Курманбекке атасынын ат бербей коюшу. 40 жигиттин чыккынчылыгы. 7 факт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЭтнофестивалдын катышуучулары. Архивдик сүрөт
Этнофестивалдын катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
Ушул чыгарылыш менен "Курманбек" эпосу аягына чыгат.
Курманбектин Кош-Коргон салдырышы. Ошондон кийин Курманбек башкарган хандык бейпил жашап калат. Канышай экөөнүн ортосунан эркек бала төрөлүп, атын Сейитбек коюшат. Акыл менен эл бийлеп, кыргыз-кыпчактын эчендеген калаалары тикеленет, жер чеги кеңеет. Ары-бери өткөндө Аккан досу келип турат. Сейитбекке арнап Кашкарга сарай салдырганын айтып сүйүнчүлөйт. Анан ошол ак сарайга санак жеткис мал менен барып, Курманбек Аккан менен ажырагыс дос болот, бир жылдай Кашкардагы хандыгын да досу Курманбекке берет. Ошол жылдары Анжиян, Өзгөн, Ош ортосуна арыктар казылып, талаалар гүлдөйт, сан кол басып кирсе өтө албас капкалуу калаалар, отуз балбан төрт күндө араң аччу дарбазасы болоттон, ачкычтары алмаздан сарайлар курулат, ордону сегиз кездүү дубал менен коргон кылып тостурат, шаарларга жер асты суулар – куурлар салынат, башка кандыктар менен ынтымак-ырыс орнойт, базарларынын берекеси ашат. Аюп-Булакка жакын деп, Бек-Абаддын бери жагы Кемпир-Абад деген жерге Куршаб, Тар, Жазы суулары биригип, Кара-Дарыя куралган аймакка – Жибек Жолдун тоомуна, Анжияндын башына Кан-Абадды курдурат, алты шаар Кашкардан, Самаркан менен Кокондон, Сайрам менен Коженттен усталарды алып келип кош коргон салдырат. Анын бирине атасы Тейитбекти коёт, экинчисин кырк жигити менен өзү ээлейт.
Дөлөн хандын урушка камынышы, ат чубатышы. Жыл сайын Тейитбек уулу Курманбекке билдирбей калмак кандарынан алым алып турат. Алар улам алымын азайта берет. Анысын атасы уулуна айта албайт, айтса уулу алым алдырмак эместигин билет. Дагы бир жолу Тейитбек жайлоолоп, кымыз ичип, жай өтүп, күздө келем деп Курманбектин Телтору атын сурайт. Атасына бербеген атты Курманбек кимге бермек эле? Ошентип Телтору ат колго тийген Тейитбек элчини, алымчыларын ээрчитип Дөлөн хандын ордосуна жөнөйт. Буларды Дөлөн хан тосуп чыкпайт, алым бермек түгүл ат үстүнөн салам бергенин түшүнбөгөн Тейит хан кыйкырып киргенде калмактын килейген жигиттери келип элчи менен алым алганы келгендерди занданга салышат. Телторуну жан адам көрбөс караңгы жерге камап, көз нурун, бут кубатын алып таштоого ыклас коюшат. Дөлөн хан Курманбек атасын жоктоп келерин күтүп, жер чегине кылдат аңдарды каздырып, тоо башына турнабайлуу күзөтчүлөрдү жашырып, өзү да, аскери да, эли да камдуу жатат. Ошондой күндөрдүн биринде Дөлөн хан саяпкер сынчыларын, көзү ачыктарын, бакшыларын, таш буркандай үн катпас молдолорун, жан адамга көрүнбөй ормондо же тоодогу үңкүрдө жүргөн кечилдерин, көзөлдөрү менен билгилерин чакырып ат чубатмай тоюн өткөрмөй болду. Ошондо не бир гана аттар өтпөдү: туягы туягына тийбеген сан жорголор, алты ай минсе арыбаган, ташка салса тайгылбаган, көл бетиндеги ак куулардай калкып зымыраган бурак тулпарлар, желгенине жел жетпес, басканына куш жетпес не бир түркүн калбыр өпкө, жез билек аргымактар, күнчөлүк жерге чуркаса күйүнүп койбогон камал бузар орошон күлүктөр, жакынга минсе жабыркатпас жоош бедөөлөр, казатка кирсе каржалбас тобурчак кара байырлар, киши карап көркүнө тойбос сайыпжамал акалтекиндер, көл букадай жүк көтөрсө бели ийилбес партал аттар, он асый болгончо үстүнө адам отурбаган кур аттар, тоо-ташты жаңыртып, жапайы мүнөз күткөн азынаган айгырлар, адам көрсө үркүп турган ала-була, бою жапыс качыр аттар, шамал менен жарышкан шай күлүктөр, жөн эле жылкы эсеби көбөйсүн деген сары таман аттар менен сары карын бээлер... Иши кылып баары өттү. Аттар чубап ада болордо онунчу күнү капилеттен зынданда жаткан Телторуну эстей койгон Дөлөн хан аны алып келүүгө буйрук берди. Телтору караңгы жерден чыкканда, жарыктын нуру көзүн өпкөндө кош кареги агып кала тургандай дүйнө башкача бир жаркылдап, Күн чарасы так мээсине келип, чагылган түшкөндөй эч нерсени көрбөй, дүйнө күңүрт бир бозомтукка айланды. Анча-мынча карабараң гана көрүнбөсө аалам караңгы эле. Темселеген Телтору атты чубатмай майданга алып келгенде Дөлөн хандын суу төгүлбөс сур жорголору, ааламды чарк айланчу аргымактары, беш жыл минсе былк этпес бедөө аттары, сары кумда саргарбас, жашыл тоодо жашыбас, кумдуу жерден кулабас сай күлүктөрү, булуттуу көктүн астында бөкөн менен жарышкан буудандары, туягын жаза баспаган, тоодон тоого секирген тулпарлары, желгенине жел жетпес желмаян айса төөлөрү, кулан кууган куу байталдары – баары-баары өтүп бүткөн экен. Бир алдын эле эки көзүнөн жаш аккан, жол таппай темселеген Телтору ат көрүндү. Теке жоомарт Телтору ат кырк күн камоодо жатып, кырк күн кызып баспай, кырк күн кылкылдатып суу жутпай, кырк күн торбодон тоё жем жебей арыктап бүткөн экен. Теңселип ат тандап секиде тургандардын жанына келгенде эле Дөлөн хандын сынчылары менен саяпкерлери тамшана карашты, кечилдери менен сыйкырчылары ордунан туруп алышты, сүкүт салгандары Телторуну теше тиктешти. Ошондо жол ылгабай намашам көр болуп калган Телтору ат алыс-алыста калган Курманбекти дагы бир эстеди, анын жытын самады, Кош-Коргонду эстеди, агымы күчтүү Кара-Дарыяны эстеди. Ушуларды эстеди да чубатма менен кетпей, артына шарт бурулду да, бир кошкуруп алып, кыямат келгендей ачуу кыйкырып алып, окурунуп кишенеп, кыл куйругун бир былкылдатып, бир сеңселтип жөнөй берди. Артынан чаңызгып, Дөлөн хан айкырып: "Кармагыла! Тирүү алып келгиле!" – деп буйрук берип, чакчелекей түшүп калды. Күн жүрүш жакты беттеп Телтору ат элес-булас көргөн көзү менен жол тандай албай жал-куйругун асаба туудай батып бараткан Күндүн чогуна кыпкызыл кылып боёп качып жөнөдү.
Курманбектин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Курманбек менен Аккандын дос болушу. Баатырдын таажы кийиши. Эпостон 8 факт
Курманбектин зайыбы менен баласын алып Ооганга жол алышы. Телторунун дартка чалдыкканын да, аны менен барган Тейитбектин кандай күндө калганын да Курманбек билбеди. Кашкарга Аккан досу салдырган Сейитбекке арнаган ак сарайга улап өзү да ар сарай салдыртты. Ошондой күндөрдүн биринде аялы күйөөсүнө Ооган жерин, атасын сагынганын айтты, Сейитбекти тага журтун, таяталарын көргөзүп келели деп калды. Курманбек Канышайын жанга алып, Сейитбекти алдыларына отургузуп наапа араба менен Аккандын соода керебенине кошулуп, Шарп кула атын кериле минген казактардын Эр Эшим ханы баш болуп, ар кошкон журттун башчылары деп сарыбагыштан Сарысейитти, саяктан Түңкатар менен Түгөлдү, солтодон Чааны, багыштан Көкүмдү, кушчудан Кайназарды, саруудан Төңтөрүк менен Боркемикти, Кытайдан ооп келип туруп калган, кыргыздар кан келди деп жүрүп, аты Кангелди болуп кеткен жаңы тууганды алып Күн батыш карай жөнөдү. Жөнөп жатып атасына кирди. Атасына Сыр боюна, Ташкен өтүп, Көк-Дөбөнүн оюна жамы калктын хандары чогулуп курултай куруп, бир асабага биригип, бекем туралы деп жатабыз, кашкар ханы, казак ханы, кыргыз-кыпчак ханы ушул чөлкөмдө чоң дөөлөт, урабас салтанат түзүү тууралуу масилет куралы деген оюн айтты. Тейитбектин ичи тарыды, хандыкты тарттырып иебиз деди. Анда ал Курманбек кырк жигитин таштап кеткени жакшылыктын жышааны эмес экендигин, катынынын сөзүнө кирип Бакбур ханга бала болуп калганын, кыргыз-кыпчакты бөтөн элге тебелетип иерин айтты. Кырк жигит ишенбесе, андан бетер ишендире турган кылып сүйлөдү. Ооганга кошулгандан көрө калмак менен алымын алып кол кармашканыбыз туурадыр деди. Атасы балага жамандык кылмак беле деп кырк жигиттин айрымдары Тейитбекти алкап тарады, айрымдары болсо аны бийлик күсөп атат деп жаман көрдү. Дөлөн хандын элчилери менен жолугуп, аларга "Курманбек Оогандан келгенче ханың бизге кол салсын да, ээлик кылып калсын, мен кырк жигитти силерге каршы тургузбайм, Курманбек келген күндө да мен ага Телторусун мингизбейм, жөн гана багынып беребиз. Бирок бир гана шарт менен – биз силерге алым бербейбиз, мен бул журттун ханы болом, силер жөн гана бул хандыкка сырттан көз саласыңар, башка бир да элди киргизбейсиңер" дейт.
Кыргыз-кыпчак кыйырына жоо кирди. Жоо келатканын кабарлап чабаган келди. Курманбек жок. Бийлик – Тейитбекте. Не кылар айласын таппай аксакал-көксакал ары кеңешти, бери кеңешти, алты миң колдун алдын тороого алтымыш адам таппай карылардын айласы кетти. Тейитбек болсо Телторуну Кош-Коргондун өзү тарабына киргизип, не болсоңор ошо болгула дегендей капкаларын жаап алды. Жол келе жаткан Курманбекке кабар барды. Наапа арабада Канышай менен Сейитбекти кербендер менен арттан баргыла деп калтырып чабармандын атын чапкылап, Кош-Коргонго алеки замат келип жетти. Алдынан тосуп чыккан кырк жигитке кайрылды: "Чоң салтанат курабыз деп Ооганга барып келгенче, журтума бүлүк түшүптүр, жалгыз бала болсом да силер менен бир туугандай болдум эле, не болуп кетти, кырк бөрү", - дейт. Кырк жигити унчукпайт. Дага айтат: "Адалды жесек бир жеген, арамдыкты билбеген, курамадан куралган, көп журттан кошуп уланган кыркың турсаң бул жерде, мен кыбыла кетпей не кылам? Кыраңдагы түлкүгө куш салсак бирге салчу элек, кызыл кыргын жоо келсе кылчайбай туруп барчу элек, кай жерде мелдеш болбосун байгенин башын алчу элек, кыйналып жатса бөтөн эл кыйылбай ашуу ашчу элек, башкалар жардам сураса баарынан мурда барчу элек, адилетсиз душмандын катыгын берип кайтчу элек, бу турушуңар не болду, баатырлар?!" Кырк жигит дале унчукпайт. "Кырк жигитим баргыла, тултуюп турчу кез эмес, калмактар кыстап келиптир, атамдан Телторуну алайын, кара таандай калмакка бир бүлүктү салайын! Силер мени сүрөгүлө, сүр болуп кыркың кырк жактан жапырып киргиле! Өзү келген ойроттун ойронун бир төгөлү, катылып кирген калмактын катыгын колго берели! Агымды чогуу таттырып, ак ордомдо жаткырып, аталаштай болгонбуз, уузду чогуу таттырып, үзөңгү тепсек бир тээп, уялаштай болгонбуз, эликке барсак бир барып, эшиктеш болуп бир жатып, энелештей болгонбуз, ууга чыксак бир чыгып, убайга түшсөк бир түшүп удаалаштай болгонбуз, жоого барсак бир барып, жагалмайдай жапырып, жатындаштай болгонбуз! Эми тентип кеткен баласын кечирсин деп Тейит ханга баргыла, атамдан кабар алгыла, Телторуну тезинен алып келгиле!" - дегенде кырк жигит сүрүлө берди. Аркы коргонго – Тейитбектин короосуна барышты. Сакчылары жолотпойт, Тейитбек капкасын ачтырбайт. Бузуп кирели десе кырк жигиттин көбү Тейитбек тарапка ыктап, ага да көнүшпөйт. Кырк жигиттин аттары окшуп, бышкырып, азынап, Тейитбектин коргонун тегеректеп турду. Купалуу ак сарайды орогон үстүндө наапа араба жүрөр бийик коргондон кырк жигиттин ызырынгандары кирип барайын дешсе Тейитбектин ачуусу жаман, башын алдыруудан кайра тартпайт, анын үстүнө канткен менен хандын атасы эмеспи. Ошентип кырк жигит кыйкырынып көпкө турду. Бир убак уйкусу кангандай Тейитбек капканын жебе араң жетер башында туруп кырк жигиттин кебин укту.
Улуттук кийим кийген чабандестер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Баатырлардын соңку согуштары. Улуу баяндан 9 факт
Кырк жигиттин жалынычы. "Айланайын, хан ата, – деп сөз баштады кырк жигит башы, – калмактар кырып келатат, карышкырдай тийүүгө бизге батаңызды бериңиз, кагылайын хан ата, ойроттор оолугуп келатат, ошолорго опурулуп барууга ооматыңызды бериңиз, таалайы бийик тең ата, табалап душман келатат, ошолорго тең турганга Телтору атыңызды бериңиз!" Антсе Тейит хан: "Ии, силерге эми ат керек болдубу? Телторуну бербеймин, мен аны өзүм тапкам, өзүм баккам, калмактар басып келатса, аны өзүм минем!" Жигиттер улам бирден барды, экиден барды. Ат колго тийбеди. "Бербеген атыңды көр байгеңде чаптырып кал, ылайым! Сөөгүңдү жүктөт ошол атка! Ошол ат сүйрөп өлтүрсүн сени!" - дешти каргап. Келинге да көнбөдү. Атасы менен ат талашпады баласы. Андай кез эмес. Койкүрөңдү токутту. Жигиттер аны менен жоого каршы барбайбыз деп чыкты. Ат тизгинин шарт буруп ордосунда калган Сейитбекке барды. Алтыга келген Сейитбек ар нерсеге жакын болуп, ат үстүндө күн өткөрүп калган. Атакелеп алдынан чыгып, баатырдын Койкүрөңүнүн ээрине олтурду. Ата-бала Койкүрөңдүн кандайлыгын баамдап көрдү, ары чапты, бери чапты, ырас эле экен, жакшы тапталыптыр. Илбирс ич болуп жүгүрүүгө эптүү, узун жамбаш, кең соорусу Телторунукунан ашса ашат, кем калбайт. Сийдиги тунук, бээ сүтүн берип багыптыр. Телторудан калчу мал эмес экен. Ошентсе да Телторуну эстегенде Курманбектин ичинен кан өтүп баратты... Мен да барам деп чыкты уулу. Аны араң калтырды.
Калмактар бетме-бет келди. Курманбектин болсо ичинен кан өтүп туру: атасына бир сөгүнөт, кырк жигитке бир сөгүнөт, мурдатан чаап салбай, аяп келген калмактын бул кылыгын эстеп бир сөгүнөт. Дулдуюп, карарып алган. Ажыдаар айбатын, арстан айкырыгын салып катар тизилген колдун бир дайрадан жерин оюп барат. Астындагы Койкүрөң аты жаңы бышты, жазгы асый мал, тарткан жаадай зыркырап, ары бир, бери бир чуркайт жаныбар. Ал чуркаган сайын тал-тал көкүл, сыйда жалы сынына келип, түпөктөй туу куйругу желге ыргалып, кең соорусу былкылдап, Курманбектин да ырабдайын көтөрүп жатты. Баатырдын баралына келген кези экен, онго кылыч шилтесе беш калмагы бир ыргыйт, солго кылыч шилтесе беш калмагы кайра ыргыйт. Тоголонгон баштардан тоонун баары баш болду, каршы-терши баштардан ат желигип баса албайт. Калмактардын ичинен аты качкан андан көп, өзү качкан мындан көп. Капырларча чокунуп, ыйлап аткан андан көп, баспай жаткан аттарын болушунча теминип, кыйнап аткан мындан көп. Буту үзүлүп бир жерде, денеси жаткан бир жерде адамзаты кор болду. Жаны чыкпай онтошуп, жалынгандар андан көп. Өлтүрүп мени кетчи деп чала өлүктөр мындан көп. Кудайдын ушул кылганын көрбөй туруп ыйлайсың. Калмактын кыйла шаштысы кетти. Бир күнү таң бозомтук тартып, өзүнчө эле бир кызыктай атты... Удургушуп куушуп, уй мүйүз тартып урушуп калмакка көрсөтүп атты кызыкты. Топурак учуп тоз болду, асман бүркөө боз болду. Өлүктөр жыттанып ис болду. Курманбектин кубаты кетпей дале согушуп атат. Алдындагы Койкүрөң жаныбар азыр жаштыгы гана болбосо кезеги келгенде Телторудан калышпай турган мал экен. Колтугу улам узарып, кең соорусу керилип, тулпар болорлугу билинип, кулжа мойну койкоюп, деле бир сымбатынан жазбайт. Ошентсе да анын аңды-дөңдү карабай баса бермейи бар экен, бир-эки жолу мүдүрүлүп да алды... Курманбек Койкүрөңдөн түшүп, аны эс алдырып алайын деп жетелеп турган. Дөлөн хан дүрбүсүн оңдоп-түзөп кайра-кайра ошол ат жетелеген адамга түздөдү. Ошол ортодо Курманбек атынын токумун алып, анын үстүн желдетти. Аны көрүп, турнабайын ошол жакка улам-улам туштап атып, сүйүнгөнүнөн Дөлөн хан кыйкырып ийди: "Карагыла, Курманбектин мингени Телтору эмес турбайбы? Карагыла, теңгедей жылдыз кашкасы бар тура! Анан биз анын атын чарчатпай, өзүн башка аттан алып жыкпай неге турабыз?! Жабуу-жабуу! Жабуу!" Ошол кезде калмактын кайдан-жайдан чыга калгандары белгисиз айса төөчөндөрүн урушка киргизди. Алар Курманбекке улам жакындап барат да, же найза сайбай, же кылычташпай кача беришет. Курманбек кууп калат, желмаяндай төөлөр же баатырга жеткирсечи. Ошентип төөчөндөр баатырдын айласын кетирди. Аларды адыр ашырып кууп, коктудан өргө житирип жүрүп, Курманбектин аты баспай шайы кетти. Койкүрөңдүн кең таноолору бырылдап, такымдан чыккан тери шырылдап, кулактарынан жан кетип шалактап, куйруктары эпке келбей булактап, калбыр өпкөсү калжайып, жез канаты талып, демиге баштады. Калдактап дабдырап, өзүн жоготуп, камчыланса да, теминсе да сезбей айласы алты куруду.
Манас эпосунан иллюстрация. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Кыргыз менен кытайдын согушун токтотуп турган Мыскал кыз. Улуу баяндан 6 факт
Курманбектин шайы ооду. Атсыз аскер канаты сынган карга экен, Телторусуз Курманбек теңирдин каарына калган бир тентимиш экен. Обо, опосуз дүйнө ай, ушинтип бул дүйнө, кызык дүйнө, ширин дүйнө тамам болобу да, кудай берген өмүрдүн аягына чыгабы? Кечээ туулган бир адам чагылгандын көктө тартылган бир отундай бейоопа кете береби? Кечээ хан ордодо артынан калбай ээрчип жүргөн кишилери кайда, эмне алар адамдын башына күн түшкөндө кара башын калкалап калчу үлүлдөргө айланганбы? Неге алар эртең эле жоо келип басып кетерин ойлошкон жок? Же жоо келгенде ак желегин көтөрүп, ак шумкарын колго кондуруп тосуп чыгабы? Адам табияты ушундайбы? Киши баласы ушундай жаралганбы? Та-аң... Баатыр атынан түшүп, найзасы менен жер таянды. Асманда булуттар көрүнбөй боз мунарык каптап, кандайдыр бир жамандыктын кабарын каңкуулап тургандай. Эми аны качырып кирген катын да сайып кетеби? Жок, жок, кантип эле? Ошо кезде баятан бери турнабайын Курманбекке гана туштап турган Дөлөн хан ат тизгинин баатыр жакка бурду. Аны кошо ноёндору ээрчиди. Мындайды кудай бербеспи, кезек келсе эми бир келди деп Дөлөн Курманбекке жакындай бергенде баатыр биртике дем ала түшкөн атына кайра минди, сыр найзасын сунду эле бута атым келип калган калмактар кетенчиктей түштү. Ошо кезде алапайын таппай таандай качкан ойроттордун оң келгенин чаап отурбай, хан Дөлөндүн өзүн өкүртө чабайын, анысын чапсам калгандар өздөрү качат, буюрса уруштун акырына да келдик деп Курманбек Дөлөндүн Карала атын качырды. Артынан куугун түшкөндө Дөлөн Карала атына камчы басты. Кууй түшсүн деди. Кыраакы калмак Курманбектин абалын боолголоду, атасынын убадага туруп Телторусун бербей койгонун да, кырк жигиттин көбү ээрчибегенин да, алдындагы Койкүрөң төрт күндөн ашык согушка жарабашын да түшүндү. Ошолорду түшүнүп, оңтойлуу жер издеп, Курманбекти ит өлүм менен өлтүрөйүн деп бара берди. Кара тер баскан Койкүрөңү менен душманын кууган болуп, Дөлөн болсо калп качып оо бир кыйла жүрүштү. Экөөнөн башка киши жок бир жерге келгенде кош аңдан Карала аты менен Дөлөн хан секиртип өттү. Жаныбар ат илбирстей учту го, тарткан жебедей зыркырап барып аңдын ары жагына туруп калды. Анын артынан Койкүрөң да атырылды. Атырылып түйүлүп барып, түпкүчтөй ийилип, анан тигил кырга жетпей Койкүрөңдүн бели карс сынып шалактап, төрт туягы төрт жакка суналып жатып калды. Курманбек болсо терек боюндай жерге ыргып түштү. Анын дал үстүндө өлүмтүккө тап койгон калкажырдай кара көлөкө болуп Дөлөн турган. Ал баатырды тургуза койбой жар башынан узун найзасын тиги аңдагы адамга сунду. Көкүрөктөн кирген, учу ууланган найза ай далыны тешип чыкты. Дөлөн болсо муратына жеткен кишиче найзасын сууруп алды эле бир кездей найза сыныгы көкүрөгүндө кадалып кала берди. Анан ал шашкалактап Карала атка камчы басты эле, аты андан бетер сүйүнүп, өзү болсо өзөн жаңырта каткыра күлүп жоо түгөнгөнүн сүйүнчүлөгөнү жоокерлерине кетти...
Улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Курманбектин жар тандашы. Эпостон 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0