00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
11:39
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:58
1 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Будущее высшего образования: КРСУ сотрудничает с «Росатомом» и вузами ЕАЭС
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл канаттуулардын жаңы түрлөрү Ысык-Көлдө кыштады —Кыргызстанга келгин куштар кайдан келет?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Ашыкча салмак, семирип кетүү - туура күрөш кандай
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Живой фильтр: как озеленение квартиры помогает бороться с загазованностью
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
2025-жылдын жаз айында кандай кийимдер, өңдөр трендде?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Религия и здоровье: совместимы ли ислам и современная медицина?
18:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да, талантка бай Алыкул Осмонов
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Миграция и деньги: сколько кыргызстанцы зарабатывают в России и вернутся ли они домой?
20:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ашыкча салмак, семирип кетүү - туура күрөш кандай
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тоголок Молдо тууралуу 19 факт. Кол жазмаларын куржундап ташыган акын

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРВеликий манасчы и поэт Тоголок Молдо
Великий манасчы и поэт Тоголок Молдо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2025
Жазылуу
Жазгыч акын, агартуучу, балдар үчүн көп чыгармаларды жараткан, элдик оозеки чыгармаларды жыйнаган жана арман, кошок, балдар ырларын, поэмаларды, тамсилдерди кайра иштеп чыккан Тоголок Молдо тууралуу кеп кылабыз.
Тепейип алып, тоодой эмгек кылган инсандын өмүр баяны, чыгармачылыгы жана анын калтырган руханий мурастарынын баалуулугу тууралуу 19 факт тартуулайбыз.
Байымбеттин туулган мезгили жана балалыгы. Азан чакыргандагы аты Байымбет. Атасынын аты Абдрахман, демек, Байымбет Абдрахман уулу. Жаш кезинен арабча окуп, кат таанып, "молдо", "молдо бала" аталып, өзү кичирээк, тоголок болгондуктан элге Тоголок Молдо аты сиңип кеткен. 1860-жылы жайдын башында туулган дешет. Таанымал фольклорист Батма Кебекованын акын жолборс жылы (1866) теке какшык (июнь) айында туулган, чоң атасынын ысымы Аким деп айтканы да бар. Саяк уруусунун чоро саяк уругунан. Туулган жери азыркы Нарындын Ак-Талаа районунун Куртка айылы. Чоң атасы Токтоназар эл башы – бий болгон. Атасы сөзгө жакын, санжыра, жомок, ырларды айта коюп, баланын кулагын жашынан бышырган. Ошол эле кезде анын зиректигин, кунтун байкаган чоң атасынын бир тууганы Музооке Жаманкара уулу (1800-1878) ага ыр, күү үйрөтүп, эл чогулган жерлерге ээрчитип барып жүрөт. Музоокенин кеңеши менен бала адегенде жеке молдодон, анан айылдагы медреседен мусулманча окуп, кат-сабатын жойгон. Байымбет 14кө келгенде атасы Абдрахман каза болот. Улуу баласы катары Байымбет кетменди колго алып, арык чаап, эгин эгип дыйканчылык кылат. Ээн талаада ыр чыгара коюп жүрөт. Атадан кийин алты жетимди жана алардын апасы Коңур байбичени Музооке өз карамагына алат. Музооке көп айылдарга аты белгилүү ырчы жана комузчу болгон. Айтылуу Токтогул акын Музоокени "Музооке булбул" деп, Балыкооз "комуздун пири" деп баалаган экен. Арстанбек менен ынак болгон, ыр-күү жарышына чыккан, ал "Музооке менин муңдашым" деп койчу экен. Байымбет деле мал-дүйнөгө чукак киши болгон, жашы да өтүп калган, жетимдерге жарытылып жардам бере албайт. Ошол Музоокени чоң Ормон өз айылына көчүрүп кетет экен, ал жакта Стам деген менен Ормон аны талашып, Стамдын уулу Маңытай айбалта менен Музоокени башка чабат. Абдрахмандан төрт жылдан соң Музооке да бул дүйнө менен кош айтышат. Байымбеттин апасы Коңур эне чиедей балдарын ээрчитип Жумгал тарапка жылат. Ар кимге жалданып иштеп, бирок оокатын тыңый албайт, бөтөн элге да батыша койбойт.
Байымбеттин Токмоктогу жылдары. Жумгалда жүргөндө Чүй тараптан Айылчы деген киши барып калат да, Коңурга "силер мага тууган болот экенсиңер, менин айылыма барып жан сактагыла" деп, 1878-жылы Чүйдүн Токмок калаасына жакын Жаңы-Чек (Кара-Дөбө) деген жерине алып келет. Алып келет да ишке салат, Кара-Коңуз деген жерден дунгандардын пияз-сабизин, күрүчүн отойт, жерин чабат, орус кулактарынын чарбасын карайт, арабасына отуруп, Шамшы, Кемин, Кегети тоолорунан карагай тартат, кыргыз байларынын малын кайтарат. Степан деген байдын жазында сокосун айдап, жайында эгинин карап, күзүндө жыйнап берчү экен. Ошол Степанда жүргөн күндөрү жөнүндө минтип жазганы бар: "Күндүк оокаттан башка акы болгон жок. Эки жыл иштегенден кийин акы сурасам өзүмдү тоок багуучу тамына эки күн камап, үчүнчү күнү өзүмдү жана агаларымды кызматтан бошотуп коё бергенде айласыздан Токмоктун үстүндөгү саздуу жерде чөп алачыкта жашап, тегеректеги элге өзүмдүн кызыгыраак жомокторумду айтып, үй-бүлөмдү баккан элем". Бул жерден молдодон окуп көрөт, табыпчылык кылат. Сутканын 15-16 саатын тыным билбей иштеп, окуп жүрөт. Чүйгө келгендеги бир утушу – жакын жердеги Токмок шаарынын илим-билим ордосу болгондугу. Эрте туруп самоорчуларга отун алып барып сатып, алардын отун-суусуна каралашып, базардан мандикерчилик кылып жүрүп, ал жердеги китеп дүкөндөрүнөн ар түрдүү китептерди алып келип, айылдыктарга окуп берип жүрөт. Ал китептер татар, ногой, араб, фарс, анча-мынча казак тилинде болгон. Ошол жылдарда диний медреселер усулу кадим (кадимки ыкма) ыкмасынан баш тарта баштап, усулу-жадид (жаңы тартип окуусу) колдонула баштаган, бул окуу жайларында жалаң эле ислам окуусу (куран, хадис) эмес, математика, физика, астрономия, философия ж.б. илимий билимдер, атүгүл дене тарбия да үйрөтүлгөн. Чечек, өпкө кагыны деген жугуштуу оорулар массалык каптап турганда эл орус доктур деп койгон, чынында молдован, Михаил Фрунзенин атасы Василий Фрунзе менен бирге эл аралап, Байымбет ооруларды дарылап жүрүп, дарыгерликти да, эмчиликти да үйрөнүп алат. Айылдарга барганда күү чертип, манас айтып, ыр төгүп өзүн тоголок бала, анан да молдо бала катары таанытат. Токмоктон алып окуган жана иштеген "Мадрасаи-Икбалия" медреселеринин колдонгон китептеринде, албетте, чыгыш классик акындарынын (Абулкасым Фирдоуси, Низами Гянджеви, Хафиз, Жалалиддин Руми, Кулкожо Акмат Жасавий, Сулайман Бакырганий, Сопу Алдаяр, Алишер Навои ж.б.) чыгармаларын, казак Абайдын, татар Тукайдын китептери болсо керек, куржун толо китеп жүктөгөн күндөрү болот. Акын татарча, казакча китептерди тынбай окуйт, алардын "Бозжигит", "Кыз Жибек", "Жусуп менен Зулайка" ж.б. чыгармаларын жатка айтып да жүрөт. Бир манаптын үйүндө иш кылчу экен, ошол жерге казак, кыргыз акындары көп келип туруптур, демек, Чүй боорунда бир топ төкмө жана жазгыч акындар менен таанышат. Бул чөлкөмдө жети жылдай жашайт, окуйт, бала окутат, иштейт. Анан жерине кетет.
© Sputnik / Нургуль МаксутоваТоголок Молдонун Бишкектеги эстелиги
Библиотека под открытым небом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2025
Тоголок Молдонун Бишкектеги эстелиги
Туулган жерине кайтып келиши жана дагы жеринен кетиши. Тоголок Молдо 22 жашка келгенде, болжолу, 1882-жылы Чүйдө жүргөндө үйлөнөт, 27 жашка келгенде, болжолу, 1887-жылдарда, өзүнчө орозгер тутуп, дурус эле оокат табат да, туулган жери Курткага көчүп кетет. Куртка Нарын боюнда, тогуз жолдун тоомунда болгон үчүн Кокон хандыгы 1832-жылы Куртка суусу Нарынга куйган жерге сепил-чеп салган да, ошол жерден сарбаздар тоолуктарды кылыч менен башкарып да, хандыкка салыктарды чогултуп да турган. Далай жигиттер ушул жерде набыт болуп, далай кыздар ушул жерден Коконго, Анжиянга айдалып турган. Куртка мына ушундай саясий оюндардын борбору болгондуктан, ал жердин адамдары хандыкка жектенүү, жийиркенүү менен мамиле кылган. Бул чепке Кокон эң эле каардуу адамдарын койгон. Байымбет мырзалык сөөлөт күтүп, билимдүү-илимдүү жигит болуп ушул Курткага келгенде анын ырчылыгына жана кат билгендигине кызыккан Касымбек деген оокаттуу айылдашы аны өзүнө "эшик ырчы" же "катчы" кылып алгысы келет. 1905-жылы Касымбек, Калпа деген манаптар сексен жигит ээрчитип, Тогуз-Торого алман алуу үчүн барат. Арасында Байымбет акын да болот. Касымбек эл чакыруу үчүн Байымбет жердешин дайындайт. Ал жаш, курч убагы, "Каба, Тезек, Тагайлар, баарың келгиле" деп айтып, андан ары "мурду жырык Байжаке, карышма жаак Алыке, сары бучук бий Саке" деп ырын тамашага алып кетет. Байларды жана манаптарды мындай кемсинтүү кимге жакмак эле? Ошондо Касымбек атайын аны Бошкой деген ырчысы менен айтыштырат. Байымбетти экинчи ооз ачкыс кылыш үчүн анын ата-тегинин жакырлыгын, өз жеринен тентип кеткенин, атасын эрте жеп алганын айтып кордоп отурат Бошкой. Байымбет бет алдындагы Бошкой ырчыга сылык-сыпаа жооп берип, элдин алкоосун алат. Бошкой ырчы Курткага жана тегерек четке таанылган ырчы эле. Байымбеттин аны менен беттешкени атын кыйла жерге таанытат. Ушул кездеги абалын 1907-жылы "Кабыргама таш батты" деген ат менен ыр кылып жазат да, манаптардын ызы-чуусун, талаш-тартышын карапайым эл тарапта туруп сынга алат, тил азабын тартып, Нарындын аркы жагына Дөрбөлжүн айлына качууга аргасыз болот. Ал жактан да жарытылуу эркиндикке жетише албай, 1915-жылы Тогуз-Торого оойт. Көл-Боор деген айылда, тезек-тагай элинде жашайт. 1916-жылдагы Үркүндө алардын айылы "үркпөй", акын өзү айткандай, Үч-Турпан, Камбылга барбай, кудай колдоп, элинде тынч калат. 1917-жылы Октябрь революциясы жеңип чыгып, Петроградда Кеңеш бийлиги орноп жатканда ал эч нерсе менен иши жок, кыйналып-кысталып Тогуз-Торо аймагында жүргөн эле.
Туулган жерине экинчи жолу кайтып келиши. Тогуз-Тородо жүргөн кезде бул аймактарда большевиктердин бийлигин орнотуу оңойго турган эмес. Күн алыс киши өлүмү, уруш-талаш. Кат билген, калыс адам катары Тоголок Молдо большевиктердин эркиндик тууралуу ойлорун, кедейлерге укук беребиз деген идеясын кубаттаган. Мунусу эски заманды колдоочуларга жаккан эмес, Өзгөн жактан өткөн басмачы-каракчылар 1919-жылы ырчыга кол салууга аракет кылышкан, үйүн чачып, малын талайт, аялын алып кетишет. Карапайым адамдар Тоголок Молдону жашырып калып, качырып, аман сактап калышкан. Бул кабарды акын Ысак Шайбеков угат, ал ошол кезде орус ак сөөктөрүнүн жана кыргыз бай-манаптарынын жаңы бийликке каршы көтөрүлүштөрүн басуучу отрядда кызмат кылып жүргөн болот. Отряд Тоголок Молдонун айылына кирип барат. Ысак акын Тоголок Молдонун кабарын угуп жүргөн экен, өмүр баяндарын окшотуп "менин түгөйүм" дечү экен. Каракчылардын артынан кууп отуруп, бир топ күндөн кийин олжолонгон эки аялды куткарат, бирок кылмышкерлерди кармай албайт. Тоголок Молдо акын Ысак Шайбеков жана анын жигиттери тууралуу уккан экен, экөө жолукканда акындык салт боюнча мындай деп учурашкан: "Ысак молдо курбалым, көрдүңбү душман кылганын, бай-манап ээлеп калбасын, Кеңештин берген жыргалын". Ушуга караганда, Тоголок Молдо Кеңештин жыргалын дароо эле түшүнүп, олку-солку болбой жаңы бийлик тарапта болгон сыяктанат. 1922-жылга чейин Тогуз-Торонун Көк-Ирим деген жеринде турат. Экинчи жолу каракчыларга дагы кабылат. Көбүнчө агартуучулук менен шугулданат, балдарды араб тилине, диний илимге үйрөтөт. Ар кыл курактагы балдар мударистин жылуу сөзүнө, кызыктуу баяндарына ынтаа кылып окушат. 1922-жылы жаз айларында туулган жери Курткага көчүп келет. 1939-жылы Чоң-Арыктагы туугандары аны Куртканын Ак-Талынан Кызыл-Токой деген жерине жайгаштырат. Чоң-Арык колхозуна мүчө болуп жүрөт.
1925-жылы Москвадан чыккан "Насыят" китеби. Кеңеш өкмөтүн жактап, ал өкмөттүн идеяларын мактап "Насыят" ("Кедейлерге насыят"), "Өзгөрүш", "Аткантаң менен Сүйгөнбай", "Аялдардын азаттыгы", "Эркиндик" чыгармаларын жазат. Буларды дүйнөлүк адабияттын теориялык эрежелерине салып "поэма" деп аташат. "Эркин-Тоо" гезити чыкканда (1924-жылы) "Кедейлерге насыят" деген поэмасын редакцияга берген экен, ал баарына жагыптыр, бирок ошол кездеги басма ишинин өнүкпөй жатканы үчүн чыгарманы баса албай калышкан экен. Кыргыз адабиятындагы алгачкы китептердин бири "Насыят", бир гана поэмадан турган чакан китеп 1925-жылы Москвадан СССР элдеринин борбордук басмасынан араб арибинде чыккан. Чыгарма өзү 1922-жылы жазылган. "Калем алам оң колго, кабар берем оң-солго, кара таман кедейлер, жалпы түшкүн оң жолго" деп чакырык менен сөз баштап, кыргыздын карапайым жети муундан турган түшүнүктүү ыр жолдору аркылуу көпчүлүктү өзүнө тартып алат. Анан мурдагы заманда кедейлердин кышында чокою да жок отун алганын, зарланып ыйлап жүргөнүн айтып келип, эми жалпы шаңданып алга чыккыла дейт. Азаттыктан пайдаланып бай-манаптан өчүңдү ал, алты ай байга жалчы болуп жүрүп болгону бир торпок алдың, отун алып, от жагып онтоп жүргөнүн, ойрон болуп кой бакканын, жылкычы болуп бээ бакканын айтат. "Түп киндигиң Маскөөдө, түркүгүң турат Ташкенде, облусуң Жети-Суу, оёзуң турат Нарында" деп бийлик түзүмүн да өзү окумал киши катары туура түшүнгөнүн жана элге түшүндүргөнүн, сабатсыз калкты билим алууга үндөгөнүн көрөбүз. XX кылымдан 20-жылдарынын башында Тоголок Молдонун мындай чыгармаларды жазышы жаш Совет өкмөтү үчүн нан менен суудай керек болчу. "Насыят" китеби XX кылымдан 20-30-жылдары жаңы ачылган мектептердин, сабатсыздыкты жоюу боюнча ликбездердин негизги окуу китебине айланган, кат билгендер аны колдон колго өткөрүп окуса, кат тааныбагандар үзүндүлөрүн жаттап алып жаңы өкмөттүн күжүрмөн туусуна айландырышкан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРТоголок Молдо – адамдардын мүнөзүн, жүрүш-турушун кылдат баамдап, аларды жумшак күлкү менен шылдыңдап жазып, башкаларга таасирин көрсөткөн акын
Великий манасчы и поэт Тоголок Молдо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2025
Тоголок Молдо – адамдардын мүнөзүн, жүрүш-турушун кылдат баамдап, аларды жумшак күлкү менен шылдыңдап жазып, башкаларга таасирин көрсөткөн акын
Акындын кошоктору жана арман ырлары. Ал эл арасында жашаган, күн алыс жамандык-жакшылыктын күбөсү болгон, өзгөчө анын кыздардын эрксиз жашоосу, армандуу тагдыры кайгыга салып, өлүм трагедиясы жанын кейиткен. Өзү да жумшак, боорукер, адамдын көөнүн калтырбаган киши экен. Жамандык болгон жерге барып, кыз-келиндерге, жесир калган зайыптарга кошок жазып берип, азалуу аялзатына айтып, сөздөрүн жаттаткан. Жашыраак кезинде Каптагай деген кишинин кызына кошок жазып берет. Ал кыз кайындап койгон жерине барбай үйүнөн качып чыккан экен. Дагы бир жолу Жаңы-Талап деген айылда кадырлуу Эрмек деген киши каза болот. Ошондо анын кызы Гүландага Байымбет молдоке кошок жазып бериптир. Тоголок Молдонун "Дыйкандын аялынын кошогу", "Устанын аялынын кошогу", "Калмергендин аялынын кошогу", "Гүлойрон", "Маананын кошогу", "Тотунун кошогу", "Сараң кызды бергенде жеңесинин кошогу", "Күлжар" (күйөөсүнүн кошогу), "Кубаттын уулу Кулмырза" (муну кошок мотивинде жазган) кошоктору кыргыз элинин фольклордук мурасын түбөлүккө калтырган жана башка элдерге, тарыхка жеткирген баалуу эмгек болуп саналат. Акын элдик армандарды ("Кыз Кенжекенин арманы", "Чалга берген кыздын арманы", "Кыз Мактымдын арманы", "Жаш балага берген кыздын арманы", "Насыяга кеткен кыздын арманы", "Качкан кыз" ж.б.) кайра иштеп чыккан. Бул армандардын өзүнчө тарыхы, арман кылган адамдын инсандык бейнеси, жеке тагдыры бар. Армандар жана кошоктор – булар тагдыр сыры, адам ички бугун, кайгысын ыр кылып сыртка булкуп чыгаруусу.
Тамсилдери аркылуу адабиятка алып келген жаңылыгы. 1921-1923-жылдары Каюм Мифтаков Нарынга барып, Ак-Талаадан Байымбет Абдрахмановдон бир топ чыгармаларды, алардын ичинде аллегориялык ыр-поэмаларды жана "Каркыра менен түлкү", "Бөрү менен түлкү", "Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы", "Эшек менен булбул", "Иттин доолдай тиктирем дегени", "Уй менен музоосу", "Кожонун аңгемеси", "Төөнүн арызы" деген тамсилдерди жазып келет. Тоголок Молдонун тамсил жанрындагы чыгармалары жарымы фольклор, жарымы Батыш, Чыгыш дүйнөлүк адабияты болуп эки жактан оозанып тургандыгы – улуттук адабияттагы уникалдуулугун кашкайта көрсөтүүчү кайталангыс факт. Ал Эзоптон башталган, Иван Крылов бийик деңгээлге көтөргөн, аларды казак турмушу аркылуу өнүктүргөн Абай Кунанбаевдин тамсилдеринин таасири менен кыргыз тамсилчилигин адабиятка алып келген. Акындын таасирдүү тамсилдеринин бири "Иттин доолдай тиктирем дегени" деп аталат, биринчи жолу 1939-жылы басылган "Балдар жомоктору" деген китепке киргизилген. Мектептин окуу китептеринде туруктуу орун ээлеп, кыргыздардын эчен муунун кышкы суукта үшүп, жайында доолдай чепкен тиктирип албасамбы деп ойлоп, жай келгенде ал сөзүн унутуп калган иттин образы менен тарбиялап келебиз. Азыр да эл арасында жалкоолорго, жан бактыларга, уйкучуларга, куру убадакөйлөргө карата "Тоголок Молдонун итиндей болбой" деген сөз айтылып калат.
Аксакал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2025
Кара жаак атыккан Калмырза ырчы тууралуу 13 факт
"Куштардын аңгемеси", "Жер жана анын балдары". Биринчи чыгармада куштар – бул жаныбарлар эле эмес, жаныбарлардын кейпин кийген адамдар. Алардын ичинде ичип-жегичтер жана карапайым кишилер бар. Акын куштарды экиге бөлөт: бир жагы – суу куштары; экинчи жагы – боз куштар. Бул эки тайпа эчен жыл, эчен кылым бийлик талаш, жайыт талаш, куру намыс талаш менен каршылашып келет. Байлар жана бийликтүүлөр бир жакта турса, карапайым калк экинчи жакта, ортосунда кармаш жүрөт. Куштардын да тиричилигине окшоп адамдардын турмушундагы ат чабышуу, хан шайлоо, бий шайлоо эпизоддору да поэмада паралелль чагылдырылган. Бир жолу булбул безелене сайрап, жалпы боз куштардын арманын ашкере айтат, айтуусуна караганда, боз куштарга суу куштары тынчтык бербейт, бейпил жашоосуна тоскоол болуп келет. Булбул – чындыкты айткан акындын символу. Ал жагалмай, ылаачын, карчыга, үкү, турумтай, кыргый, бүркүт, ителги ж.б. алдуу-күчтүү, курч тырмактуу, жоон буттуу куштардын көрсөткөн жабырын бир-бирден санап келет. Мына ушул күчүнө таянган куштар боз куштарга эркиндик гана эмес, ичерге суу да бербейт, ар кандай коркунуч болгондо суу ичине кирип кетип, ал эми боз куштар сыртта коргоосуз калат. Баарыбыздын улуубуз ушул, ушул калыс кебин айтар деп кузгунга кайрылса, көп жашап, көптү көргөн кузгун "акыл-эси даана экен", "айлачыл болор бала деп", "мурун такыр көрбөпмүн, сулууча келген кара жигит бий болуучу жан экен" деп бирөөнү бий болууга сунуш кылат. Көрсө, ал өз баласы экен. Ошентип акыры куштардын ортосунда чатак чыгат, тагыраагы, боз куштар суу куштарына нараазылык билдирет. Талашты чечүү үчүн жарышмак болот. Эки жактан жарышка чыга тургандар тандалат: боз куштардан Кара боор, ал эми суу куштардан Кыл куйрук. Ортодо калыс Карлыгач деген куш. Дагы эле чындык, адилеттик жок экен, Кыл куйрук атаандашын алдап, аны какыр чөлгө, бут күйгүзгөн кумга айдап иет да, өзү жолдун жакшысын тандайт. Натыйжада суу куштардын Кыл куйругу утуп кетет. Тургандар Кыл куйрукка нараазы болот, наалат айтат. Бирок ал кезде турмуш ушундай экен да, адилеттикти ар дайым кара өзгөйлүк жеңип кетет. Адилеттик үчүн, идея үчүн, чындык үчүн күрөш – "Куштардын аңгемесинин" башкы идеясы, автордун негизги максаты. Автор ошол максатын кайманалаштырып куштардын турмушу, жашоосу аркылуу туюндурат. Бул чыгармасында Тоголок Молдо куштар тууралуу ар тараптуу, кеңири, уникалдуу маалыматка ээ экендигин көрсөтөт. Тоголок Молдонун "Жер жана анын балдары" поэмасы – анын ар тараптуу билимдүү, ошол эле кезде илимий багыттардан да кабары бар экендигин көрсөткөн чыгарма. Автордун чечмелөөсүндө баарынын башаты, баарыдан мурда, баарынын "атасы" – Жер. Ошол Жердин "балдары" бар, алар: жамгыр, суу, шамал, от. Чыгармада автор өз заманында кыргыз акындарынын оюна келбеген жана келбөөчү поэтикалык методологияны: табият көрүнүштөрүнүн дискуссиялуу талаш-тартышын тандап алат. Жалпы аалам Атадан (Жер) жана Балдардан (Жамгыр, Суу, Шамал, От) турат. Кадимки эле үй-бүлө. Үй-бүлөдө бирөө башчы болуп, калгандар анын артынан ээрчийт, мындай болбосо бүлө кыйрайт. Бир туруп эле өз-өзүнчө кайым айтышуу башталып кетет. Ар кимиси жаратылыштагы ордун, пайдасын бир четтен санап айтып отурат. Акын алардын жаратылыштагы касиеттерин эмпирикалык тажрыйбалары жана алган билими аркылуу билгичтик менен берип чыгат. Мисалы, Шамал "мен каарымды төккөндө, булактын баарын муз кылам" деп айтат, "Аба адамга пайдалуу, сактайт жакшы демиңди, эрте-кеч жүрсөң салкындап, көтөрөт сенин көөнүңдү" дейт. От болсо "тоңгондорду эритем, үшүгөндү жылытам, чийки болсо бышырам, бышык болсо күйгүзөм" деп өз касиети тууралуу кеп кылат. Табият көрүнүштөрүнүн биринчиликти талашуусу, өзүнүн гана пайдасы бар экендигин көрсөтүү чыгармадагы жакшы табылга, поэма менен таанышып жаткандар жамгырдын да, суунун да, оттун да, шамалдын да адамдын гана эмес, жан-жаныбардын, өсүмдүктөрдүн жашоосундагы, деги эле ааламдагы пайдасын түшүнөт. Өзгөчө бул талаш балдар үчүн, алардын дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн абдан пайдалуу, Тоголок Молдо жашаган доордо андан бетер. Акын бүтүндөй табият кубулуштарынын уюлуна, борборуна Жерди коюп караганы, ошол Жерде жашаган адамды улуу күч катары көргөнү деп эсептөөгө болот. Талаштын жыйынтыгын "балдардын" "атасы" Жер өзү чыгарат.
Казак адабияты менен байланышы. Байымбет жаш чагында Токмокто жүргөндө эле казактын атактуу акыны Майкөттү көрүп, ырларын уккан, анын адамдын 20 жашынан 100 жашына чейинки курагына мүнөздөмө берген чыгармасын эстеп, "Он беште жарга ойногон улактайсың" деп анын стилине салып, казак сөздөрүн аралаштырып, философиялык маанисин тереңдетип жазып алып, ырдап жүрөт. Майкөттү салдай аппак кийинген, нуска сөздүү, сайрап турган акын катары мүнөздөйт. "Казак акындарына" деген ырында Мовликай, Жусупбек, Чортонбай деген акындардын китептерин окуп жүргөнүн, Сүйүнбайды чоң акын катары билерин, өзүн көрбөсө да Жаныш акындын ырын укканын айтат, Куандыктын куудулдугуна баа берет. Ошол мезгилде Жусупбек Шайкул Исламов бир катар чыгыш элдеринин, анын ичинде түрктөрдүн кыссаларын казакчага которуп китеп кылып чыгарган экен. 1938-жылы "Акын Жамбыл" деген ырын жазат. Жамбыл Жабаев (1846-1945) 90 жылдыгына арнап Алма-Ата шаарында той өткөрүп, ага Тоголок Молдо да чакырылган экен. Жамбыл акындын сыйын көрүп, өзү да куттуктоо сөзүн айткан. Мына ошондогу сүрөт.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСүрөттө: Тоголок Молдо Алма-Атада. Жамбыл Жабаевдин тоюнда. Ары жакта калпакчан турган Шаршен Термечиков сыяктанат. 1939-жыл
МОЛДО ДЖАБАЕВ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2025
Сүрөттө: Тоголок Молдо Алма-Атада. Жамбыл Жабаевдин тоюнда. Ары жакта калпакчан турган Шаршен Термечиков сыяктанат. 1939-жыл
Манас изилдөөчү жана манасчы. Тоголок Молдо "Манас" дастанынан кара сөз менен айтып келип, ыр менен кошуп кетчү экен. Бирок канткен менен ал айтуучу манасчы катары эмес, жазуучу манасчы катары таанылган. Аш-тойлордо, атайын жыйындарда манас айткан эмес сыяктанат. Жаш чагынан эле устатын мактап "Тыныбектин "Манасындай" "Манас" болобу дечү экен. Азыр эң мыкты вариант катары эсептелип жүргөн Сагынбай да манасчылык өнөрүн ушул Тыныбектен үйрөнгөн дешет. Тоголок Молдо 22-23 жашында эле семетейчи деген атак алат. Ошондо Чүй тарапта "Семетейди" айтып да, жазып да жүргөн болуу керек. Тоголок Молдо бизге "Манас" эпосунун "Манастын балалык чагы", "Чоң казат", "Кан казат" ("Кичи казат"), "Манастын ашы" деген бөлүмдөрүн, "Семетейди" башынан аягына чейин, "Сейтектин" азыраак жерин жазып калтырган. Акынды манасчы гана эмес, ошол эле кезде манас изилдөөчү катары да карашыбыз керек. Ал эпос Ырамандын ырчы уулунан тартып ооздон оозго өтүп келгенин айтат да, 31 манасчыны мүнөздөйт. Устат-шакирт катары "Манасты" кимдин кимден үйрөнгөнүн айтат. Жакып деген манасчы Манасты Акылбектен үйрөнгөн дейт, өзү тууралуу "Тыныбектин шакирти, Сагынбайдын шериги" дейт. Тоголок Молдо Жакыптын уулу Манастын түп атасы Түрк деп келип, отуздан ашык аталарын санап айтып берет. "Манас" дээрлик оозеки варианттардын көбүндө 7-8 муундуу ыр саптарынан турса, Тоголок Молдодо мындай бирдейлик дайыма эле сактала бербейт, кээде уйкаштык да, муун саны да бузулат, ыр туруп эле жорго сөзгө өтүп кетет. Бул манасчыдан жазылып калган бөлүмдөрүндө үч жүздөй каармандын аты аталат. Кырк чорону толук жана алардын ар биринин зардалын (жардамчысын, орун басарын, найыбын дейбиз го) эпитеттери менен кошо айтып өтөт, мисалы, Акбайдын зардалы Кара сакал Надырбай, Бөрүнүн зардалы Калк башкарчу Калкаман, Мажиктин зардалы Жортормон Чагатай, Кара Токонун зардалы Кара жаак Калканбай ж.б. Ушул чоролор менен зардалдардын саны сексен болуп кетет, алардын баарынын башчысы Бакай кан. Тоголок Молдонун "Семетейи" Омор Соороновдун божомолунда 1928, 1934, 1936-жылдарда жазылган экен. Айрым жерлери жарыяланган да экен, атүгүл кайсыл жери белгисиз, бир жерлери 1958-жылы чыккан "көк китепке" (бириктирилген вариантка) да кирген. Анан ал "Манас" бөлүмүн 1937-жылы жазыптыр. Эске алсаңыз, "Манастын" айынан Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов сыяктуулардын башына "кара туман" айланган жылдар. Балким ошол окуя таасир эттиби, же башка себеби барбы, айтор, "Манастын" көп бөлүмдөрү кагазга түшүрүлбөй калган. Же 1916-жылы же үйүнө каракчылар киргенде жазып жүргөндөрүнүн ичинен ушул "Манасы" да жоголгон болушу мүмкүн. Тоголок Молдонун мурастарын окуп чыккандардын пикиринде, анын "Семетейи" көркөмдүк жактан Саякбай Каралаевдин вариантына тең келет. Ал жазма манасчы болгондуктан колунда карандаш менен бирге эле өчүргүч да болгон, демек, кайра-кайра окуп, оңдоп турууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Өмүр соңунда ооруп жатканына карабай "Сейтекти" да жаза баштаган экен, бирок жүз беттей гана жазып, ары жагын улай албай калыптыр. Тоголок Молдонун башка чыгармачылыгын айтпаган күндө да анын "Манас" эпосун жазууга, элге таратууга кошкон салымы эң улуу, баа жеткис эмгек болуп саналат.
Агартуучу жана балдар адабиятынын көрүнүктүү өкүлү. Тарыхый маалыматтарда 1914-жылы Куртка айылында Калпа ажы деген манап жаңы усулдагы медресе ачат. Ал жерде Байымбет молдокенин мударис болгону тууралуу так маалымат кездешпейт. Акындын шакирти жана кийин катчысы болуп жүргөн Абдыкалык Чоробаев ошол жерде окуган да, анан Анжиянга медресеге кеткен. Ошол Калпа ажынын медреси жаңы ачылганда отуздай бала болгондугу тууралуу маалыматка караганда, чоң эле окуу мекемеси экен. Тоголок Молдо шакирти Абдыкалык Чоробаев менен кат-айтышында Калпа ажыны жийиркенич менен жазат, анын канкорлугун, жеп-ичкичтигин, Үркүндөн кайтып келген мусапырларга көрсөткөн кордугун айтат. Мына ушуларга караганда, ал Калпа ажы менен мамилелеш болгон эместей... Негизи Курткада Тоголок Молдонун балдарды окуткандагы, анын медресеси болгондугу, ал кийинге чейин эле тургандыгы тууралуу айтылып жүрөт. Тоголок Молдо элге билим берүүнү, эл агартууну баарынан жогору койгон. "Алга, алга!", "Кайдасыңар?", "Окугула!" деген ырлары түздөн-түз окууга, мектепке барууга үгүттөө багытында жазылган. Көпчүлүк чыгармаларын да окуу куралы катары, окуу процессинде пайдалануу үчүн жазган. Агартуу ишине дилгирлик менен киришип, 1921-жылдан Тогуз-Тородо, кийин Курткада мектеп-медресе салдырып, анда өзү бала окуткан. "Телибай тентек", "Кемчонтой", "Жер жана анын балдары", "Чынчыл бала", "Каркыра менен түлкү", "Турумтай", "Жан бакты", "Санат", "Өнөр", "Талым кыз менен Көбөктүн айтышы", "Торпогум", "Иттин доолдай тиктирем дегени" ж.б. чыгармалары балдардын окушуна, жаттап алышына, талкуулашына жана алардын таалим-тарбия алышына ылайыкташкан. Ал медреселердеги тарбиялоонун "Эти – сеники, сөөгү – меники" деген уруп тарбиялоо, куру жаттатуу усулдарына каршы экендиги айрым ырларында айтыла кетет. Акындын "Каак-каак, каргалар", "Үркөр, үркөр топ жылдыз", "Жүгүрүп, жүгүрүп мен таптым", "Кара макмал, жорголо", "Абышка-кемпир көмөчү", "Элкин тоо" ж.б. ырлары азыр да сабак процессинде окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатып, алардын эстетикалык табитин өстүрүүгө, эмоционалдык сезимдерин калыптоого салым кошуп келет. Тоголок Молдо балдардын таанып-билүүчүлүк сапаттарын, жалпы дүйнөнү жана айлана-чөйрөнү аңдап билүүсү үчүн кам көрүп, ошол багытта атайын чыгармаларды жазат. "Эки чилде" деген ырында жай жана кыш мезгили тууралуу баяндайт. Кыш чилдесин мындай бөлүштүрөт: 6 күн кырдач + 6 күн апкыт-сапкыт + 6 күн адынын алты уулу + 7 күн жетинин жети уулу + 15 күн үт. Ушулардын ар биринин климаттык өзгөчөлүктөрү, көчмөн эл этият боло турган эскертүүлөрү бар. "Ала-Тоо" деген ырында кыргыз жергесинин флорасы жана фаунасы тууралуу аябай кеңири маалыматтарды берип, өсүмдүктөрдүн 20, жаныбарлардын 50 түрүн, жер-суунун 50 аталышын атап, сүрөттөйт, адамдарды тымызын ошол жаратылыш байлыктарын сактоого чакырат. Бул өз кезегендеги эң таасирдүү экологиялык тарбия болуп саналат. Анын чыгармалары аркылуу кийинки муун Айган, Токтогул ырчы, Асан кайгы сыяктуу аты уламышка айланган кишилер тууралуу да билдик.
"Телибай тентек" жана "Кемчонтой". Тоголок Молдо – адамдардын мүнөзүн, жүрүш-турушун кылдат баамдап, аларды жумшак күлкү менен шылдыңдап жазып, башкаларга таасирин көрсөткөн акын. "Телибай тентек" жана "Кемчонтой" чыгармаларынын башкы каармандары акын жазып, окуу китептерине киргенден кийин ылакапка айланып кеткен. Азыр дале айрым акылсыз балдарды, улуу адамдарды "телибай тентек", "кемчонтой" деп жемелеп калабыз. Арабызда дале ушундай каармандар басып жүрөт. Телибай да, Кемчонтой да – акыл-эси кем, ойлоосу, эске тутуусу жок бала. Адам касиетине жете элек мал сыяктуу неме. Бул чыгармалар сюжеттүү, ошону үчүн балдардын кабыл алып өздөштүрүүсүнө да ылайык. Автор бул сатиралык образдарды башкаларга сабак болсун деп жараткан. Адамдын башкы байлыгы, башкы касиети, анын башкалардан айырмалап турган белгиси – анын акылы. Эгер акылы жок болсо, адам баары үчүн зыян, атасын да эптеп акыркы сапарга узата албайт, бир ишке жумшаса эптеп аткара албайт. Акылсыздык, кем акылдык сапаттарды көрсөтүү үчүн автор каармандардын жоруктарын күлкүлүү кылып ачып көрсөтүп, образды гиперболизациялайт.
Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун эстелиги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Токтогул Сатылганов тууралуу 19 факт. Изилденип бүтпөй калган акын
Токтогул жана Тоголок Молдо. Байымбет акын Токтогулдун кабарын биринчи жолу Молдобай Чекирекей уулу дегенден угат. Ал Кетмен-Төбөгө барып турган. Ошол кишиден мени таякеме алып бар деп суранат. Таяке дегени Байымбеттин энеси Токтогул Сатылган уулу менен уруулаш (адигиненин сарттар уруусу) экен. 1890-жылы кийин кыргыз адабиятынын классиктери болуп катар айтылып калуучу Тоголок Молдо менен Токтогул Сатылган уулу экөө Кетмен-Төбөдө учурашат. Жашы улуу болсо да Байымбет акын аты чыгып калган Токого учурашуу үчүн атайын аттанып барган. Барса, Токтогул Таласка кеткен экен. Он күндөй анын келишин күтөт. Келгенден кийин Арым деген жерде үч ай чогуу жүрүшөт, ырдоо сырын бирге үйрөнүшөт. Экинчи жолу Тоголок Молдо 1893-жылы Кетмен-Төбөгө барып, экөө дагы бир топ ээрчишип жүрөт. 1898-жылы акын Сибирге айдалганда Тоголок Молдо коштошкону бара албай калат, акындын тагдырына аябай кайгырат. Кийин Токтогул сүргүндөн качып келип, Ош жакта жүрүптүр деп угат. Ал жактан жерине келгенин билип, учурашканы барат. Экөөнүн бул үчүнчү жолугушуусунда Токтогулдун жанында Эшмамбет, Эшенкул, Жаңыбай, Курман, Жолой деген өнөрпоздор отурган делет. Токонун тиши түшүп калган экен, аппак сакалы өзүнө жарашып турат деп сүрөттөйт. Экөө алым-сабак ырдашат. Ошондон кийин экөө жолугушуп, дос, тууган болуп ынтымакта жүрөт.
1939-жылкы Москва декадасында. Кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн биринчи он күндүгү 1936-жылы 26-майда ачылат. Тоголок Молдо чемоданына кагаз-калемин салып, поездге отурат. Кадаңаалы Акун уулу деген эл аспаптар оркестринде оркестрант болуп иштеген 15 жашар баланы "атаңды карай жүр" деп кошуп беришет. Муса Баетов, Молдобасан Мусулманкулов молдокенин жанына улам келип турушат. Касымаалы Жантөшев, Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кубанычбек Маликов кабар алып жүрөт. Он күндүктө Москвада 25 күн болот, зоопарктарды, музейлерди көрөт. Фрунзеге келгенде аларды абдан көп адам музыка, гүл менен тосуп алат. Декаданын жыйынтыгында СССР Жогорку Советинин президиумунун председатели М.И.Калинин аксакал акынга Ардак белгиси орденин тапшырат. Ал окуянын катышуучусу Саякбай Каралаев ошол кезди "декада бүтүп, өкмөт сыйлык бергенде Тоголок Молдокемдин сүйүнгөнүнөн көзүнөн аккан ысык жаш сакал-мурутун аралап, сымаптай мөлтүлдөп куюлуп турганы күнү бүгүнкүдөй эсимде турат" деп сүрөттөйт. М.И.Калинин менен Тоголок Молдонун бири-бирине баш ийкешип, таазим кылып жаткан учуру кинохроникалардын бирине түшүп калган экен, абдан жагымдуу көрүнүш катары улам-улам көрүп коюп жүрөбүз.
Куржундагы "алтындар". Тоголок Молдо кыргыз элдик оозеки мурастарын жыйноо, жазып алып, кайра иштеп чыгып, элге жайылтуу жагынан бир да кыргыз жасабаган ишти жасаган. Өтө көп материал жазып жүргөнү менен азыр колдо болгону толук эмес: биринчиси – 1916-жылдагы Үркүндө жоголду; экинчиси – 1921-1922-жылдарда Тогуз-Торо жакта каракчы-басмачылар үйүнө бастырып кирип келип, мал-мүлкүн, аялын тоноп кеткенде жоголду; үчүнчүсү – көчүп-конуп жүргөндө да кыйласынын дайыны табылбай калды. Кусейин Карасаевдин бир эскерүүсүнө караганда, элдик оозеки чыгармаларды жыйноо боюнча өкмөттөн катуу тапшырма берилип, ал киши 1928-жылы Тоголок Молдону чакыртат. 60тардан ашып калган Молдоке Фрунзеге келип, тапшырманын маңызын түшүнгөн соң Шамшыны ашып барып, беш күндө эле куржундун эки көзүн толтуруп жазгандарын алып келе калыптыр. Мынча көп ишти көргөн Карасаев чоңдоруна сүйлөшүп, 140 сом жаздырып банктан алып берсе уялып, кыйылып, албай кыйнаптыр. Ошондон кийин фольклорду жыйноо ишине демдүү киришет. Кийин 1928-1941-жылдары элден жазып алган фольклордук чыгармаларды, элдик салттар тууралуу этнографиялык материалдарды, санжыра-тарых баяндарын алып келип Фрунзедеги Эл агартуу комиссариатынын Илим-изилдөө институтуна өткөрүп берген. Алардын баары 197 басма табактай (болжолу 500 бетке чамалуу) баалуу материал болуп, ошолордун баарын өз колу менен араб арибинде жазып чыккан. Алар: кошоктор, армандар, ырлар, поэмалар, жомоктор, уламыштар, санжыралар, "Жаңыл Мырза", "Шырдакбек", "Эр Эшим", "Мендирман", "Тайлак баатыр" дастандары ж.б. "Жаңыл Мырза" эпосунун өздүк вариантын жарата алган. Эң бир көлөмдүү эмгеги – "Манас" үчилтиги. Анын жазган 98 703 сап "Манасы" Кыргыз илимдер академиясынын Кол жазмалар корунда сакталып туруп, 2013-жылы гана Омор Соороновдун редакциялоосунда жарыкка чыкты. Ал эми 44 873 саптан турган "Семетей" бөлүмү мыкты варианттардын бири деп эсептелет. Кол жазмалары: "Кыргыз тарыхы" (48 бет), "Кыргыз тарыхына байланыштуу уламалар" (42 бет), "Тарых, түпкү аталар" (29 бет), "Уруунун бөлүнүштөрү" (952 бет). Биз үчүн тарыхыбызды тактоодо өтө маанилүү болгон "Айгандын баласы өлгөндө Кетбуканын угузганы", "Айгандын жообу", "Токтогулдун Жаныбек ханды табалап ырдаганы" дегендей чыгармаларды жазып берген.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРСүрөттө: Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Абдыкалык Чоробаев
Великий манасчы и поэт Тоголок Молдо  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2025
Сүрөттө: Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Абдыкалык Чоробаев
Кыргыз элинин көпчүлүк массасы сабаты ачыла элек болуп, партия менен өкмөттүн негизги күч-аракети элди кат таанытууга, китеп окууга үйрөтүүгө жумшалып жаткан, окуу китептери эми-эми жазылып, басмалар түзүлө баштаган шартта чүкөдөй абышканын куржун толо көтөрүп келген бул байлыгы келечек муун үчүн, улуттук маданияттын тарыхы үчүн баа жеткис болчу. Ал элдик чыгармаларды жакшынакай кылып иштеп чыгып, кайра элге сунуштаган. "Каркыра менен түлкү", "Жер жана анын балдары", "Талым кыз менен Көбөктүн айтышы", "Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу", "Абышка-кемпирдин көмөчү", "Жети таз менен жеке таз", "Бабырган", "Чынтаз" ж.б. ушул багыттагы чыгармалары бизге акындын фольклордук стилди профессионалдык адабияттын талаптары менен интерпретациялоосу аркылуу жетти. Бул байлыктарга кызыгып, Кыргыз мамлекеттик басмасы 1939-жылы анын "Балдар жомоктору" (96 бет), "Жер жана анын балдары" (12 бет) деген эки китебин чыгарып, жаш окурмандарды жана жалпы эле балдарды аябай кубандырат. Ушул китептер дароо эле мектептерге тарап, балдар анын үзүндүлөрүн жаттап айтып жүрүштү. 1940-жылы Нарын облустук аткаруу комитети Абдыкалык Чоробаев деген абдан билимдүү, акын кишини Тоголок Молдого катчы (жардамчы) кылып бекитип, 125 сом маяна чегерип берет. Ал молдокенин айылдашы, 1914-жылы Анжиянда медреседе окуп, чагатай, түрк, өзбек, араб, фарс тилдерин билген, 1920-жылы Ташкенттен мугалимдердин кыска (6 айлык) курсун да бүтүрүп келип, мугалим болуп иштеген. Бул киши Тоголок Молдонун көзүнүн тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да мурастарын түбөлүккө калтырууга чоң салым кошту. Тоголок Молдо фольклор жыйнаган, аларды иштеп чыккан, ошол эле кезде фольклордун жанрдык-стилдик белгилерин сактап чыгармачылык менен өркүндөтө алган. Элдик оозеки чыгармалар ошол бойдон калбай, Тоголок Молдо иштеп чыкканда акын тарабынан кынапталып, шөкөттөлүп турганын дароо эле таанууга болот.
Абдыкалык Чоробаев менен 90 суроо. Тоголок Молдонун айтыштарын, жалпы эле чыгармачылыгын изилдегендер анын Абдыкалык Чоробаев менен бирге жазган "90 суроо" деген айтышы тууралуу көп кеп кылышпайт. Бул эки акындын комузун колго алып, бетме-бет туруп алып, бири-бирин улай же бирине-бири каршы айткан салттуу айтыш эмес. Азыркынын тили менен айтканда, аралыктан туруп онлайн-айтышуу, кат-айтыш. Абдыкалык 1896-жылы туулган болсо, 14 жашында Байымбет акын менен ээрчишкенин айтат. Демек, 1910-жылдар болот. Анан 1935-жылдардан акындын көзү өткөнгө чейин Абдыкалык Чоробаев Тоголок Молдого жардамчы-катчы болуп жүрөт. Кээде экөө бир жүрсө, кээде экөө эки жакта калат. Мына ошол жылдарда ыр менен кат жазышчу экен. Абдыкалык ыр менен суроо жазат, Молдоке ыр менен жооп жазат. Мына ошол суроо-жооптор эки адамдын тагдыры эле эмес, эл тагдыры. Суроолорго жооп берип жатып Тоголок Молдо Кокон хандыгы, Маделикан, Малакан, Шералы, Кудаяр хан тууралуу, алардын Нарын жергесинде жүргүзгөн саясаты тууралуу айтат. Булардан акындын аябай билимдүүлүгүн, аналитикалык ой чабыты, саясий кругозору кенен экенин көрөбүз. Кудаяр хандын кыздар менен көңүл ачып кетип элди карабай койгонун, динден чыкканын сындайт. Эгинден олпоң кап деп, кыраж деп 40-50 кой, күлүк ат, алгыр куш, кыз, үшүр дегендей алымдарды, зекеттерди алганын айтат. Дунгандардын кыргыз жерине келиш тарыхын баяндайт. Орустар соко, чөп чабуучу машина алып келгенин, окууга маани бергенин айтып, аларды мактайт. Уруулук кагылыштарды, болуш талаштарды жана алардын себептерин тереңден ачып берет. Ленинди, Сталинди, партияны, советтерди, шайлоону даңктаган жери бар. Тоо, жер, эл жөнүндө айтат, Нарын дарыясынын башы Тоожүкөнүн бели, аягы Аралский көлү дегендей таанытуучу саптары кездешет.
80 жылдык той. Советтик Кыргызстандын маданий турмушундагы эсте калган күндөрдүн бири – 1940-жылдын июнь айындагы Тоголок Молдонун 80 жылдык тою. Той дейбизби, салтанаттуу юбилей дейбизби, иши кылып кыргыз элинин улуу адамга чоң сыйы гана эмес, чыгармачыл адамды урматтоо, улуттук маданиятты даңктоо иш-чаралары өттү. Тянь-Шань облусунун борбору Нарын шаарына эл жык-жыйма толду. Жакынкы айылдардан атчан, жөө адамдар келди. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы А.Толубаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, акынга Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасын тапшырат. Бул ошол кезде абдан эле кыдырлуу сыйлык болуп эсептелген. Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунан өкүл болуп Түгөлбай Сыдыкбеков, Кубанычбек Маликов жана адабиятчы Тазабек Саманчин катышып, сөз сүйлөшөт. Саманчин бир күн мурда борбордук гезиттерге "Акындын өмүрү" деген макаласын жарыялаган. Аксакал акындардан Калык Акиев, Молдобасан Мусулманкулов катышты. Кыргыз ССРинин Композиторлор союзунан төрагасы Г.В.Фере сөз алып, "Ардактуу көпчүлүк элдин сүйгөн улуу акыны Тоголок Молдо агай" деп кыпкыргызча кеп баштаганда залдагылар дүркүрөтө кол чабышат. Владимир Георгиевич 1937-1938-жылдарда "Алтын кыз", "Ажал ордуна" музыкалык драмаларын, 1939-жылы "Айчүрөк" операсын өнөктөштүктө жазышып, алары Москвада чоң ийгилик менен коюлуп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп турган кез. Залдагы эки жүздөй киши, орун тийбей туруп тургандар да композитордун сөзүнө кайра-кайра кол чабышат. Тойдун уландасы кийинки күндөрдө Нарында гана эмес, Дөрбөлжүндө, Курткада улантылган.
Токтогул Сатылганов менен Александр Затаевичтин скульптурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Кыргыздар кыр көрсөтүп, казактар баалап. Музыка жыйноочу Затаевич жөнүндө 9 факт
Тоголок Молдонун мүнөзү, жүрүш-турушу. Байымбет молдоке көп нерсеге көзү жеткен, акылман, сылык, жетимдерге карамдуу болгон. Күн болсун, түн болсун, көп жазчу, чырактын жарыгында сааттап отурган. Атүгүл 1939-жылы Москвада декадага бара жатканда да чемоданына толтуруп кагаз, сыя, сыя челек, калем сап, дептер салып, калемин учтап барып келгенче поездде да, мейманканада да жазып жүрүптүр. Айылда болсо жазгандарын "окуп бериңиз" деп келгендерге жагымдуу, коңур үнү менен окуп берип, башкалар кандай кабыл алып жатканын астыртан байкап турчу экен. Өзүнүн жазган ырларынын көбүн жатка билчү, кээде жамактатып, кээде төгүп да ырдап ийчү. Айылдагылар Тоголок Молдо деп айткандан айбыгып, молдоке, Байымбет молдоке деше турган. Кимдир бирөө кат жаза турган болсо "молдоке, кат жазып бериңизчи" деп келсе, "жок" деп айтпайт, катты кимге жаза турганын, аты-жөнүн сурап алып, калганын өзү жаза берчү экен. Сезимтал, айттырбай билген зээндүү, маданияттуу киши болуптур. Чүкөдөй, тоголок, суйдаң сакал болгону менен денеси чың экен. Кыдыгый бойлуу, шашылбаган, тарых менен санжыраны эрикпей бир баштан айткан, терең ойлуу, кырдаалга карата куудулданып да койгон. Арабча жазганы өтө сулуу болгон. Арак-бозо дегендерди жанына жакын жолотпогон пакиза киши экен. Куштай сергек, өз боюна тыкан, куйма кулак, феноменалдык эс тутумга ээ, кутудай киши эле дешет жакшы билгендер. Айылдаштарынын эсинде чүкөдөй абышканын качан болбосун жазып отурган, түнү чырагы өчпөгөн, жазган кагаздарын таар куржунга салып алып Фрунзеге бара жаткан, жупуну жашоо кечирген эмгекчил, тырышчаак адамдын элеси калыптыр. Манас айтса да, ырларын айтса да сөздөрү түшүнүктүү, дилге сиңе тургандай болгон. Атактуу адамдар, акындын замандаштары Тоголок Молдо тууралуу: "сыйда сакал-муруту буурул тарткан, кара сур, орто бойлуу, көздөрү чанагына тереңирээк кирген", "абдан кичи пейил, сөздөрү ары сылык, ары жылуу, адамдын ичи-койнуна кирген, эрксизден адамды өзүнө тартып алгыч киши" (Саякбай Каралаевдин аны 1936-жылы биринчи көргөндө мүнөздөгөнү); "... майда-барат пайдага көз артпаган, ички маданияты жогору" (Кусейин Карасаев); "...чоң кара тебетейчен, жупуну кийинген сакадай чал", "жумшак, кебездей кол", "ашкере токтоо, көп сүйлөбөгөн, сүйлөсө баптап туруп бир айткан, бирөөнү өмүрү какпаган, наалат айтпаган жана ар кимге жасаган кичик мамилесинен улам адамгерчиликтин улуу сапаты жаткан киши" (Алымкул Үсөнбаев); "жетим кулундун жем баштыгындай болгон жумурдай молдом", "улак текедей болгон байкушум" (Куйручук); "орто бойлуудан саал төмөнүрөөк, сөздөрү татынакай, жылдыздуу киши" (Аалы Токомбаев); "өткүр көздөрү шамдай жанып турган, нурдуу, жагымдуу", "...көп билген, терең түшүнгөн, байкагыч, ким менен болбосун сүйлөшө билген, сылык, өтө сыпаа, өз доорунун жогорку маданияттуу кишиси болчу" (Темиркул Үмөталиев) ж.б. деп жазышкан.
Молдокенин азасы жана даңазаланышы. Тоголок Молдо 80 жаштан ашып калса да, ооруп такыр жатып калбады, качан болбосун жардамчысы Абдыкалык Чоробаев менен бир нерселерди жазып отурду. Улуу Ата Мекендик согуш темасында 1941-жылы "Армияга арнайлы", "Биз даярбыз", "Жетишкенбиз, жеңебиз", "Өскөн чак, кайраттуу күн" деген жаштарды мекенчилдикке үндөгөн, элдин рухун көтөргөн ырларын жазды. Уруш аябай күчөп, советтик аскерлер чегинип аткан 1942-жылдын 7-январында Кыргызстан КП БК, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиуму, Эл комиссарлар совети Тоголок Молдонун өлүмү тууралуу аза катын жарыялады. Абдан суук. Чилде эле. Аны да пантүркчү, панисламчы деп айыптаган күндөр болуптур. "Молдо" дегендин өзү анын ишин бир кыйла аксаткандай. Абдан диний мааниси терең, пайгамбарларды, кудай тааланы насааттаган, ичинде Алла, ажы, намаз, бейиш, тозок, куран ж.б. советтик доор үчүн коркунучтуу сөздөрү бар "Адамзат" деген ыры, "заманачылардын" ырларына идеялаш 1903-жылы жазган "Зар заман" деген ырлары өз кезегинде жарыяланбай калган, ырларынан түркчүл, исламчыл идеяларды чагылдырган саптарды басмадагылар "жулуп" ыргыткан. Бир нече аялынан тогуз перзенти болуп, инисинин да төрт баласын тарбиялап алган болсо да, учугу уланбай калды. Тоголок Молдо тууралуу Жалил Сыдыков "Боз торгой" деген тарыхый-өмүр баяндык драмасын, Шүкүрбек Бейшеналиев "Болот калем" деген эки китептен турган романын жазган. Азыр анын ысымын Бишкектеги бир көчө, акындын айкели орнотулган сейил бак жана бир катар райондордогу мектептер, Тогуз-Торо районунун айылы алып жүрөт. Улуттук Жазуучулар союзунун балдар адабияты боюнча сыйлыгы да Тоголок Молдо атында.
Араб жазуулары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2023
Молдо Нияз кыргызда өз колу менен китеп жазып калтырган жалгыз инсан. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0