00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Аукцион вместо фиксированного тарифа: Кыргызстан меняет правила игры для инвесторов в зелёную энергетику
08:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда бирдиктүү Тез төлөмдөр системасын киргизүү пландалууда
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что делать с врачебными ошибками — острый разговор о работе медиков
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Комузун ташка чаап, өнөрүнөн кайткан дастанчы Сарыкунан тууралуу 15 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековКомуз кармаган акын. Архив
Комуз кармаган акын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2026
Жазылуу
Биз Сарыкунан деп атын угуп жүргөнүбүз менен ал кишинин тагдыры, чыгармачылыгы жөнүндө кененирээк билбейт экенбиз. Анын бир топ себептерин алдыда айтабыз.
Салттуу кыргыз өнөрүндөгү орду өзгөчө турган, ал көрбөгөн жер, ал кездешпеген адам калбагандай энциклопедиялык билимге ээ болгон, өзү да ар кыл өнөрү менен отурган жердин көркүн ачкан, эне тилибиздин бай казынасын колдоно билген улуу дастан айтуучу болгон.
Бүгүн ошол Сагынбек Дыйканбай уулу же эл айткандай, Сарыкунан тууралуу 15 факт сунуш кылабыз.
Туулган жери, туулган жылы, жашаган жери. Азыркы аталышта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу кыштагынын Чала-Казак деген жеринде (айрым маалыматтарда Фрунзе шаарынын Кызыл-Аскер бөлүгүндө) 1905-жылы (1903-жылы болушу да мүмкүн дешет) туулган. 1930-жылдардын экинчи жарымынан тарта жеке тагдырына байланыштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндө жашаган.
Ата-теги. Атасы моңолдор уруусунун назар уругунан, сөзмөр, куудул киши экен, энеси казак кызы болуп, ал да турган жеринен өлөң айтып жиберчү дешет. Ата-энесинен эрте ажырап, солто уруусунун атактуу манабы Өзүбектин небереси Туңгучбайдын аттокууру, чайчысы, балдарына каралашкыч эргенчиси болуп эр жеткен. Ошол кезде эле обондуу ырларды ырдап да, төкмөлүк шыгын көрсөтүп да чоңойгон.
Калык Акы уулунун өнөрүнө кызыгуу. Туулуп-өскөн айылынын этек жагында Башлай деген жер бар экен, 1922-жылы ошол жерде "Союз кошчу" уюмунун чоң тою болуп, казак-кыргыз өнөпоздору келет. Жыйынга Калык Акиев да катышып, дастан айтат, төгүп ырдайт, жар чакырат. Идиректүү Сагынбекке ошол кишинин аткаруусундагы чыгармалар өзгөчө жагып, бир тобун жаттап да алат. Кийин аларды ар кимге айтып берип да жүрөт.
Калык Акыев менен жолугушуу. Басса-турса оозунан Калык Акыевдин ыры түшпөгөн жаш жигитти күнтуу, канай урууларынын тың чыкмалары Коңурбай, Бөжөк, Момуналы, аларга кошо айылдашы Мырзакмат Калкабаев деген киши баш болуп, аттап-тондоп, 1924-жылы Жумгалга алып жөнөшөт. Ак-Быштынын сазында бир ашта Калык акынга жолугуп, келген максаттарын түшүндүрүп, алып барган атын ырчыга мингизип, сындан өтөт. Ошондон кийин экөө ата-бала болуп жүрөт. Эки жылдай Чүй, Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбө, Суусамыр, Талас жерлерин кыдырат. Дастандарын үйрөнөт, ырчылар менен айтышка түшөт.
Комузчу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Мектеп уюштуруп, 12 жетимди асыраган. Кара жаак Калык Акиев тууралуу 13 факт
Сарыкунан деген ылакап аттын чыгышы. Ошондо Калык Акыевди издеп барып, ага жолуккан соң устаты ага сары чийкил болгону үчүн Сарыкунан, ал эми кочкорлук Кемел деген жигитти кара тору болгону үчүн Каракунан деген ат коюп, ошондон эл арасына Сарыкунан деген ылакап аты тарап кеткен.
Токтогулдун баасы. 1925-жылы Суусамырда бир той болуп, ошол тойдо Токтогул Сатылгановго жолугуп, Токо анын кабарын мурда угуп жүргөн экен, "Кедейкан" дастанын толук айттырып угуп, "колуңдун шадысы кыска, катын кол экенсиң, балам. Залкар күүлөрдү үйрөнөм деп убара боло берсең, акындыктан алыстап каласың. Обон күүнү үйрөнүп, акындык жолуңа көңүл бур, балам" деп айтып, топто отургандарга "Кедейканды" Сарыкунандан эч кимиң талашпагыла" деп баасын берген экен.
Жолу болбогон артист. Сарыкунандын уюштуруучулук жөндөмү жогору болгон, 1927-жылы Фрунзе шаарында алгачкы жолу мамлекеттик театрды (кийинки филармонияны) уюштурууга катышып, ошол жерде 1929-жылга чейин аткаруучу болуп эмгектенген. Бирок бул тармакта негедир көп иштебептир, туугандары "артист болбосун" деп талап койгон дешет. Өнөр багытынан кетип, 1930-жылы Кемин районундагы Чым-Коргон айылдык кеңешинин катчысы болуп иштеген.
Бала күйүтү. Дастанчынын келкели келип турганда 1932-жылдарда Казакстанды текши ачарчылык каптап, элинин бир бөлүгү кыргыз тарапка оойт эмеспи. Ошондо Чым-Коргондогу Байгазы деген абышканын үйүн байырлап калган бир казак келинге көңүлү түшүп калат, кыз көңүлдөнбөйт, ошого карабай апасы үйрөткөн казакча ырларды ырдап, ашыктык сезимин ашкере айтып, бир топ артынан түшүп жүрүп, акыры ошол кызга үйлөнөт. Жыл айланып уулдуу болушат. Бала басып калган мезгилде ырчынын үйүнө конок келип, казан толо эт асат. Эт кайнаган кезде жубайы да камыр жууруп, алаксып калат, ойноок бала казандагы шорпого түшүп кетет да, күйүп калат. Баласынын күйүтүнөн үч жыл гана чогуу жашаган жаш келин да алты айга жетип-жетпей каза болот. Ошондо Сарыкунан ушунун баарына мен күнөөлүүмүн, мына бул комуз күнөөлүү деп комузун ташка чаап сындырып, экинчи комуз кармабаганга, ооз ачып ырдабаганга ант берип, туш келген жакка басып кетет. Ал барбаган жер калбайт: Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Каракалпакстан, Казакстан. Кырктын кырына келгенде гана дербиштик жашоосун токтотот.
Кетмен-Төбөдөгү күндөрү. Тагдыр аны Токтогул Сатылгановдун жерине алып келди. 1938-жылдан тарта соода тармагында, 1947-жылдары Үч-Терек айылында маданият үйүндө иштеген. 1950-жылдан 1958-жылга чейин Токтогул районунда кампа башчы болуп эмгектенген. Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына карата райондун борборунда 1965-жылы өткөн мааракеде жарчы катары эл өтүнүчүн аткарып, 31 жылдан кийин кайра ырдаган. Ушунда аябай ачылыптыр, орусча, казакча, түркмөнчө, өзбекче да ырдап жибериптир, куйкум сөздөрү менен отургандарды аябай күлдүрүптүр. Ошентип, аз-аздан ырдай баштаган. Өзгөчө анын кийинки талантынын ачылышына Коргол Досуев таасир эткен, экөө Токтогул районунда ырдашып да жүргөн. Бекназар куудул, Алтымыш Мундузбаев сыяктуу өнөр адамдары менен элге өнөрүн тартуулаган.
Дастанчы. Ал биринчи кезекте кайталангыс дастан айтуучу. "Жаныш, Байыш", "Курманбек", "Кедейкан", "Кожожаш", "Ак Мөөр", "Карагул ботом", "Үч жигит", "Гүлгаакы" дастандарын зор чеберчилик менен элге тартуулап, 1965-жылдан аларды жаздыруу ишин баштаган. Сарыкунан Токтогулдун Эшмамбет менен, Токтогулдун Жеңижок менен учурашканын кемелине келтирип аткарган. Күйгөн, секетпай ырларын, Коргол Досуевдин чыгармаларын мыкты ырдаган. Анча-мынча айтыштары да болгон экен.
Сарыкунандын "Курманбеги". Бул тууралуу Элмирбек Иманалиев биз менен маектешүүдө мындай дейт: "Көп тараган жана китеп болуп чыккан варианты Калыктыкы ("Курманбек" тууралуу айтылып жатат). Муну түбү Токтогулдан үйрөнгөн экен. Калыктан Сарыкунан үйрөнүптүр, ага үйрөткөнүн Калык унутуп калат. Кийин бир жерде Сарыкунан айтып атса, Калык ата кагаз кармап отуруптур, балким ал кайра шакиртинен пайдалангандыр. Соңунда Калыктыкы китеп болуп чыкты. Менин оюмча, Сарыкунандын варианты күчтүү". Дал ошол Сарыкунан комуздун коштоосунда айткан "Курманбек" элге радио аркылуу кеңири тарап, баатырдын жарадар болуп Аккан досуна жолуккан жери далай кыргызды ыйлатып келди. "Бир жолу мен Курманбектин жараланган жерин айтам деп бир карыядан тил уктум. "Жүрөгү жок сендей ырчыны көргөн эмесмин, адамды ушунчалык кыйнайсыңбы, жаман киши экенсиң" деп туруп кеткен эле", - деп Сапарбек Закировго айтып берген экен өзү. "Курманбекти" Калык Акыевден үйрөнгөнү менен анын текстин кыйла байытып, өзүнчө вариант катары иштеп чыгууга жетишкен, ар-ар жерде обондорду алмаштырып отуруп, негизги бүт текстти үч обон менен аткарган. Анын аткаруусундагы "Курманбек" Алматы шаарында феро-магниттик пленкага жазылып, совет учурунда ар бир үйдүн кымбат буюмуна айланган.
Этнофестивалдын катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Курманбекке атасынын ат бербей коюшу. 40 жигиттин чыккынчылыгы. 7 факт
Шакирттери. Обончу, төкмө акын Абдрашит Бердибаев 1933-1934-жылдары Сарыкунан акындан Ызакандын "Ак келин", "Сугатчы", "Бөдөнө-Кыргый" деген ырларын үйрөнүп ырдай баштаган. Анын чыгармачылык таасирин Асылбек Эшманбетов, Токтосун Тыныбеков, Абды Байсабаев, Тууганбай Абдиев ж.б. таланттар алган.
Чыгармачылыгы тууралуу пикирлер. Анын чыгармачылыгын Сапарбек Закиров, Батма Кебекова, Турдубай Абдыракунов, Абды Обозканов, Бакыт Баймурзаев, Болот Таштаналиев ж.б. фольклорчулар, өнөртаануучу Балбай Алагушов изилдеген. "Оозуңдан чыккан ырларың, булактай оргуп атылган", "түгөнбөйт элдик дастаның, күн батып, таңдын атканын, сездирбей тартат эл көөнүн", "күргүштөп чыккан ырларың, агымындай дайранын" (Абдыкалык Чоробаев, акын, изилдөөчү). "Менин бала кезим. Колхоздун кеңсеси Чай-Булактын секисинде алма бактын арасында эле. Бир күндү дем алыш жарыялап, чөпчүлөргө Сарыкунан атабызды кечке ырдатышкан. Үнү да кубулжуп, ар кайсы окуяда ар кандай үн менен элди өзүнө тартып бирде муңайтып, бирде ыйлатып ырдаганы эч эсимден чыкпайт. Сарыкунан атабыз кайталангыс таланттардын бири эле" (Исабек Токтогулов, Токтогул району). "Бир караганда өзбектерге окшоп кеткен, толук, орто бойлуу, кашы узун, сакал‐чачын ак баскан, кашка баш, өзүн адамдан алыс кармаган, көп адамга сырын ача бербеген адам. Оюна төп келген адамга билгенин жашырбаган шайыр, кичүүнү эркелетип, улууну сыйлап, жапакеч. Тааныган адамдарынын саламынан кыя өтпөй, кези келгенде күлдүрүп, "чымчып" да коет. Жашы 65ке келип калса да үнүндө жаштыктын күчү толкундап турат. Үнү коңур, жанга жагымдуу, бийик. Комузга кошуп күңгүрөнгөнүн да угуп эле отургуң келет" (Тууганбай Абдиевден жазып алган Сапарбек Закиров) ж.б.
Турган жерден эле домбура ойноп кете берген. Бир жолу Булар деген баатыр той берип, казактардын Кенен Азербаев деген таанымал акынын чакырат. Ал тойдо жаш ырчы Сарыкунан да болгон экен. Сарыкунан Кенендин домбурасына кызыгып калат да, аны сураганда бергиси келбейт, Булар баатыр ортого түшүп алып бергенде Сарыкунан алып эле катырып ойноп кеткен экен, тургандар "домбура ээсин тапты" деп сүрөп кетиптир.
Казасы. Ушундай таланттуу ырчы, дастанчы өмүрүндөгү бир трагедиялуу окуядан улам 30 жылдан ашык убактысын чыгармачылыкка арнай албай калды, бул, сөз жок, кыргыз маданияты үчүн чоң жоготуулардын жылдары болду. Акын 1970-жылы катуу ооруп, Фрунзе шаарында ооруканада жатып, ошол жерден каза болот. Анын сөөгү Токтогул районунун Бөкөнбаев (Көтөрмө) айылына коюлат. Өкүнүчтүүсү, көп чыгармалары, анын ичинде Токтогул өзү жогору баа берген "Кедейкан" эпосу жазылбай калды. Кечээ эле, гүлдөгөн социализм мезгилинде жашап өтсө да...
Великий манасчы и поэт Тоголок Молдо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2025
Тоголок Молдо тууралуу 19 факт. Кол жазмаларын куржундап ташыган акын
Жаңылыктар түрмөгү
0