соолугунда мандем бар экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Энергетиктин айынан эл-жерин коргоого жарабай калып жатышат. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов аскерге... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T11:59+0600
2026-09-23T11:59+0600
2026-09-23T11:59+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
энергетикалык суусундуктар
жоокер
ден соолук
https://sputnik.kg/img/103265/34/1032653432_0:0:3005:1691_1920x0_80_0_0_73b07a0f42966f60abb5ff0f363941b2.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Энергетиктин айынан эл-жерин коргоого жарабай калып жатышат. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов аскерге чакырылгандардын көбүнүн ден соолугунда маселе бар экенин билдирдии. Эл өкүлү Коргоо министрлиги айрым облустарда болочок жоокерлердин 70-80 пайызынын саламаттыгы жайында эмес экенин маалымдап жатканына токтолгон. Депутат белгилегендей, дарыгерлер жаштардын ден соолугунун начарлашына алардын тамактануусу, анын ичинде энергетикалык суусундуктарды көп ичүүсү себеп болуп жатканын айтууда. "Мурда энергетикалык суусундуктарды алыс жолго чыккан айдоочулар рулда уктап калбаш үчүн ичишчү. Азыр жаштар аларды кадимки тамак же суусундук сыяктуу эле дайыма ичип калышты. Мындан ашказан, боор, бөйрөк, жүрөк жабыркап, тахикардия пайда болууда. Көйгөйгө көңүл буруу керек", — деди Мамытов.
https://sputnik.kg/20250523/kyrgyzstan-alisher-kozuyev-suusunduk-1094180566.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103265/34/1032653432_142:0:2873:2048_1920x0_80_0_0_bbc88ffb19188d0ab1b745cfd4993d14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, энергетикалык суусундуктар, жоокер, ден соолук
кыргызстан, жогорку кеңеш, энергетикалык суусундуктар, жоокер, ден соолук
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Энергетиктин айынан эл-жерин коргоого жарабай калып жатышат. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов аскерге чакырылгандардын көбүнүн ден соолугунда маселе бар экенин билдирдии.
Эл өкүлү Коргоо министрлиги айрым облустарда болочок жоокерлердин 70-80 пайызынын саламаттыгы жайында эмес экенин маалымдап жатканына токтолгон.
"Албетте, аларды толугу менен аскерге жараксыз деп айтууга болбойт. Бул — баарыбыз үчүн кооптуу белги. Келечегибизди аныктай турган, бизди коргой турган жаштардын ден соолугу ушундай абалда болсо, бул абдан өкүнүчтүү", — деди ал.
Депутат белгилегендей, дарыгерлер жаштардын ден соолугунун начарлашына алардын тамактануусу, анын ичинде энергетикалык суусундуктарды көп ичүүсү себеп болуп жатканын айтууда.
"Мурда энергетикалык суусундуктарды алыс жолго чыккан айдоочулар рулда уктап калбаш үчүн ичишчү. Азыр жаштар аларды кадимки тамак же суусундук сыяктуу эле дайыма ичип калышты. Мындан ашказан, боор, бөйрөк, жүрөк жабыркап, тахикардия пайда болууда. Көйгөйгө көңүл буруу керек", — деди Мамытов.