Жаштар дүйнөсү: 10 миң кишини чогулткан Екатеринбургдагы фестивалдан ирмемдер
Жаштар дүйнөсү: 10 миң кишини чогулткан Екатеринбургдагы фестивалдан ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Екатеринбургда Жаштардын эл аралык фестивалы өтүп жатат. Иш-чарадагы маанай кандай экенин Sputnik даярдаган сүрөт баяндан көрүүгө болот. 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
Жаштар фестивалы 11-17-сентябрь күндөрү 191 өлкөдөн келген он миңдей кишинин катышуусунда өтүүдө. Дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган жаштар илимий жана технологиялык жетишкендиктер менен таанышып, ар кыл элдин маданиятын көрүп жатышат. Эл аралык иш-чарага Кыргызстандан да делегация барган, ал эми фестивалдын дирекциясы кыргызстандык жаштар менен биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү ниетин билдирди. Россотрудничество биринчи жолу "Россия сени менен" деп аталган стендин эл назарына тартуулады. Аянтчада чет элдик жана россиялык жаштар демилгелерин сунуштай алышат, ал эми уюм мыктыларын иш жүзүнө ашырууга жардам бермекчи. Фестивалда "Эс тутум апааты: XXI кылымдагы неонацизм" аталышындагы көргөзмө уюштурулган. Ал англис, немец, француз, испан, араб жана кытай тилдерине которулуп, жаштарга тынч жаткан элге каршы жасалган аскердик кылмыштар тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Екатеринбургда Жаштардын эл аралык фестивалы өтүп жатат. Иш-чарадагы маанай кандай экенин Sputnik даярдаган сүрөт баяндан көрүүгө болот.
Жаштар фестивалы 11-17-сентябрь күндөрү 191 өлкөдөн келген он миңдей кишинин катышуусунда өтүүдө. Дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган жаштар илимий жана технологиялык жетишкендиктер менен таанышып, ар кыл элдин маданиятын көрүп жатышат.
Эл аралык иш-чарага Кыргызстандан да делегация барган, ал эми фестивалдын дирекциясы кыргызстандык жаштар менен биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү ниетин билдирди.
Россотрудничество биринчи жолу "Россия сени менен" деп аталган стендин эл назарына тартуулады. Аянтчада чет элдик жана россиялык жаштар демилгелерин сунуштай алышат, ал эми уюм мыктыларын иш жүзүнө ашырууга жардам бермекчи.
Фестивалда "Эс тутум апааты: XXI кылымдагы неонацизм" аталышындагы көргөзмө уюштурулган. Ал англис, немец, француз, испан, араб жана кытай тилдерине которулуп, жаштарга тынч жаткан элге каршы жасалган аскердик кылмыштар тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.