https://sputnik.kg/20261002/1104040874.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу улгайган адамдарды караган үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекет тарабынан ай сайын акча төлөп берүүнү сунуштады. Анын... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-02T08:59+0600
2026-10-02T08:59+0600
2026-10-02T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104040708_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8658d4adef0bdacb72063b68776c341f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу улгайган адамдарды караган үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекет тарабынан ай сайын акча төлөп берүүнү сунуштады. Анын айтымында, биринчи топтогу майыптыгы бар адамдардын жеке ассистенттерине ай сайын 8 700 сом төлөнөт. "Ал эми 80-90 жаштагы же инсульт алган ата-энесин караган үй-бүлө мүчөлөрүнө эч нерсе төлөнбөйт. Алар жумушун таштап, ата-энесин кароого аргасыз болушат. Ошондуктан жеке ассистенттер сыяктуу төлөм чегерилиши керек. Бул — мамлекеттин негизги милдети", — деди эл өкүлү. Карыбек уулунун пикиринде, мындай чара жакындарын дайыма кароого муктаж болгондуктан иштей албай калган үй-бүлөлөргө колдоо болмок.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы уникалдуу өндүрүштү кеңейтүүгө 800 миң доллар бөлдү. Каражат Riberg Bauchemie компаниясынын жылуулук жана гидроизоляциялык, ошондой эле полимердик материалдарды чыгарууну көбөйтүүгө жумшалат. Долбоор ишке ашса, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 30 тоннадан 90 тоннага чейин көбөйөт. Жаңы өндүрүштүн аянты 2,5 миң чарчы метрден ашат. Компаниянын негизги продукцияларынын бири — пенополиуретан. Маалыматка ылайык, мындай курулуш материалын Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда чыгарган башка ишкана жок. Жалпы инвестициянын көлөмү 1,4 миллион доллардан ашат. Өндүрүлгөн продукциянын 80 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда. Riberg Bauchemie продукциянын сапатын Германиянын Штутгарт шаарындагы лаборатория менен биргеликте текшерип келет. Компаниянын материалдары Россияда сертификациядан өткөн.
Россия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье жазды. Маалыматка караганда, документтин алкагында тараптар коопсуздукка коркунуч келтирген террордук жана экстремисттик уюмдар, ошондой эле шектүү айрым адамдар тууралуу ыкчам маалымат алмашып турушат. Мындан тышкары, алты мамлекет өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирүү аракеттери жана пландалып жаткан террордук чабуулдар боюнча маалыматтар менен бөлүшүүнү ниеттенүүдө.
5-октябрда Бишкектеги мектептер, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик уюмдар онлайн иштөөгө өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мындай чара “Бишкек аренанын” расмий ачылышына байланыштуу жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды. Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте ишин улантат. Эске салсак, ошол күнү “Бишкек арена” стадионунун расмий ачылышы болуп, ири концерт өтмөкчү. Шоу-программага ата мекендик өнөрпоздордон тышкары, коңшу өлкөлөрдөн келген ырчылар да катышат.
Бишкек — Ош авиабилетинин баасын 4,5 миң сом кылуу көздөлүүдө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багыттарындагы авиабилеттерди арзандатуу үчүн авиакеросиндин наркынын бир бөлүгүн субсидиялоону сунуштады. Ал эми авиакомпаниялар билеттерди туруктуу баада сат
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу улгайган адамдарды караган үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекет тарабынан ай сайын акча төлөп берүүнү сунуштады. Анын айтымында, биринчи топтогу майыптыгы бар адамдардын жеке ассистенттерине ай сайын 8 700 сом төлөнөт. "Ал эми 80-90 жаштагы же инсульт алган ата-энесин караган үй-бүлө мүчөлөрүнө эч нерсе төлөнбөйт. Алар жумушун таштап, ата-энесин кароого аргасыз болушат. Ошондуктан жеке ассистенттер сыяктуу төлөм чегерилиши керек. Бул — мамлекеттин негизги милдети", — деди эл өкүлү. Карыбек уулунун пикиринде, мындай чара жакындарын дайыма кароого муктаж болгондуктан иштей албай калган үй-бүлөлөргө колдоо болмок.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы уникалдуу өндүрүштү кеңейтүүгө 800 миң доллар бөлдү. Каражат Riberg Bauchemie компаниясынын жылуулук жана гидроизоляциялык, ошондой эле полимердик материалдарды чыгарууну көбөйтүүгө жумшалат. Долбоор ишке ашса, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 30 тоннадан 90 тоннага чейин көбөйөт. Жаңы өндүрүштүн аянты 2,5 миң чарчы метрден ашат. Компаниянын негизги продукцияларынын бири — пенополиуретан. Маалыматка ылайык, мындай курулуш материалын Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда чыгарган башка ишкана жок. Жалпы инвестициянын көлөмү 1,4 миллион доллардан ашат. Өндүрүлгөн продукциянын 80 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда. Riberg Bauchemie продукциянын сапатын Германиянын Штутгарт шаарындагы лаборатория менен биргеликте текшерип келет. Компаниянын материалдары Россияда сертификациядан өткөн.Россия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье жазды. Маалыматка караганда, документтин алкагында тараптар коопсуздукка коркунуч келтирген террордук жана экстремисттик уюмдар, ошондой эле шектүү айрым адамдар тууралуу ыкчам маалымат алмашып турушат. Мындан тышкары, алты мамлекет өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирүү аракеттери жана пландалып жаткан террордук чабуулдар боюнча маалыматтар менен бөлүшүүнү ниеттенүүдө.5-октябрда Бишкектеги мектептер, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик уюмдар онлайн иштөөгө өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мындай чара “Бишкек аренанын” расмий ачылышына байланыштуу жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды. Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте ишин улантат. Эске салсак, ошол күнү “Бишкек арена” стадионунун расмий ачылышы болуп, ири концерт өтмөкчү. Шоу-программага ата мекендик өнөрпоздордон тышкары, коңшу өлкөлөрдөн келген ырчылар да катышат.Бишкек — Ош авиабилетинин баасын 4,5 миң сом кылуу көздөлүүдө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багыттарындагы авиабилеттерди арзандатуу үчүн авиакеросиндин наркынын бир бөлүгүн субсидиялоону сунуштады. Ал эми авиакомпаниялар билеттерди туруктуу баада сат
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104040708_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_59e3db600bfb775224e56124df92d5fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио