Мектеп уюштуруп, 12 жетимди асыраган. Кара жаак Калык Акиев тууралуу 13 факт

© Sputnik / Э.МамадалиевКомузчу. Иллюстративдик сүрөт
Комузчу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Комузчу. Иллюстративдик сүрөт
Жазылуу
Бу саам Токтогул, Бекназар, Эсенаман, Эшмамбет, Жаңыбайдан таалим алган, Аксы тараптан Жеңижок, Ныязаалыны көрүп өскөн, Эшманбеттин үнүнүн тембрине, төгүп ырдашына суктанган, калка арасында кара жаак атанган Калык Акиев тууралуу баян этмекчибиз.
Туулган жери. Калык Акиев 1883-жылы Тянь-Шань волостунун Жумгал уездине караган Кулжыгач айылында (Жумгалдын Түгөл-Сайындагы Кара-Ой кыштагы) туулган. Атасы Акы бир чети жан багуу үчүн, экинчи жагы Байгазак деген болуштун кунуна жыгылган үчүн аңчылыкка чыккан, устачылык кылган. Апасы Зулайка да оор күндөрдү көргөн. Бүлө жан айласы кылып Тогуз-Торо жакка ооп, эптеп күн өткөрөт. Боз үйдүн кереге, уук, түндүк, каалгаларын жасап, аларды данга, майга алмаштырган. Он беш күн жол басып, тыңыраак оокат кыла турган жер издеп Кетмен-Төбөнүн Ничке-Сай деген айлына келет. Ал жерде кандай жашаганын Калык "Жер кепеде өткөн күн" деген ырында чагылдырган. Жети жашынан козу багып, тогуз жашынан он бир жашына чейин Төрөкелди деген манаптын Керооз деген атактуу күлүгүнө чабандестик кылат. Ошол эле мезгилде тирикараак бала дастандарды жаттап айтып, комуз чертип, төгүп ырдап элге-журтка тааныла баштайт.
Ырчы катары Кетмен-Төбөдөн көп нерселерди үйрөнөт. Бул өрөөндө атактуу акын Токтогул, Бекназар, Эсенаман, Эшмамбет, Жаңыбай жашаган, Аксы тараптан Жеңижок, Ныязаалы келип турган. Эшманбеттин үнүнүн тембри, төгүп ырдашы Калыкты өзгөчө суктанткан. Он үч жашка келгенде апасы каза болуп, атасы үй бетин көрбөй устачылыкка чыгып кетип, үч жашар бөбөгү жана дагы бир тууганы менен калат. Ошондо ышкы ойгонуп Бектурган инисин кучактап арман ырларын созот. Ушул кезде ал Каратал деген байга жалданып иштеп жүргөн. Он төрткө жашы келгенде анын ырдап жүргөнүн баамдап калган Төрөкелди өзүнүн тууганы Чоробай деген ажы киши каза болгондо аны мактатып ырдатат. Калык ошондо манап каалагандай төгүп берген болуу керек, ага кунан мингизип, сый көрсөтөт. Ошентип, алгачкы гонорарын алат.
Токтогулга шакирт болгон. Калык Кетмен-Төбөдө биринчи мертебе, болжолу, 14 жашында, 1897-жылы Жумаалы дегендин үйүндө Токтогул Сатылган уулун көрөт. Акындардын салты боюнча Калык улуу акынга ыр менен саламдашып учурушат. Токтогул эртеси келүүсүн суранат, кийинки келгенде Токтогул өзүнүн кийип жүргөн чапанын чечип берет. Ошондон тарта кези келгенде эки залкар бири-бирин ээрчип ыр ырдап, күү чертип, дастан айтып жүрөт. Экөөнүн бирге айтышып ырдашкан "Учурашуу", "Кармышактыкындагы ыр", "Анжиян тарабында", Токтогул Наманган түрмөсүндө чыккандагы "Саламдашуу" деген ырлары кийин Калыктан жазып алынган. Анын айтып берип жаздырган Токтогулдун ырлары 1938-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Токтогул Сатылгановдун мурастарын толуктоодо анын шакирти катары Калык Акиев чоң эмгек сиңирген. Музыка таануучу Виктор Виноградов улуу акын Токтогулдун мурастарын жаза баштаган 1939-жылдарда төрт айтым ырын жана төрт күүсүн жаздырат, анын бул тараптагы талантын музыка таануучу өтө жогору баалайт. Ошондо Виктор Сергеевич Калык Акиев аткарган Токтогул Сатылгановдун "Токтогулдун ботою" деген күүсүн жазып алып, грампластинкага чыгарган. Калык Акиев 1948-жылы "Токтогулга эстелик", 1949-жылы "Токтогулга" деген чыгармаларын жаратат.
Блокнотко жазуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Жалгыз роман жана агартуучулук эмгек. Узакбай Абдукаимов жөнүндө 10 факт
Кеңештер бийлигинин жарчысы катары таанылган. Калык Акиев 1919-жылы Верный (азыркы Алматы) шаарында болуп өткөн Жети-Суу облусунун элдеринин биринчи курултайына делегат болуп шайланып, ага катышып, куттуктоо ырын ырдап келет. Аны менен дагы бир акын Ысак Шайбеков жана кийин атактуу драматург болгон Токтоболот Абдумомуновдун атасы катышкан. Ошол эле шаарда 1923-жылы "Союз кошчу" кедей-дыйкан уюмунун майрамында жарчылык милдет аткарып, ырдап турат.
Алгачкы мектептердин бирин ачкан. Верныйдан келгенден кийин абдан көзү ачылган, жердештерине "Окууга бер балаңды, бөлөктөн Кабак караңгы" деп кайрылып, мал-оокатын сатып, мугалимге маяна төлөп, мектеп куруп, бала окуткан. Нарындагы бул алгачкы мектептин имараты 1985-жылга чейин эле бузулбай турду. Жетимдердин башын сылаган Калык акын жетим балдарды көрсө эле ээрчитип, үйүнө алып келе берген. Ошентип ал 12 жетим баланы багып, чоңойтуп, окутуп, үй-жайлуу кылыптыр. Кат-сабатын жоюп, ырларын жазып берген да ушул акын болгон. Жашы кырктан өтүп калганга карабай адегенде араб, анан латын арибин үйрөнүп, 30-жылдардан кийин жазма акын катары да өзү жазып, ыр китептерин чыгарган.
Ондогон шакирттерди тарбиялаган. Бири Осмонкул Бөлөбалаев эле. Аны агасы Сүйүнбай ажы ырдатпай, элге кошпой коёт. Ошондо, болжолу 1920-жылдары, Калык ажынын айылына барып, кадыр-баркына жана бал тилине салып, Осмонкулду ээрчитип келет, ошону үчүн ал "Калык – буура, мен – тайлак, качып турам жалтайлап, каарына калганда, Какем жутуп коёт бир чайнап" деп ырдап жатпайбы. Ага чейин ал, болжолу 1910-жылдарда, Сарыкунан (Сагынбек Дыйканбаев) деген ырчыны да алып келип, үйүндө жүргөн кочкорлук Кемел (Каракунан) деген ырчыга кошот. Кийин совет учурунда Жаңы-Жолдун Тегене айлына барып, клуб башчы болуп жүргөн Токтосун Тыныбековду таап келип, артисттерге кошкон. Ушинтип Токтонаалы Шабданбаевди да ээрчитип, Муратбек Рыскуловду да Жумгалдан алып келип, театрга ишке киргизет. Ал таланттарды таап, көзүн ачып, байгеге салгандан чоң ырахат тапкан. Шакирттеринин арасында жогорудагылардан тышкары Алымкул Үсөнбаевдин, Абдырашит Бердибаевдин, Ашыраалы Айталиевдин, Эстебес Турсуналиевдин ысымдары да аталат.
Эл артисти болгон. Калык Акиев 1926-жылы Фрунзеде жаңы ачылган Улуттук театрга артист болуп кирет, 1936-жылы башка бир топ өнөрпоздор менен Кыргыз музыкалык драма театрынан кайрадан жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулат. Петр Шубин башкарган эл аспаптар оркестринде жеке өзү күү черткен, айтышка түшкөн. 1936-жылы Москва шаарында өткөн элдик таланттардын бүткүл союздук олимпиадасына, 1939-жылы ошол эле шаардагы кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн биринчи декадасына катышкан. Ал жактан "Москва жөнүндө ыр", "Москва шаарына таң калдым" деген чыгармаларын жаратып келет. Ага 1939-жылы "Кыргыз ССРинин эл артисти" деген ардактуу наам ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факт
Элдик дастандарды бизге жеткирген. Калык Акиев "Курманбек", "Жаныш-Байыш", "Карач дөө", "Ак Мөөр", "Карагул ботом" сыяктуу элдик дастандарды, "Ач карышкыр", "Өлбөс баатыр" деген жомокторду, "Залзала", "Үркүн", "Бир асыл", "Болот менен Тынар" сыяктуу поэмаларды комуздун коштоосунда, ар бирин өз обону, ыргагы менен чебер аткарган. Тилекке каршы, акындын өзү аткарып жатканы тасмаларга жазылып калбаптыр. Жакшы жери "Калыктын ырлары" деген аталыш менен 1936-жылы биринчи китеби басылып, анын айтуусундагы "Курманбек" эпосу 1938-жылы Казандан, "Жаныш-Байыш" эпосу 1939-жылы Фрунзеден китеп болуп жарыяланып, ошол кезде окурмандар аябай кадырлап окуган чыгармаларга айланган.
Айтыш өнөрүнүн ашкере чебери. Алгачкы айтыштарынын бири катары анын Эшмамбет менен айтышын белгилөөгө болот. 1904-жылы Каратал менен Байгазы – экөө болуштукка талапкерлигин коюп, элди алуу максатында Талканбай деген кишинин ашында атагы таш жарып турган таанымал ырчы Эшмамбет Байгазы тарап болуп, жаш Калык Каратал тарап болуп, кордоо айтышын айтып, өз талапкерлерин мактайт. Мына ушунда Калык эл көзүнө жакшы көрүнүп, "кара жаак" аталат. 1923-жылы Верныйда "Союз кошчу" кедей-дыйкан уюмунун той-майрамында казактын Кенен (Азербаев) акыны менен айтышат. Айтыш өнөрүнүн чебери Жеңижок, Токтогул, Калмырза, Эшмамбет, Айдаралы, Балкы кыз менен, совет учурунда Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл менен, казактардан Үмөталы, Жамбыл, Кенен ж.б. акындар менен айтыш өнөрүндө өз күчүн сынап көрөт.
"Күлүсүн" поэмасы. Советтик учурда окуу китептерине кирип, көптөгөн окурмандарды тарбиялаган бул поэмада Жыргалбай деген байда "Какбаш чал урат тебелеп, катыны турат жемелеп, какшык угуп, камчы жеп, кандуу жаш агат себелеп" деп күйүттө, күң ордуна жүргөн Күлүсүн деген кызды жаңы өкмөт жана партия эркиндикке чыгарып, азаттыкка жеткиргендиги тууралуу миңдеген кыргыз кыз-келиндеринин тагдыры берилген.
"Баскан жол" мемуары. Акын кара сөз түрүндө, өз колу менен жазып чыккан чыгармасы "Баскан жол" деген мемуардык баяны. Чыгармасынын жаралыш тарыхы туурасында автор өзү: "Бул өмүр баяным башыбыздан кандай күндөр өткөнүнөн, эмне турмушту көргөндүгүбүздөн, толгон окуялардын күбөсү болгондугубуздан кыскача гана түшүнүк берип, 1927-1928-жылдардан баштап кагаз бетине түшүрүлдү", — деп эскерет. Чыгарма 1951-жылы жазылып бүтөт. Демек, бул чыгармасын акын чейрек кылым убакыт бою жадабай иштеп, изденип, анан соңуна чыгарган. 1964-жылы жарыяланат. Акиевдин "Баскан жол" автобиографиялык мемуары бардык ырчы, жомокчу, комузчуларга тиешелүү болгон турмуштук ачуу чындык туура чагылдырылганы жана көзү менен көргөн көптөгөн ырчылардын ички дүйнөсү, сырткы турпаты, кулк-мүнөзү, өнөр таржымалы туурасындагы оюн эң адилеттүү айткандыгы менен кыргыздын XVII-XIX кылымдардан өзүнө чейинки өнөрпоздоруна дээрлик тиешелүү, болгондо да ошол доордогу ырчылардын күчтүү өкүлүнүн бири тарабынан жазылып калган өтө баалуу документалдуу эмгек. "Баскан жолду" окуп биз Кулуке, Жеңижок, Жаңыбай, Жолой, Эшмамбет өңдөнгөн ондогон ырчылардын ырчылыгынан сырткары бизге белгисиз адамдык сапаттары жана өзү туурасындагы көптөгөн маалыматтарды алабыз. Борбордук орунду Токтогул, Жеңижок сыяктуу таланттар тууралуу таржымалдар ээлейт.
Мужчина который пишет на блокноте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Кыргыз тамсилчилеринин көч башында. Мухтар Борбугулов тууралуу 10 факты
Обондору жана анын ырларын аткаруучулары. "Акишимин", "Татына" деген обондуу ырлары бар. "Акишиминди" Эстебес Турсуналиев ырдап жүргөн. Ошондой эле ал ырдаган "Бүркүтчү Мамыр", "Андалек" деген чыгармалар да Акиевдики. Артисттер эл аралап гастролго чыккан кезде Калык Акиев отура калып ыр жазып жиберсе, Жумамүдүн Шералиев, кээде Бектемир Эгинчиев аларга обон чыгара салчу экен. Анын "Курманбек" дастанын куду өзүндөй кылып Сарыкунан аткарып, угармандарга тартуулаган. "Татына" деген ырды бир кезде Ысмайыл Борончиев, Абдрашит Бердибаев, Эстебес Турсуналиев аткарып жүргөн.
Жүрүм-туруму, башка өнөрлөрү. Калык Акиев жанда жок боорукер адам болгон. Келини Магрифа Рахимованын айтуусуна караганда, өтүк ултарып, машина тиккен, чөптөрдөн дары жасап, табыптык кылчу, сынган жерлерге шакшак коюп берчү экен, ушинтип шакшак коюп залкар комузчу Карамолдо Орозовдун сынган бутун айыктырыптыр. Элпек, шамдагай киши болгон. Кайталангыс эс-тутумга ээ эле. Чоң комузчу, музыкалык табити күчтүү адам катары өз мезгилинин озгун таланты болгон. Комузчу гана эмес, кыл кыякта да, ооз комузда да ойной билген. "Ат үстүнөн Калыкка ырчы жеткен эмес. Ал төрт көпүрөнү катар аттаган тулпарлардай эле" деп баалаган улуу манасчы Саякбай Каралаев. Калык Акиев төкмөлөр менен гана эмес, 30-50-жылдарда жашаган жазма профессионал адабияттын, көркөм өнөрдүн башка түрлөрүнүн, илимдин өкүлдөрү менен да жакшы мамиледе болуп, ысык ымала түзүп турган.
Балдары. Калык Акиев тамагы ооруп, үнүн жоготуп алат, айылда жашап көрөт, жакшы боло албайт, узакка ооруп, бирок жазганын токтотпой жүрүп, 1953-жылы 3-ноябрда Бишкек шаарында каза болгон. Анын балдарынын ичинен Салмоорбек Акиев (1924) Ленинграддан хореографиялык окуу жайын бүтүрөт. Бир аз жыл опера жана балет театрында солист болуп жүрүп, комсомолдук, партиялык жооптуу кызматтарда иштеп, Фрунзе шаарынын Биринчи май райкомунун биринчи катчысы, 1980-86-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин Москвадагы СССР Министрлер Советинин алдындагы туруктуу өкүлү болуп иштеген. Анын жубайы Магрифа Рахимова педагогика илимдеринин доктору, профессор. Алардын кызы Гүлдана Акиева да педагогика илимдеринин доктору, профессор. Калык Акиевдин аты Фрунзе (Бишкек) шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине берилген. Ошол көчөнүн Чүй проспектиси менен кесилишкен жерине 2011-жылдын 23-сентябрында акындын чоң айкели орнотулган.
Белгилүү прозаик, сатирик, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Кыргыз адабиятына жан үрөп иштесе да бааланбай келет. Касым Каимов жөнүндө 11 факт
Акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Чекисттерди четинен жумшарткан. Аман Токтогулов тууралуу кызыктуу 11 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0